Укук тартиби

Июль 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
09/04 19:15
 

Ленин райондук салык органынын кызматкери пара алууга шектелип кармалды

Бишкек, 9-апрель /Кабар/. Бишкек ШИИББнин 5-башкы башкармалыгынын кызматкерлери жеке ишкер А.Кылычтын ишканасын текшерүү учурунда аныкталган эреже бузууларын жабуу жана мындан ары калкалап жүрүүнү убада кылып, 3500 сом пара талап кылган борбордун Ленин райондук салык органынын кызматкери Б.Гүлнараны кармады. Бул тууралуу ШИИББнин маалымат кызматы билдирди. 

Аталган укук коргоо кызматынын ыкчам тобу бир нече саат боюу пара алууга шектүү кызматкерди аңдышып, 3500 сомду алган учурда кармашкан.

Бул факты боюнча ККнын 313-беренесине ылайык кылмыш иши козголду.

Учурда пара алууга шектүү салык кызматкерине карата тергөө амалдары жүрүүдө.
 

Видео
Окшош сөздөр: 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу