Укук тартиби

Сентябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30            
01/04 19:47
 

Баткен районунун Тажикстан менен чектешкен аймагында ири өлчөмдөгү маңзат табылды

Баткен районунун Тажикстан менен чектешкен аймагында ири өлчөмдөгү маңзат табылды

Бишкек, 1-апрель /Кабар/. КР ИИМ Мыйзамсыз маңзатка каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын ыкчам тобу Баткен районунун Тажикстан менен чектешкен аймагында 37 кг. маңзатты табышты. Бул тууралуу ИИМ маалымат кызматы билдирди.
ИИМ аталган башкармалыгынын ыкчам тобу ири өлчөмдөгү маңзатты ташуу, сактоо жана сатуу менен алектенген адамдардын изине түшүшкөн. 31-мартта Баткен районунун Көк-Таш айылынан анча алыс эмес Исфана – Ош жолунун Тажикстандын Чорку айылына жакын аралыктан өткөн 110-чакырымында ири өлчөмдөгү маңзат катылгандыгы аныкталды.
Маңзат арыкка жашырылган. Милиция кызматкерлери каптын ичинен 29 даана ак желим баштыкты табышкан. Анын жалпы салмагы 37 кг. 072 граммды түзгөн.
Алдын ала маалымат боюнча, бул маңзат Кыргызстан менен Тажикстандын жарандарынан турган топко таандык болгон жана андан ары Кыргызстандын түндүгүнө жеткирүү пландаштырылган.
Бул факты боюнча ККнын 247-беренесине ылайык кылмыш иши козголду. Учурда маңзаттын ээлери изделүүдө.

 

 

Окшош сөздөр: 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу