Укук тартиби

Август 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30 31  
29/03 14:15
 

"Манас" бажысында БАЭден ташылып келген уюлдук телефондордун саны азайтылып көрсөтүлгөн

Бишкек, 29-март /Кабар/. 14-мартта “Манас” бажысынын кызматкерлери тарабынан, Бириккен Араб Эмираттарынан «К...С» ЖЧКнын дарегине келген жүктү (уюлдук телефондорду) бажылык кароодо калпыс декларациялоо фактысы аныкталган. Бул тууралуу аталган ведомствонун маалымат кызматы билдирди.

Коомдун өкүлү К.Н. “уюлдук телефондордун” санын 5 312 даана деп билдирген.
Бирок, бажылык кароодо 5 522 даана же 210 даанага көп табылган.

Кыргыз Республикасынын Соода-өнөржай палатасынын экспертиза актына ылайык, 210 даана «Nokia» маркасындагы уюлдук телефондордун баасы 547 250 сомду түзөт.

Бул факт боюнча КР Мкмөтүнө караштуу МБКнын Тергөө бөлүмү тарабынан кылмыш иши козголду.
 

Окшош сөздөр: 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу