Укук тартиби

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
27/03 14:29
 

ИИМ: “Соцтармактар аркылуу коомду удургуткан маалыматтарды таркатып жаткан жактардын жоопкерчилиги каралган”

Бишкек, 27-март /Алтынай Мураталиева - Кабар/. Социалдык тармактар аркылуу коомду удургуткан маалыматтарды таркатып жаткан жактардын жоопкерчилиги каралган. Бул туурасында бүгүн “Кабар” маалымат агенттигиндеги басма сөз жыйынында ИИМ басма сөз кызмат начальниги Жоробай Абдраимов билдирди.

Анын айтымында, учурда Бишкекте аялдарга кол салган киши өлтүргүч тууралуу маалыматтар ЖОЖ студенттери тарабынан таркатылып жаткандыгы шектелүүдө. “ИИМ тарабынан аларды аныктоо боюнча иштер жүрүүдө.Эгерде алар колго түшүрүлсө, ИИМ тараптан алар МУКК өткөрүлүп берилет. Бул боюнча тергөө иштерин аталган орган жүргүзүүгө укуктуу”, - деди ал.
 

Видео
Окшош сөздөр: 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу