Укук тартиби

Сентябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30            
13/11 17:50
 

Москванын «Шереметьево» аэропортунда кыргызстандыкты атып жарадар кылып, акча салынган сумкасын алып кетишкен

Бишкек, 13-ноябрь /Кабар/. Москванын «Шереметьево» аэропортунда Кыргызстандан учуп барган адамды белгисиз бирөө курал менен аткан. Бул тууралуу россиялык «Коммерсант.ru» басылмасы жазды.

Анын маалыматына ылайык, бүгүн, саат 09.30чамасында РФ ИИМ транспорт боюнча Борбордук федералдык округуна «Шереметьево» аэропортундагы ок атуу тууралуу билдирүү түшкөн. «D терминалында турган белгисиз адам таксинин ичинде отуруп Бишкектен учуп келген адамды көздөй 2 ирет ок аткан», - деп билдирет басылма.

Алдын ала маалымат боюнча, бул адам өмүрүнө кол салуу эмес, коркунуч туудуруу болуп саналат. «Азыркы учурда жабырлануучунун акча салынган сумкасы уурдалгандыгы тууралуу маалымат бар», - деп айтылат билдирүүдө.

Кыргызстандан барган адам тирүү калып, Москвадагы ооруканалардын бирине жаткырылган. Транспорт прокуратурасынын кызматкерлери кылмышкерди табуу боюнча иликтөө иштерин жүргүзүүдө.

 

Окшош сөздөр: 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу