Укук тартиби

Декабрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
25/10 18:06
 

«Кумтөр» долбоорунда пайдасыз келишим түзүү боюнча экс-министрлер Б.Абилдаев жана Т.Акматалиев кармалды

 Бишкек, 25-октябрь /Кабар/. КР Башкы прокуратурасынын жетекчилиги менен ведомстволор аралык тергөө тобу тарабынан «Кумтөр» долбоорунда 1992-2009-жылдары мамлекеттин кызыкчылыгына каршы келген келишим түзүү фактысы боюнча мамлекеттик кызматкерлерге карата кылмыш иши иликтенүүдө. Бул тууралуу КР Башкы прокуратурасынын маалымат кызматы билдирди.

Аталган кылмыш ишин тергөөнүн алкагында КР мурдагы кажы министри Б.Абилдаев жана мурдагы экология жана өзгөчө кырдаалдар министри Т.Акматалиев кармалды.

Аларга 2003-жылы «Кумтөр» долбоорун реструктуризациялоодо ККнын 30-303 (коррупцияга катышкандыгы үчүн) беренесине ылайык кылмыш жасагандыгы үчүн айып тагылды.

Учурда сотко аталган адамдардын баш коргоо чарасын камакка алуу боюнча сунуш берилүүдө.

Окшош сөздөр: 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу