Укук тартиби

Ноябрь 2018
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30    
06/04 15:41
 

З.Чокоев: Накталай эмес төлөмдөр системасын ишке киргизүүдө нормативдик-укуктук базаны түзүү зарыл


БИШКЕК, 6-апрель. (КАБАР). Кыргызстанда накталай эмес төлөмдөр системасын ишке киргизүү үчүн нормативдик-укуктук базаны түзүү зарыл. Мындай пикирин бүгүн Бишкекте журналисттер менен жолугушууда Улуттук банктын төрагасынын орун басары Заир Чокоев билдирди.

            Анын айтымында, дүйнөдө накталай эмес төлөмдөргө өтүү өткөн кылымдын 50-жылдары эле башталган. Учурда бир катар мамлекеттерде, анын ичинде өнүккөн өлкөлөрдө накталай эмес төлөмдөр басымдуулук кылат.

“Накталай эмес төлөм системасына өтүү менен инвесторлорду тартуу, инвестициялык жагдайды жакшыртууга мүмкүн болот. Анткени мындай системага өтүү менен акча жүгүртүүнүн ачыктыгын камсыздаганга болот.  Жарандык кодекске сунушталып жаткан өзгөртүүлөр "бизнес жана бизнес" мамилелерин да камтыйт, анткени бул чөйрөдө эсептешүүлөрдө ири көлөмдөгү акча каражаттарын колдонуу улантылып келе жатат. Мындай абал өлкөдөгү акча жүгүртүүнүн натыйжалуу болбой тургандыгына алып келет. Азыркы учурда акча жүгүртүүнүн ачыктыгын жогорулатуу зарыл”, - дейт Заир Чокоев.

Белгилей кетсек, 2002-жылдан бери Улуттук банк Өкмөт менен бирдикте накталай эмес төлөмдөрдүн үлүшүн жогорулатуу боюнча мамлекеттик программаны жүзөгө ашыруу боюнча иштерди жүргүзүп келишет. Бул мезгил ичинде улуттук интеграцияланган төлөм системасы түзүлгөн жана ийгиликтүү иш алып барып жатат. Бул система учурда экономикада накталай эмес формада каалагандай төлөмдү өткөрүүгө мүмкүндүк берет. (М.Ибраева) 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу