13.08.2016, 14:49

Айымдарга алты кеңеш

1.Бадыраңды консервалоодо суусуна бир аз кургак горчица кошуп койсоңуз бадыраңдар даамдуу болот жана көпкө бузулбай сакталат.

2.Картошка кууруп жатканда ага бышарга жакын туз кошуу керек. Эгерде башында эле кошуп койсоңуз, картошка карарып калат.

3.Тамакка өнүп, жашыл түскө өтүп кеткен картошканы пайдаланууга болбойт. Мындай картошкада соланин деген уулуу зат болот.

4.Жаңы капрон колготкини же узун байпакты кийгенде ага чачка себилүүчү лактан бир аз чачыратып койсоңуз, ал жыртылбай көпкө чейин сизге кызмат кылат. Ар бир кийген сайын лак себүүнүн кереги жок, биринчи жолу кийгенде гана чачыратуу жетиштүү болот.

5.Тамактын витаминдерин сактап калуу үчүн аны бышырып жатканда жыгач кашык менен аралаштырыңыз.

6.Татымалдар жарыкты, жогорку температураны жана нымдуулукту сүйбөйт. Аларды оозу бекем жабылган фарфор, керамика идиштерине өз-өзүнчө салып, плитадан алыс коюу керек.