30/07 10:49
 

Кытай эли бир күндө 2 саат 55 мүнөт гана эс алат

 Кытай эли бир күндө 2 саат 55 мүнөт гана эс алат

Кытайдын борбордук телекөрсөтүүсүнүн "Кытайдын экономикалык жашоосун изилдөө" программасы кытай эли бир күндө 2 саат 55 мүнөт гана эс ала турганын айтты. Бул кытай эли үчүн кубанычтуу кабар болду. Анткени, мындан үч жыл мурунку изилдөөдө алар 2 саат 16 мүнөт гана эс алышары маалымдалган. Ал эми өнүккөн өлкөлөрдө, мисалы Англия, Германия, АКШ сыяктуу өлкөлөрдө күнүнө адам 5 саат эс алууга мүмкүнчүлүгү бар. Кытай эли эс алуу убактысынын үчтөн бир бөлүгүн да интернетте өткөрүшөт. Айрыкча интернетке алар уюлдук телефондон киришет.

Кытайлыктардын экономикалык жашоосун иликтеген программасы тогуз жыл бою он миллиондон ашуун адамдын, миңдеген үй-бүлөнүн иштөө режимин иликтешкен. Бул иликтөө боюнча эгер адамдын уктаганынан, иш күнүнөн, тамактануусунан башка убактысын эсептегенде эс алуу үчүн бир саатка жетпеген гана убактысы калат экен. Изилдөөдө кытайлыктардын 20 %ы күнүнө 1-2 саатты гана өзүнө арнайт тургандыгын, ал эми 10 %ы эс алууга бир да мүнөтү жок экенин айтышкан.


Маалымат жана сурот интернет булактарынан алынды

 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу