25.06.2016, 13:03

Сиз билесизби?

*Кашкулак бир түндө 76 метр туннелди каза алат.

*Адам организминдеги эң күчтүү булчуң-тил.

*Жапон тилинде ашыкча иштөөнүн натыйжасында каза болууну түшүндүргөн атайын сөз бар. Ашыкча иштеп каза болгондорду «кароши» дешет. Жыл сайын он миңдеген адамдар чегинен ашык чарчаганы үчүн каза болушат.

*Хамелеон түсүн өзгөртө алган башка жаныбарлардан айырмаланып, жалпы денесин эмес, денесинин белгилүү бир бөлүгүн гана өзгөртүүгө да жөндөмдүү. Эң кызыгы – хамелеон «буга окшошоюн» же «тигиден жашынайын» деп аракет кылбайт.

*Адам түш көрүп жатканда денеси дээрлик шал сыяктуу кыймылдабай калат. Бул мээнин элестетүүсү кайталанбашы үчүн жасалган табигый нерсе. Бул функция эс алуу үчүн жана ар кандай жаракат алуудан коргонуу үчүн жасалат.

* Ургачы арстандар олжонун 90%ын таап келет.

*Дүйнөдөгү эң чоң китеп -Куран китеби. Китептин баасы 1,5 миллион еврого бааланууда. Адистердин айтымында, китеп атайын кагазга басылып 632 барактан турат. Бийиктиги 2 метр, туурасы-1,5 метр, калыңдыгы - 25 сантиметр жана салмагы 800 килограмм.

*Ачкачылык жыт сезүү сезимин курчутат. Себеби мээ организмди тамак издөөгө багыттап, мурундун рецепторлорун да ишке салат.

*Биринчи троллейбус пайда болгон өлкө Германия. Троллейбустун “атасы” инженер Вернер фон Сименс. Бирок ага бул идеяны агасы Вильгелм Сименс берген. Ал эми биринчи троллейбустук линияны Берлинде 1882-жылы июнь айында экперимент кылып көрүшкөн.

Маалыматтар Интернет булактарынан алынды