28/05 15:47
 

Эсимде...

 Эсимде...

Нурланбек Калдыбаев, Ош шаары, тоо-инженери: ЧАЛГЫНЧЫНЫН “ЧЫЙЫРЫ”

Армияга институтта окуп жүргөн жерден эле чакырылгам. Бөлүктүн командири аскерге чакырылганга чейин эмне менен алектенгенсиң деп сураганда геологиялык чалгындоо факультетинде окугам десем “анда сен чалгынчы болосун” деп разведвзводго кошуп койду.
Жоокердик күндөрдү башынан өткөргөндөр жакшы билет болуш керек, кызмат өтөгөн учурда ар кандай сыноолор көп болот. Ошолордун ичинен мен үчүн биринчи күндөрдө эң оору чалгынчынын “чыйырын” (тропа разведчика) басып өтүү болгон эле.  Анда эмесе сөз башынан болсун.

Чалгынчынын “чыйыры” бул узундугу 500 метрден ашпаган тоскоолдуктар системасы...
Адегенде тереңдиги 3 метр болгон окоптон суурулуп чыгыш керек. Айтканга оңой болгону менен бою кыскаларга бул бир топ эле мүшкүлдүү иш, айрыкча жонуңда автомат, ийниңде снаряжение (ОЗК) асылып турганын эске алганда...

Окоптон суурулуп чыгаар менен бир нече метр чуркап өткөндөн кийин тикендүү зым талаасы башталат. Адегенде бир башынан кескилеп жол ачып алган соң, бул талаадан сойлоп гана өтө аласың (ашыкча баш көтөрсөң жонуң же мойнуң тытылат) ...

Анан караңгы блиндажга чуркап киресиң, ал жердеги лабиринттен адашпай жол таап сыртка чыга алсаң “мушташ” талаасы башталат. Мушташ талаасында киши кейпиндеги чучелолор асылган. Аларды муштап өзүңө жол бошотуу керек. Бирок, алар резина менен байлангандыктан кайра айланып келгиче тез алдыга жылып кетиш керек, болбосо өзүң таяк жейсиң...

Мушташтан бошоноор менен кыл көпүрөдөн (өрт өчүргүчтөрдун көпүрөсүнө окшош) тайгылбай чуркап өтүш талап кылынат. Андан өтүп бийиктиги 3 метр болгон жыгач тосмодон ашып өтүү керек. Анын арасынан 2-3 см жарака таап, манжаңы батырып өйдөгө тырмышкан менен кирзовый өтүктү таканчыктаганга жай таппай, кайра артка көмөлөнөсүң. Кокус, андан ашып ылдый секирип түшсөн алоолоп жанган от тосуп алат. Анан күйүп жаткан отту аралап чуркап өтсөң, “верблюд” (төөнүн өркөчү) деген тосмого туш болосуң, ал жерден жалаң кол менен (буттарды салаңдатып) улам бийикке көтөрүлүп жүрүп финишке жетесиң (кокус түшүп кетчү болсоң, жамбаш соо калбайт)...Эгер мунун баарына 10 мүнөттөн көп убакыт кетирген болсоң, баарын кайрадан баштайсың!

Албетте,биринчи попыткада бул чыйырды эч ким багынта албаса керек. Мага бул чыйыр кыяматтын жолундай эле сезилчү))). Бирок, командирибиздин айтымында чыйырды багындыруунун “оңой” жолдору бар...
Көрсө, жаныңдагы жолдошуңдун жардамы гана чыйырды тез жана кыйынчылыксыз багындырууга көмөк берет экен. Муну албетте, кийинчереек түшүндүк. Бийик тосмого келгенде жолдошуң эңкейип жонун тоскондо, анын үстүнө чыгып тосмого кол созсоң оңой болот тура. Бирок, үстүнө чыгып алгандан кийин, андан ары көмөлөнбөстөн аярлай калып жолдошуңа кол берип аны да тартып алууну унутпаш керек!

Эми ошол “кыяматтын” жолундагы күлкүлүү нерселерден да айта кетейин...
Кыскасы, мага шерик болуп көбүнчө тувалык Артур деген жигит туш келчү. Билесиңер да, тувалыктардын бою салыштырмалуу кыска болот (мисалы, менин боюм 174 см болсо, аныкы 154 см болчу). Анан окоптон чыгаарда сөзсүз аны буттап койоор элем.

Бир жолу мындай болду...Ал адаттагыдай алдыга чуркап кеткен болчу. Мен мушташ талаасында көбүрөөк буйдалып калдым...Чучелолордун бирөөсүн катуурак муштаган экенмин, ал тез эле кайра айланып келип, мен экинчиси менен алышып жатканда кайра өзүмдү тумшукка койду... Ачуум кайнап, бышылдап –күшүлдөп мушташ талаасынан эми эле чыга берееримде (көзүң жамандыкты көрбөсүн) дагы бир чучело колун созуп мени көздөй келаткан экен. Жаным ачышып турганда аямакмынбы, аны да аңтара муштадым...

Анан жыгач тосмого келип, чарчап калгандыктан жалгыз аша албасымды сезип шеригимди издесем, ал бечара көздөрү көгөрүп артымдан чуркап келатат! Көрсө мен чучело экен деп ачуу үстүндө Артурду муштап жиберген турбаймбы...Ал да тосмодон жалгыз аша албасын сезип, сабыры чыдабай алдыда бараткан жеринен мени көздөй артка жардамга чуркаган экен. Эхх, Артур, ни за что попал болгон экен да...

P. S: Жашоо-турмушуңузда кызыктуу, күлкүлүү, же сизди ойлондурган кандай окуялар эсиңизде калды? «Кабардын» окурмандары менен бөлүшкүңүз келсе төмөнкү дарекке кайрылыңыз: тел: 0-703-77-22-11; 0-773-54-69-74; 0557-55-69-74, Эл.почта: m_daiyr@mail.ru Дайырбек Мейманов.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу