28/05 14:14
 

СИЗ БИЛЕСИЗБИ?

• Көптөгөн изилдөөлөр мурдагы тамеки тарткандар чындыкка жакын жана ачык түштөр көрөөрү аныкталган. Алар айрыкча түштөрүндө никотиндин даамын татып, бир топ канааттануу алышат.

• Азыркы учурда китеп сатып алуучулардын көпчүлүгү 45 жаштан өйдө. Дале ушул жаштагылар китептердин дүйнөлүк сатышынын 50%ын алышууда.


• Чүчкүрүү ден-соолукка өтө пайдалуу экен: дем алуу көңдөйлөрүнө топтолуп калган микробтор жана чаңдар чүчкүргөндө тазаланат.

• Коммуникациялык Wi-Fi коёну француздар тарабынан ойлонуп табылган. Ал түрдүү түстөргө кубулуп, сүйлөп, ырдап, кулактарын кыймылдатып, аба ырайын, акыркы кабарларды билдирип турат. Мындан тышкары кат алмашуу кызматын да көрсөтөт экен. Мындай кызмат азыркы күндө кенен жайылуунун үстүндө. Орусияда да бул коёнду сатып алып, өз текчелерине коюп алгандар бар. Француздар бул коёнду адамдын электрондук досу катары санашат. Эгер сиз аны колдонуп бүткөндөн кийин уктоону сурансаӊыз, ал уктап да калат экен.


• Шоколад 1819-жылы даярдалган. Бирок бул дата шоколаддын туулган күнү катары эсептелинбейт. Анткени буга чейин эле шоколадды ичимдик катары суюк түрүндө даярдашчу. Анан да кызыгы эркектердин ичимдиги катары эсептелинчү. Алгачкы учурларда шоколад “Kakawa” деп аталган. 1700-жылы Англияда биринчи жолу шоколадка сүт кошуп даярдалган. Бул болсо анын ачуу даамын бир аз жумшарткан.18-кылымда шоколадды даярдоо боюнча Англия, Франция жана Испания алдына эч кимди чыгарчу эмес.

• Жапонияда сырттан келип иштегендер дээрлик жокко эсе. Жергиликтүү мыйзамдарга ылайык сырттан келип иштегендердин минималдуу айлыгы, жергиликтүү жумушчулардын орточо айлыгы менен барабар. Ошондуктан жапондор сырртан жумушчу ала турган болсо өз кесибин мыкты билген, тажрыйбалуу кесипкөй адистерди гана алат.
Маалыматтар Интернеттен алынды

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу