21/05 15:32
 

Бурул Мусабекова,“Айат” гезитинин башкы редактору: “Кандай заман болбосун гезиттин өз окурманы болот»

Бурул  Мусабекова,“Айат” гезитинин башкы редактору: “Кандай заман болбосун гезиттин өз окурманы болот»

Кыргызстандагы басма сөздүн абалы, алыскы жана жакынкы өлкөлөргө салыштырмалуу кайсы жагыбыздан ийгиликке жетип, кайсы жагыбыздан өксүп жатканыбыз, мамлекеттик жана жеке менчик басылмалар, сөз эркиндиги, журналисттик кадрларды даярдоо, жалпы медиа айдыңында гезиттин келечеги тууралуу ”Кабар” агенттигинин кабарчысы “Айат” гезитинин башкы редактору Бурул МУСАБЕКОВА менен маек курган.

- Кыргызстанда басма сөздүн абалы кандай?

- Кыргызстанда басма сөз укмуштуудай өнүгүп, ийгиликтерди багындырып, бийиктиктин туу чокусуна чыкты деп айта албайм. Ошентсе да басма сөздүн абалы өз нугунда өнүгүп баратат. Албетте, анча-мынча кемчиликтерибиз да бар. Бирок мунун баарысы убактылуу нерсе деп билем.

- Алыскы жана жакынкы өлкөлөргө салыштырмалуу кайсы жагыбыздан ийгиликке жетип, кайсы жагыбыздан өксүп жатабыз?

- Кыргызстанда башка мамлекеттерге салыштырмалуу сөз эркиндиги бар. Ушул жагынан биз аз болсо да ийгиликке жетишип жатабыз десем жаңылбайм. Себеби, бийликке болобу, өкмөткө болобу анын жасап жаткан туура эмес иштерин ачык сындап чыгууга дараметибиз жетет. Ал эми бир канча өлкөлөрдө бийликке сын айткан журналисттер жок.

- Мамлекеттик жана жеке менчик басылмалар деген түшүнүккө кандай маани бересиз?

- Мамлекеттик басылмалардын жашоосу бир топ жеңил. Анткени, аларды мамлекет аздыр-көптүр каржылайт. Алар ай сайын айлыкка акча табыш керек, басмакананын акысын төлөш керек, ага каражат камдайлы деген маселелер менен баш оорутпайт. Дагы бир жакшы жагы - мамлекеттик ишканалардын барысы мамлекеттик гезиттерге жарнамаларды тынымсыз берип турушат. Ошентип гезиттин бюджети өзү эле камсыз болуп турат. Ал эми эркин гезиттер чындыгында жарды. Улам бир демөөрчү менен иштеп, менчик гезит иштеткен журналисттер өзүн гана эмес, бир нече кабарчыны да багууга бел байлап, ошол эле учурда коомго чындыкты жеткирип, айтор жылаңач баатыр болуп дзотко төш тосуп келишет.

- Журналисттик кадрлар кандай даярдалып жатат?

- Журналисттерибиз бүгүнкү коомго жараша өсүп, тарбияланып келатышат десем болот. Акыркы 15-20 жылдагы коррупция билим тармагына да кеңири жайылгандыктан, биздин жаштар билим алууга терең көңүл бурбай, эптеп колуна диплом алуунун жолунда окууларын акча менен бүткөрдү. Ошонун негизинде башка тармактагыдай эле журналистика жаатында да билими жок, бирок амбициясы күчтүү, акчаны сүйгөн журналисттер пайда болгону жашыруун сыр эмес. “Көч бара-бара түзөлөт” демекчи, учурда коом да, анын ичинде журналистика да оңолуу жолунда баратат десем жаңылышпайм.

- Гезиттин келечегин кандай элестетесиз?

- Айрым билермандар көзү ачыктык кылып, “жакынкы 10-20 жылда гезиттин күнү бүтөт, өлкөдө гезит таптакыр окулбай калат” деп айтып жүрүшөт. Бирок мен бул пикирге таптакыр кошулбайм. Себеби, техника эбак өнүккөн алп мамлекеттерде деле бүгүнкү күндө миллиондогон тираж менен чыккан гезит, журналдар жашап келатат. Айтайын дегеним, кандай заман болбосун гезиттин да өз окурманы болот деп ишенем.

Дайырбек Мейманов, «Кабар”
 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу