21/05 15:07
 

Дүйнөдө түркүн кызык көп

• Дүйнөдөгү эң узун асма көпүрө Акаси-Кайкё Японияда жайгашып, анын зымдарын бир-бирине улаштырса, жер шарын жети жолу айлантууга жетет.

• Агата Кристи – дүйнөдөгү эң таанымал жазуучу. Анын өзгөчө детективдери дүйнөнүн 44 тилине которулуп, жалпы нускасы эки миллиардга жетүүдө.

• Медина мечитинде күнүнө 250миң тонна замзам ичилет. Ушул эле Мечиттин 1-кабатында сейрек кездешкен китептери бар китепкана жайгашкан.

• «Hewlett Packard» компаниясы жаӊы чычкан (мышка) ойлоп тапты. Аны өз компьютериӊизге же ноутбугуӊузга Wi-Fi аркылуу кошуп, колдоно аласыз. Ойлоп табуучулардын айтымында, чычкан 9 айга чейин кошумча кубатты талап кылбай иштей берет. Компьютерден 10 метр аралыкка чейин туруп алып да иштей аласыз.

• Хамалеондун эки көзү бири-биринен көз карандысыз кыймылдап, бир эле учурда эки башка жакты көрүүгө ыңгайланышкан. Ар бир көзүнүн көрүү аймагы 180 градус. Хамелеондун денесинин узундугу 25-35 см. Эң кызыгы – анын тилинин узундугу денесинен 1,5-2 эсе узун болот да, толук жазылып, кайра жыйрылуусу болгону 0,1 секунданы түзөт.

• Жарониянын түндүк тарабындагы шаарларда жөө адамдар баскан жолдорго муз тоңуп, тайгаланып жыгылгандар болбойт.Себеби, жолдор атайын жер астынан жылытылат. Ошентсе да Жапонияда борбордук жылытуу системасы жок, ар ким өз үйүн өзү жылытат.

• Кенгуру - бийиктикке секирүүнүн чемпиону. Кенгурунун эркегинин бийиктиги куйругу менен кошо эсептегенде 3 метр болот. Ал эми салмагы 120-150 кг дан ашат. Кенгурунун куйругу коргоно турган анын жападан жалгыз куралы. Эгерде ага кандайдыр бир жырткыч кол салса ал дароо куйругу менен чабат.

Маалыматтар Интернеттен алынды
 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу