21/05 14:45
 

Сиз билесизби?

• Кээде түшүбүзгө чындап эле гениалдуу ойлор келет. Болгону биз түшүбүздүн 10% гана эстеп калабыз. Калгандары түп-орду менен жоголот. Уктоо жериңизге калем, барак алып жатууңуз керек. Башкача айтканда, келген гениалдуу маалыматтарды жазып алуу зарыл.

• Топту эң биринчи ким ойлоп тапкан жана ким ойноп баштаганы белгисиз. Анткени байыркы общиналык коомдон баштап эле топ жасап алып ойноп келишкен. Түндүк америкалык индеецтер топту жаныбарлардын терисинен жасашса, япониялыктар катуу материалдан тоголоктоп кылышкан.

• Американын окумуштууларынын изилдөөсүнө таянсак, мээсине шишик пайда болуп өлгөн аялдардын өлүмүнө уюлдук телефон себеп болгон. Ал эми Норвегия менен Даниянын изилдөөлөрү уюлдук байланыш менен тыгыз мамиледе жүргөндөр баш оорусуна кабылып, уйкусу канбай, жиндери бат келээрин билдиришкен. Иштебей, жөн эле жаныңызда жаткан уюлдук телефондун да зыяны бар.

• Жазуучу-романчы Түгөлбай Сыдыкбековдун "Көк асаба" романы 1971-жылы жазылып бирок, жарык көрбөй, он сегиз жыл текчеде жатып, анан чыккан. Бул туурасында автор "Тилекке каршы, кылдан кыйкым таап, артыкча эне тилге, тарыхка, калк мурасына кыйгач караган сенек мезгилдин залакасы тийди. Басууга жол алган роман эч себепсиз кармалды", — деп жазган.

• КМШ өлкөлөрүнүн ичинен кайсыл мамлекеттин эли иштерман экени тууралуу так маалымат жок. Ошентсе да Кыргызстанда жыл сайын 13 майрам эс алуу күн катары майрамдаларат экен. Мындан тышкары бизде көпчүлүгү беш күн иштешет, эки күн эс алышат. Жылына мыйзамдуу түрдө бир ай эс алууга чыгышат. Ал эми айыл-кыштактарда жайкысын талаада иштеген дыйкандар кышкысын үйдөн чыкпай чалкалап эс алышат. Мүмкүн, ушундай темп менен иштөө режимибизден улам жакыр мамлекеттин катарына кошулуп жатандырбыз...

Маалыматтарды Интернет булактардан алып даярдаган Дайырбек Мейманов
 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу