14/05 14:51
 

Чет тилин үйрөнгүңүз келсе төмөнкү макала жардамга келет

Чет тилин үйрөнгүңүз келсе төмөнкү макала жардамга келет

Адистердин айтымдарында чет тилин үйрөнүүдө эң негизкиси адамда өтө чоң каалоо сезими болушу талапка ылайык. Анткени каалоо сезими жок болсо, анда чет тилин үйрөнүүгө багытталган бир дагы ыкма жардам бербейт. Тез жана сапаттуу чет тилип үйрөнүүнү кааласаңыз анда, каалоодон сырткары өзүңүздүн сабак алууңузду иретке келтирип, туура калыпка салып алышыңыз зарыл. Буга төмөнкү макала жардам берет.

Жаңы тил үйрөнүү- бул оор жана белгилүү бир деңгээлде өзүнчө өзгөчөлүгү бар нерсе. Анткени, айрымдары чет тилин үйрөнүп жатып саламдашууну улам-улам кайталап эсине сактай албай жатса, кээ бирлери үйрөнүп жаткан тилиндеги чоң чыгармаларды окуп баштаган болушат. Мунун сыры эмнеде? Эмне үчүн кээ бир адамдар оңой эле чет тилин үйрөнүп алышат?!... Чет тилин үйрөнүүдө кандайдыр бир жашыруун сырлар барбы?!...
Тилди кантип үйрөнөбүз?

Кээде айрым адамдар тил үйрөнүү өтө эле оордугун айтып, менин колумдан келбейт деп баш чайкашат. Бирок, бул туура эмес. Себеби, ар бир адам башка тил үйрөнө алат жана ага жөндөмдүү келет. Андыктан үйрөнө албайм деген пикирди мээден таптакыр алып салуу кажет.

Маселен, мектеп курагында башка тилдин грамматика, пунктуацияларын окуп, үйрөнүп аны кайра мугалимге айтып берип баа алат эмеспизби... Анан эле чоңойгондо чет тилин үйрөнө албай калуу керекпи??!! Бирок, экинчи тарабынан алып караганда эгерде мектепте окуган маалдагы чет тилин өздөштүрүү пайдубалы бекем болбсо, анда чоңойгондо чындап эле кыйынчылык жаралышы толук ыктымал. Анткени, жаш курак чоңойгон сайын мээнин жаңы нейрондорду пайда кылуу деңгээли төмөндөйт. Ошондой эле, физиологиялык дагы тоскоолдуктар жаралбай койбойт. Андыктан мындай учурда эң башкысы өзүнө-өзү түрткү берүүсү керек.
Эгер чет тилин тез арада жана сапатту үйрөнүүнү кааласаңыз, анда, үйрөнүп- окуу учурунда айрым кеңештерди эсиңизге түйүп алганыңыз оң. Бул сунуштар чет тилин натыйжалуу үйрөнүүгө себепчи боло алат.


Интервалдык кайталоо

Мындай техника жаңы үйрөнүп жаткан сөздөрдү жакшы эске тутуп калат жана түшүнүүгө түрткү берет. Демек, ар бир өтүлгөн темаларды кайра кайрылып кайталап туруу керек. Маселен, сиз жаңы бир сөз үйрөнгөн болсоңуз, аны бир апта боюу башка сабактарыңыздан сырткары кайталап жүрүшүңүз керек болот.

Уктаардын алдында сөзсүз кайталап жатыңыз

Жаңы үйрөнүп жаткан тилди эстеп калуу талап кылынгандыктан маалыматты мүмкүн болушунча көбүрөөк алуу керек. Грамматикалык жагынан болсо кандай колдонулаарын жакшылап үйрөнүңүз, ар дайым мисал келтире жүрүңүз. Уктаардан алдын жок дегенде жарым саат кайталап жатсаңыз эсиңизде жакшы калат. Муну Америкалык окумуштуулар изилдеп тастыкташкан.

Тилди эле эмес мазмунун да өздөштүрүүнү үйрөнүңүз

Көп жылдык тажрыйбасы бар мугалимдер чет тилин абстрактуу үйрөнүү өтө оор болоорун жана ага караганда кызыктуу материалдарды колдонуу менен үйрөнүү жеңилирээк болорун эң жакшы билишет. Муну окумуштуулар да белгилеп келишет. Маселен, жакында эле бир тажрыйба жүргүзүү болгон. Анда, бир топко кирген адамдар француз тилин кадимки, жөнөкөй ыкма менен үйрөнүшкөн, ал эми экинчи топтогулар француз тилиндеги базалык окутуу ыкмасында үйрөнүшкөн. Жыйынтыгында экинчи топтогулардын жетишкендиги жогору болгон. Андыктан чет тилин үйрөнүүдө мазмунуна карап окуп жүрүңүз. Ал үчүн үйрөнүп жаткан тилиңизде кино тасмаларды көрүңүз, китеп окуңуз.

Убакыт бөлүү

Сиздин бир мүнөт дагы бош убактыңыз жок, андыктан толук кандуу чет тилин үйрөнүүгө убактыңызды жетиштире албай жатасыз.... Буга байланыштуу аптасына 2-3 саат эле убакыт бөлүп, окуу убактыларына чек коёсуз. Бул албетте туура эмес ыкма. Эң натыйжалуу жолу аз убакыттан болсо да күн сайын убакыт бөлгөн маанилүү. Мындай жол менен мээңиз маалыматты улам кабыл алып сактап турат. Ал эми ортодон боштук жаралса, анда, талапка жооп бербей калат. Мээ дагы чарчайт жана кыйналат. Андыктан бир жолу толтура маалыматты мээге шыкап салбай, күн сайын аз- аздан киргизип туруңуз.


Эски сабактар менен жаңы сабактарды бирдей алып кетиңиз

Көпчүлүк учурда күн сайын жаңы теманы өздөштүрүү үчүн ашыгып, алдыга кетүүнү каалайбыз. Бул туура эмес. Анткени буга чейинки маалымат эсиңизде сакталып калышы үчүн жаңы сабак менен бирге кайталап турушуңуз маанилүү. Эң башкысы күн сайын жаңы тема өтүү эмес, күн сайын өткөн теманы бекемдеп мээге сактоо болуп эсептелет.

Маалымат интернеттен алынды

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу