14/05 12:50
 

СИЗ БИЛЕСИЗБИ?

 СИЗ БИЛЕСИЗБИ?

Эң көп жазылган чыгармалары боюнча биринчи орунда Лопе де Вега турат. Испаниялык драматург өмүр бою 1800 пьеса жазган.
****
Адамдын мээси булчуң сымал машыгуудан күчтөнөт, башкача айтканда окуу, жазуу, анализдөөдөн. Мээнин эң катуу өнүгүүсү 2-11 жаш аралыгында болот.
****
Биринчи троллейбус пайда болгон өлкө Германия. Троллейбустун “атасы” инженер Вернер фон Сименс. Бирок ага бул идеяны агасы Вильгелм Сименс берген. Ал эми биринчи троллейбустук линияны Берлинде 1882-жылы июнь айында экперимент кылып көрүшкөн. Ал кездеги троллейбусту сегиз дөӊгөлөктүү арабадай элестетсеӊиз болот.
*****
Дүйнө жүзү боюнча 7,3 млрд телефон бар. Болжолдуу түрдө 100 адамга 158 телефон туура келет. Бир жылда 125 млн телефон таштандыга жөнөйт. Эскирип керектен чыккандыгы үчүн эмес, колдонуп жүргөн телефону канааттандырбай, адам баласы улам жаңы чыккан моделге кызыккандыктан телефондорду таштандыга ыргытат. Бул жагынан өзгөчө Корея эли активдүү келишет экен. Анткени телефондун улам жаңы чыккан моделин колдонушат.
*****
Жирафтардын мушташканын чанда гана көрүүгө болот. Адатта мындай көрүнүш ургаачы жирафтын айынан болушу мүмкүн. Алар бири-бирин моюндары менен ургулап урушушат. Бул нерсе да алардын өмүрүнө коркунуч туудурбай койбойт. Табиятынан бул жаныбарлар анча урушчаак эмес, үйүрү менен ынтымактуу келишет. Ургаачы жираф боюндагы баласын он төрт ай көтөрөт, төрөлгөндө эле баласынын бою эки метр болуп, бир нече күндөн кийин эле апасын ээрчип кетүүгө жөндөмдүү. Алгачкы күндөр кичинекей жирая үчүн өтө кооптуу, анткени жырткычтар дал ушул маалда аларды акмалайт. Жирафтар арстан менен жолборстон бутунун жардамы менен коргонушат. Алар бир тепкенде башты сындыра тебе алышат. Жирафтар негизинен 20-30 жашка чейин жашашат.
****
Түш жоруу бир кыйла татаал тапшырма. Бул кайсы бир абалга жараша бир нерселердин четин чыгарат. Мээ биздин коркунучубузду жана шек санообузга таасир этип, ар кандай картиналарды тарта баштайт. Аларды өзүңөрдүн жүрүш турушуңарды же жашоо образыңыздарды кайрадан карап чыгууга берилген бир белги катары карабаш керек.
****
Эң узак убакыт суусуз жүрө ала турган жаныбар келемиш болуп эсептелет.

Маалыматтар Интернеттен алынды

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу