07.05.2016, 12:33

СИЗ БИЛЕСИЗБИ?

 СИЗ БИЛЕСИЗБИ?

«Титаникке» кандай асыл таш тартылган?

Дүйнө элине кеңири белгилүү «Титаник» көркөм тасмасындагы көк алмаздын ордуна такыр эле башка асыл таш - танзанит колдонулган. Бул таш дүйнө жүзүндө бир гана Танзаниядагы Килиманджаро тоолорунан табылган. Мурда көк сапфирдин ордуна да пайдаланып келишкен. Танзанитке суроо-сопкут өскөндүктөн, «Тиффани» фирмасы ачылган. Бул асыл ташты алгач «циозит» деп аташып, бирок анын мааниси өзүн-өзү өлтүрүү (суицид) дегенди түшүндүргөндүктөн, өлкөнүн урматына «танзанит» деп аташат. Кареги ушул асыл таштын өңүнө окшошуп кеткендиктен Голливуд жылдызы Элизабет Тейлор ар дайым танзаниттен жасалган зергер буюмдарды тагынган. Бирок танзанит ташы популярдуулукка Тейлор тагынгандыктан эмес, айтылуу фильм «Титаникке» тартылгандан кийин ээ болду. Тасманын режиссеру Джеймс Кемерон сапфирлер ачыгыраак, чыныгы көк алмаздар өтө кочкул болгондуктан, керектүү көк түстөгү асыл таштын ордуна тасмага танзанитти тарткан.

Кийме чачтар кандайча пайда болгон?


Адамзаттын тарыхында кийме чачтар байыртан эле колдонулуп келет. Арстанга, алгыр кушка же кайсы бир күчтүү жан жаныбарга окшошуш үчүн байыркы адамдар кармап алышкан жаныбардын терисин сыйрып, баштарына чапташкан. Бул бир жагынан алгачкы коомдогу адамдардын даражасын көрсөтүүчү символ болгон. Кийин жаныбарлардын терисинен жасалган париктер колдонуудан чыккан. Парикти чачы түшүп калган жерлерин жашыруу үчүн да колдонушкан Мисалы, Юлий Цезарь таз болгондуктан, кемчилигин жашыруу максатында кийчү. Байыркы Римде кийме чачтардын ордуна жалбырактардын жасалгасын көп колдонушчу. Ал эми орто кылымда кудайларга чалынган курмандык катары чачтарын кырып салышып, ордуна парик кийишкен. Кыштын күндөрү 2-3төн кийме чачтарды колдонушкан. Петр I Европага саякатка барып келгенден кийин парик тууралуу идея ойлонуп, чокунганда жерге тийип калгандыктан, орус көпөстөрүнүн сакалдарын кырктырып, баштарына парик кылып кийгизген. Бул алардын статусун билдирип турган. Ал эми, бүгүнкү күндө кийме чачтарды айрыкча айымзаты сулуулук берүүчү жасалгалардын бири катары колдонууда.


Төөкуш кандай жаныбар?

Төөкуштар - Жаңы Гвинея, Африка, Жаңы Зеландияда байыр алышкан. Бул канаттуулардын боюнун узундугу үч метрден ашат, ал эми салмагы 200-250кг жакын. Төөкуштар жер жүзүндөгү эң оор канаттуу болуп эсептелет. Табиятынан алардын ачуусу чукул, согушчаак келишет. Алардын эң негизги куралы буттары. Буттарынын күчү менен жоон темирди ийип, үч метр бийиктикке секире алышат. Ошентсе да бул чукчуңдаган канаттууну чүпөрөк ороп жоошутуп койсо болот. Анткени, алардын көлөмүнө карабай мээси тооктукундай эле болот. Төөкуштун ар бир жасаган кадамы төрт-беш метр аралыкты басып өтөт. Ургаачыларына караганда эркектери броконьерлердин колунан көп өлгөндүктөн алардын арасында да атаандаштык өтө күч алган. Бир эркек төөкушка эки-үч ургаачы төөкуш туура келгендиктен жумурткаларын төртөө-бешөө биригип, тартип менен басып чыгарышат. Жети, сегиз жумуртканы эркеги да, ургачысы да кезектешип басышат. Адатта бир жарым айда чыккан жумурткалардын дээрлик теңинен көбү сасыткы болуп чыгат. Төөкуштун жумурткасы оңой менен сынбайт, өзүлөрү тумшугу менен бир нече күн тынбай чокуп атышып балапанын жарыкчылыкка алып келишет. Жарым жылга жетпей кичинекей балапандар чоңдордун салмагын кууп жетет, анткени алар бир күндө бир жарым сантиметрге өсүп турушат. Төөкуштар башынан эле чөлдүн жашоочулары болгондуктан балапан кезинен эле өзүн-өзү коргогонду үйрөнүшү зарыл. Алардын буту негизги куралы болуп эсептелет.

Wi-Fiды ким ойлоп тапкан?

Wi-Fi (wireless fidelity) – англис тилинен сөзмө-сөз которгондо «зымсыз сапат» же «зымсыз тактык» деген маанини берет. Wi-Fi 1991-жылы Нидерландыдагы «NCR Corporation»
компаниясынын инженери Вик Хейз тарабынан негизделген. Эгер сиз Wi-Fi бар мекеменин жанында болсоӊуз, бул кызмат аркылуу тоскоолдуксуз интернетти колдоно аласыз.
Азыркы күндө дүйнөнүн көптөгөн өнүккөн өлкөлөрүндө Wi-Fi коомдук жайларга: кафе-ресторандардан сырткары аялдама, сейил бак, гүлбакчаларга да орнотулган.
Тайбэй (Тайвань) шаарынын тургундары унаа токтотуучу жайларда орун барбы, көчөлөрдө тыгын жокпу, Wi-Fi аркылуу билип алышат экен.
Корпус-Кристи (АКШ) шаарында атайын камералар аркылуу курулуш боюнча инспекторлор жумушчуларды көзөмөлдөй алышат. Мындан тышкары автоунаалардын жүрүшүн дагы көзөмөлдөөгө мүмкүнчүлүк бар.

Маалыматтар интернеттен алынды