30/04 16:12
 

СИЗ БИЛЕСИЗБИ?

Дүйнө жүзүндөгү 68937 575 чакырым жолдун 10 пайызы АКШнын аймагында жайгашкан. Жалпы жолду жан кишиге бөлүштүрсө 1018 сантиметрден тиет.

***
Дүйнөдө жылына өндүрүлгөн 174,4 миллион тонна жер семирткич ар бирибизге 25,8 килограммдан тиет.

***

Жыл сайын жерге жааган 505 000 метр куб жамгырдын 107000 куб.метри кургакка түшсө, калганы дүйнөлүк океанды толтурат. Адамдарга бөлүштүрсө ар бирибиз минута сайын 30 метр куб жамгырга ээ болобуз.

***

Адамзат тарыхында өндүрүлгөн бардык алтынды үлөштүрсөк дүйнө жүзүндө жашап жаткан ар бирибизге 23,3 граммдан тиет. Дүйнөлүк алтын Кеңештин эсебинде адамзат бүгүнкү күнгө чейин 158 миң тонна алтын казып алууга жетишкен.

***
Космос доорунда жер шарын айланып жүргөн космостук таштандылар адистердин эсебинде 5500 тоннага жетип калды. Геостационардык орбитада миллиондогон жылдар бузулбай турган бул таштандыларда ар бирибиздин 0,81 граммдан үлүшүбүз бар.

***
Дүйнө калкынын ар бирине жылына 4 литрден таза спирт туура келет. Ичимдик ичүү жагынан Уганда биринчи орунда - бул өлкөнүн ар бир жашоочусуна жылына 19 литрден, Люксембургда -18, Чехияда - 16 литрден спирт туура келет.

***
Ар жыл сайын дүйнөдөгү донорлор 81 миллион дозалык (ар бири 450 мл.) кан тапшырышат. Бөлүштүрсө жер шарында жашаган ар бир жанга 5 мл. кан туура келет.

***
Эксперттердин эсептөөсүндө жер шарында ушул тапта келемиштердин саны 27 миллиардга жетип калды. Бул бир кишиге 4 келемиш туура келет дегенди түшүндүрөт. Кытайдын 97 миллион калк жашаган Хунань провинциясын суу каптаганда 2 миллиард келемиш аман калыптыр.

 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу