23/04 14:07
 

Организмге туз эмне үчүн керек?

 Организмге туз эмне үчүн керек?

Бишкек, 23-апрель /Кабар/. Туз тамактын даамын гана чыгарбастан, адамдын организминин жашап турушу үчүн да керек. Так айтканда, кандын курамындагы гемоглобиндин жашашы үчүн зарыл. Ошондой эле туз ашказанда туз кислотасын жаратат. Бул кислотасыз тамак-аш эрибейт. Ал гана эмес, тамак-аш сиңүүсү үчүн кажет болгон шилекейдин активдүү бөлүнүшүн да шарттайт.

Кан басымдын калыпта болушу үчүн да туздун таасири бар.
Туздун курамындагы натрий кан тамырларды анда топтолуп калган майлардан тазалоо үчүн да керек.

Биздин денебизде туздун өлчөмү орточо эсеп менен 150-300 граммдын тегерегинде. Мунун канча бир бөлүгү денеден сыртка бөлүнүп чыгып турат? Мисалы, тер, көз жаш, заара аркылуу. Адам ысытмалаганда же кара жумуш кылганда туз денеден тер, ал эми ич өткөндө суюктук аркылуу көбүрөөк бөлүнүп чыгып кетет. Мындай учурда организмдеги туздун өлчөмүн калыбына келтирүү керек. Мисалы, ич өткөндө атайын туздуу порошокту (регидрон) ичүү кажет.

Маалымат интернеттен алынды

 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу