23/04 13:56
 

Помидордун көчөтүн үйдө өстүрүп, сыртка отургузса болот

 Помидордун көчөтүн үйдө өстүрүп, сыртка отургузса болот

Бишкек, 23-апрель /Кабар/. Помидордон мол түшүм алам десең, эң биринчи үрөндүн сапатына көңүл бөл. Баары үрөнгө байланыштуу. Ал үчүн сапаттуу үрөндү тандап алгандан кийин аны жарымына чейин суу куюлган айнек идишке салып коесуз. Дароо ичи көңдөй жараксыз үрөндөр үстүнө калкып чыгат.

Үрөндү зыянсыздандыруу үчүн марганцовканын аралашмасын пайдаланабыз. Ал үчүн жылуу сууга марганцовкадан улам кичинеден салып, суунун өңү көпкөк болгонго чейин аралаштыра беребиз. Үрөндү мындай аралашмага 20-25 минут кармоо керек. Андан ары үрөндү көөп чыкканга чейин сууга салып коебуз.

Үрөндү өстүрө турган кыртышты даярдоо үчүн кеч күздөн баштап, кыртышты даярдап кышта катуу тоңгондой кармаш керек. Ошондо ал кыртыштагы ар кандай зыянкечтер өлүп жок болот. Ал эми үрөндү өстүрүү үчүн жыгач идиштер же азыр практикада кеңири колдонулган пластикалык идиштер жарай берет. Кыртыш салынып даярдалган идишке 0,5-07 см тереңдикте 1-2 үрөн ташталат. Андан кийин өлчөмү менен суу куюп, идишти пленка менен жаап коесуз. Жаап койгондо жылуулук эффектиси түзүлүп, үрөн 7 күндө өнүп чыгат. Андан кийин пленканы алып салуу керек. Айтмакчы үрөн жарык жакшы тийген, +20-24 градустагы бөлмөдө өстүрүлөт. Баса, сууну көп эле куя бербегиле. Жетишерлик ным болсо болду.

Ошентип помидордун көчөттөрүн үй шартында өстүрүп алгандан кийин сыртка алып чыгып кыртышка отургузасыз. Кыртышка отургузаар алдында күндө бир эки маал көчөттөрдү сыртка алып чыгып, сырттын абасына көндүрө башташ керек.

Көчөттүн тамырына зыян келтирип албаш үчүн сыртка отургузаар алдында кыртышты жакшылап сугаруу зарыл. Ошондой эле, үшүк жүргөндөн, катуу жамгырдан сактоо керек. Ал үчүн помидордун жөөктөрү пленка менен жабылат. Андан ары өз убагында сугарып, кыртышын жумшартып турсаңыз эле, помидордун түшүмүнө көмүлүп каласыз.

Даярдаган Темирбек Алымбеков

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу