23/04 13:48
 

Улуу Британиянын ханышасынын узак өмүрүнүн сыры эмнеде?

 Улуу Британиянын ханышасынын узак өмүрүнүн сыры эмнеде?

Бишкек, 23-апрель /Кабар/. Улуу Британиянын ханышасы 90 жашка чыкканы менен аны бул жашта деп көпчүлүк айта албайт. Ал өз курагынан жаш көрүнөт жана коомдук иш чараларга көп катышат. Бир эле өткөн жыл ичинде ал Британиядагы 306 жана чет өлкөлөрдөгү 35 иш-чарага катышкан.
Королеванын мындай бекем ден соолугу узак жашоо тууралуу эмнени баяндап бере алат?

Жакшы ген үчүн ханыша 101 жашка чейин жашаган өз энесине алкыш айтышы керек. Оксфорддун Узак өмүр институнун профессору Сара Харпердин айтымында, өмүрүңүздүн узактыгы көпчүлүк учурда сиздин гендериңиз менен байланыштуу жана ага көз каранды.

"Эгерде сиздин 80-90 жашка чыккан чоң ата, чоң энелериңиз болсо, анда сиз жакшы генди мураска алып калдыңыз деген үмүт бар. Сиздин иммунитетиңиз бекем болуп, мисалы, рак жана жүрөк-кан тамыр ооруларына чалдыгуу мүмкүнчүлүгү төмөн болот”, - дейт ал.

"Гендер ошондой эле чектен чыккан кадамдарга баруудан да токтотуп таасир этет. Алар мисалы, кооптуу аракеттер, ашыкча тамак жеп ичимдик ичүү болушу мүмкүн", - деп белгилейт профессор Харпер.

Ханышанын атасы Георг VI 57 жашында дүйнө менен кош айтышкан, анын чоң атасы Георг V 70 жашка чыккан. Бирок, экөө тең тамеки чегүүгө байланышкан оорулардан улам көз жумган.

Анын чоң энеси 85 жашында дүйнө салган, тайэнеси менен тайатасы 89 жана 75 жашка чыккан.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу