23/04 13:09
 

Этти кантип тандоо керек?

 Этти кантип тандоо керек?

Бишкек, 23-апрель /Кабар/. Шаар шартында баарыбыз эле этти базардан же дүкөндөрдөн сатып алууга аргасызбыз. Ошол эле учурда этти туура тандай билүү да керек. Бул үчүн төмөнкүлөргө көңүл бурсаңыз жаңылбайсыз:

- Эң биринчи дайыма базардан ала турган болсоңуз, андагы “бетинде кызылы бар” эт саткычка туруктуу кардар болуңуз. Ал сизге сапатсыз эт сатканга же таразадан алдап таш бака болгонго бети чыдабайт. Анткени ага туруктуу кардар керек. Анын үстүнө ал “муну ал, тигини ал” деген “ак пейилден чыккан” кеңешин аябайт эмеспи.

- Анан калса эт саткычка ишенбей, өзүң деле бирдемени билип алсаң ашык болбойт. Айталы эттин мыктысы ачык кызгылт келип, колго алып көрсөң колуңда эч кандай изи да калбайт. Ошондой эле жагымсыз жыт же кандайдыр бир тактар болбошу зарыл. Эт жумшак тартып, солкулдап тургандай болсун. Таза эле шектенип турсаң сөөмөй менен сайып көрсөң чуңкурая түшкөнү менен ошол замат кайра калбына келе калса эттин “атасына” жолукканың. Кылчактабай дароо алыңыз.

- Бирок, “касапчы атасына сөөк сатарын” да эсиңерден чыгарбагыла. Ал үчүн эттин кайсы бөлүгүндө сөөк көп болушу (мисалы жиликтин башы) керектиги экендигин да билип алыңыз. Болбосо эт ордуна сөөк сатып барып, аялыңыз ошол сөөктү бышырып туруп кашкайта мүлжүтүп катуу жазалайт.

- Ошондой эле кезектеги этти кайсы максатта же кандай тамак жасаганга сатып алганы жатканыңызды “сүйүктүү” касапчыңыз менен кеңешип алганыңыз дурус. Мисалы шорпо-шиленге кабырга, төш эттери оң болсо, беш бармакка албетте сан эттерден өтөрү жок. Болбосо беш бармакка керектелүүчү кайран этти майдалап шорпо кылып салсаңыз, убал эле болот. Ал эми кабырга, төштүн эттерин беш бармакка туурай албасыңды да эстен чыгарба.

Даярдаган Темирбек Алымбеков

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу