23/04 11:49
 

Тиш эмнеге саргарат жана кантип алдын алса болот?

 Тиш эмнеге саргарат жана кантип алдын алса болот?

Адистер тиш эмне үчүн саргарарын жана аны менен кантип күрөшүү керектигин айтып беришти.

1. Генетика

“Тиштин өңү ар бир кишиники ар башка. Төрөлгөндө эле тиштин түсү кандай болору ген аркылуу келет”, - дейт Испаниядагы стоматологиялык колледж жетекчиси Оскар Кастро Рейно.
Дарыгердин айтымында, тиштин эмалына же мүлкүнө доо кетирген бир катар тубаса оорулар бар. Ал тишти саргартып, кээде карартып да жибериши ыктымал. Бул процесс балага ата-эне аркылуу берилет. Ошондой эле калкан безинин иштөөсү бузулганда дагы тиштин өңү бузуларын айтат дарыгер.

2. Тамак-аш жана суусундуктар

Биз жеген айрым тамактардын пигменттери тиштин эмалы аркылуу дагы тереңирээк ткандарга кирип кетиши мүмкүн. Маселен, кофе же кара чай. Дарыгер Кастронун белгилешинче, көк чай дагы кола же кызыл шарап сыяктуу тишке сары өң бериши мүмкүн.
Ошондой эле курамында каротини бар азыктар дагы тишке таасир этет. Мисалы, сабиз, помидор жана шпинат. Кээде биз ичкен кадимки суу дагы тишке өң берет, эгер курамында фтор көп боло турган болсо. Бул тиштин эмалдары жабырланчу флюороз оорусуна алып келет.

3. Дары-дармек

"Айрым тетрациклин сыяктуу антибиотиктер тиштин ткандарын тосуп, иштөө формасын бузат. Андан улам тиш бозумук тарта баштайт жана түрдүү сызыкчалар пайда болот", - деп сөзүн улайт Кастро. Тишти дарылоо учуру дагы кооптуу. Тиштин нервтери өлтүрүлгөндөн кийин, ткандар карарышы толук ыктымал.

4. Карылык жана көңүл кош мамиле

Тиштин өңүнүн бузулушуна байланыштуу дагы бир факторду унутпаш керек. Жаш өткөн сайын тиш өз түсүн жогото баштайт. Бул табигый көрүнүш. Бирок бул жерде бир нерсени эске алыш керек, ал биз тишибизге канчалык маани берип, кандай тазалап турарыбыз. Дарыгердин айтымында, тишти тазалоо эң башкы ролдо турат.

Тиш саргаруудан кантип кутулса болот?

Биз убакытты токтото албайбыз, бирок тишке туура кам көрүнүү үйрөнүп, аябай саргарып кетүүсүнүн алдын алса болот. Ал үчүн айрым нерселерден баш тартышыбыз керек. Мисалы, тамеки чегүү адаты.

Эгерде сиздин тишиңиздин өңү абдан ойлондуруп жатса анда дарыгерге кайрылышыңыз керек.
"Үй шартында тишти агартуу эффект берет албетте, бирок маалымат каражаттарындагы жарнактардай агартуу мүмкүн эмес экенин билүү зарыл. Лимон суусун колдонуп агартам дегендер бар, бул жемиш тиштин эмалын бузуучу болуп саналат. Ал эми агартуучу тиш пасталарына да ишенүү туура эмес. Ал өз продукциясын сатуунун амалы", - дейт Кастро.

Апакай жана абдан жаркыраган түстү жасалма жол менен гана жасоого болорун эскертет дарыгер.

Маалымат интернеттен алынды

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу