02/04 12:17
 

«Атактуулар арасында кол күрөш» сынагы өттү

   «Атактуулар арасында кол күрөш» сынагы өттү

Борбордогу соода борборлорунун биринде «Атактуулар арасында кол күрөш» сынагы болуп, кыргыз шоу дүйнөсүнүн өкүлдөрү күч сынашты. Бул иш-чарага Роза Шакирова, Замир Арыкбаев, Гүлнур Асанова, Азиза, Аяна Касымова, Нурболот Теңизбек, Асел Кадырбекова, Данияр Эрматов, Ширин Сарыгулова, Санжар Мыкыев, Зияш Турдубеков жана башкалар катышышты. Жыйынтыгында эркектер арасында 65 килограммга чейинки салмакта Зияш Турдубеков 1-орунду алды. Ал эми кыздар арасында 60 килограммга чейинки салмакта Гүлнур Асанова жеңүүчү болсо, Роза Шакирова 60 килограммдан жогорку салмакта 1-орунду ээлеп, жеңүүчүлөр ар кандай белектерге ээ болушту. 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу