Интервью

Сентябрь 2017
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
16/01 18:17
 

Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси эки өлкөнүн ортосундагы мамилелери жана келечеги тууралуу

Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси эки өлкөнүн ортосундагы мамилелери жана келечеги тууралуу

Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы дипломатиялык мамилелер 1993-жылы 16-февралда түзүлгөн. Эки тараптуу мамилелер тең укуктуулук жана бири-биринин кызыкчылыктарын урматтоонун негизинде эки тараптуу кызматташтык чөйрөсүндө жетишилген келишимдерди жүзөгө ашырууга умтулуу менен мүнөздөлөт. Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы өз ара түшүнүүчүлүк, негиздүүлүк жана туруктуулукту сактоо, эки тарапка бирдей пайдалуу долбоорлорду ишке ашыруу эки өлкөнүн тең кызыкчылыктарына жооп берет.

1996-жылдан бери эки тараптуу кызматташтык боюнча бирдиктүү кыргыз-өзбек өкмөттөр аралык комиссия иштеп келет. Соода айландыруу деңгээли боюнча КМШ өлкөлөрүнүн ичинен Өзбекстан Россия менен казакстандан кийинки үчүнчү орунда турат жана 2016-жылы соода жүгүртүү 140,3 млн долларды түзүп, 3 эсеге көбөйгөн.
Кыргызстандын Өзбекстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Сыдыков Данияр Батырович эки өлкөнүн мамилелери жана келечеги тууралуу “Кабар” агенттигине маек курду.

Маалымат үчүн:

Сыдыков Данияр Батырович 1975-жылы төрөлгөн, кыргыз, үч жогорку билимге ээ — экономикалык, эл аралык мамиле жана саясий менеджмент.
Эмгек ишмердүүлүгү Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында башталган, ал жерде 1996-жылдан баштап 2 жылдай эмгектенген.

Кыргыз Республикасынын ТИМ системасында 1998- жылдан баштап эмгектене баштаган. Бул жаатта атташеден баштап Министрликтин статс-катчылыгына чейинки дипломатиялык карьеранын бардык тепкичин басып өткөн. Үчүнчү, экинчи, биринчи катчы, бөлүм башчы, директордун орун басары, департаменттин директорунун орун басары, Индиядагы элчиликтин консулу, Россияданы элчиликтин кеңешчиси, Ош шаарындагы Ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктүн жетекчиси.

Ошондой эле, жетектөөчү кызматтарда Кыргыз Республикасынын Интеллектуалдык жеке менчик мамлекеттик кызматынын директорунун орун басары жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн бөлүм башчысы катары иштеген.

2016-жылдын 22-июнунда Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен, Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалган.
«Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу кичи элчиси» дипломатиялык рангы бар. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын ТИМнин Ардак грамоталары менен сыйланган.
Англис жана орус тилдеринде эркин сүйлөйт.
Үй бүлөлүү, үч эркек бир кызды тарбиялап жатат.

 

- Азыркы учурда биздин эки тараптуу мамилелер кандай абалда, биринчи кезекте соода-экономикалык мамилебиз?

- Биздин боордош элдерибиз терең тарыхый тамырга ээ: бул биздин тилдердин, каада-салттардын окшоштугу, калкыбыздын бири-бирине жакындыгы жана ата-бабаларыбыз тарабынан кылымдап негизделген, ынтымактуу коңшулук мамилеси.

Азыркы муун биздин элдердин тарыхый баалуулугун сактоосу зарыл. Бул мамилелер Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы өз ара пайдалуу кызматташтыкты мындан ары да өнүктүрүү зарылдыгын аныктап турат.

Эки тараптуу мамилелердин деңгээлинин азыркы абалы, 2016-жылдын 24-июнунда Ташкент шаарында болгон Шанхай кызматташтык уюмунун саммитинин алкагында, биздин өлкөлөлөрүбүздүн башчылары Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев менен Өзбекстан Республикасынын Биринчи Президенти Ислам Каримовдун эки тараптуу жолугушуусунун учурунда тапшырылган жана ошол жетишилген келишимдер бүгүнкү күндөгү, биздин өлкөлөрдүн жана элдердин ортосундагы тыгыз өз ара иш-аракеттердин жана өз ара жардамдын ачкычы болуп эсептелет.

Жакында эле, 1-октябрда Андижан шаарында жана 26-октябрда Ош шаарында болуп өткөн достук сапарлары менен алмашуу алкагында Кыргызстан менен Өзбекстандын өкүлдөрүнүн ортосундагы жолугушуу буга ачык мисал боло алат.

Иш-чаралар Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри М.Абулгазиев менен Өзбекстан Республикасынын Премьер-министринин орун басары А.Икрамов башында турган Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарынын башчылары менен жана Ош шаарынын Андижан, Наманган жана Фергана облустарынын жетекчилери менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү уюштурууга мүмкүнчүлүк түздү.

Шавкат Мирзиёевдун Өзбекстан Республикасынын Президенти болуп шайланышы менен, кыргыз-өзбек эки тараптуу мамилелери жаңы импульска ээ болду жана ушул жылы 20 жыл болгон Түбөлүк достук жөнүндө келишимдин негизинде негизделген өз ара пайдалуу кызматташтык маанайындагы конструктивдүү диалог улантылып жатат.

Муну, Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев жылуу тосуп алган, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин Самарканд шаарына болгон жумушчу сапары тастыктай. Бул анын Президент катары башка мамлекеттин башчысы менен болгон алгачкы жолугушуусу болуп эсептелет. Кыргызстан менен Өзбекстандын Президенттери Өзбекстан Республикасынын Биринчи Президенти Ислам Каримовдун жайына барышты жана анын жаркын элесин эскеришти. Андан соң, Шавкат Миромонович Алмазбек Шаршеновичти өзбек-немец «Man Auto-Uzbekistan» ишканасынын ишмердүүлүгү менен жана өлкөдө эл тарабынан көп талап кылынган товарлардын жана Өзбекстандын текстилдик жана автомобиль өндүрүшүнүн продуктуларынын көргөзмөсү менен тааныштырды.

Ошондой эле, сапардын алкагында Кыргызстандын Президенти Алмазбек Атамбаев менен Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёевдун сүйлөшүүлөрү жүргүзүлдү, анда кыргыз-өзбек кызматташтыгынын саясий, соода-экономикалык, маданий гуманитардык жааттарда, ошондой эле, коопсуздук жаатындагы мындан аркы маселери талкууланды. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында өлкө башчылары Кыргыз Республикасына жана Өзбекстан Республикасына өз ара расмий сапарлар менен баруу жөнүндө чакыруулар менен алмашышты.

Өз кезегинде, биздин Президентибиз Алмазбек Атамбаев тарбынан тийиштүү түзүмдөргө, анын ичинде элчиликке кабыл алынган макулдашууларды бекитүү боюнча, аларды иш жүзүнө ашыруу багытында маселелерди иштеп чыгуу үчүн айкын тапшырмалар берилген.

Учурда, элчилик бул багытта иштерди баштады.
Соода-экономикалык жаатта кыргыз-өзбек эки тараптуу кызматташтыгынын кырдаалы жөнүндө кеп кылсак, эки өлкөнүн азыркы реалдуу мүмкүнчүлүктөрүнө жооп бербейт десек болот. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин маалыматы боюнча, 2016-жылдын 9 айына товар айлантуунун көлөмү $140,3 млн. долларды түзгөн. 2015-жылдагы окшош аралыкка салыштырмалуу 46,3% көбөйгөн, анын ичинде экспорт $93,2 млн. (78,9% көбөйгөн), импорт – $47,1 млн. (7,3% көбөйгөн) түзгөн.

Кыргызстандан Өзбекстанга көмүр, таш, травертин, спирт, ысытуу лампалары, транспорттук каражаттарга тетиктер, сатуу товарлары, айыл-чарба продукциялары, жуучу каражаттар жеткирилип жатат. Өзбекстандан Кыргызстанга жер семирткич, химиялык өндүрүш продукциялары, коньяк спирти, текстиль продукциялары жана жеңил өндүрүш, табигый газ, майлоочу май, айыл-чарба продукциялары, машина куруу продукциялары импорттолот.

«Эйр Кыргызстан» жана «Өзбекстан Хаво Йулари» авиакомпаниялары ортосунда аба билдирүүсү жаатында кызматташуу улантылууда, Алар Бишкек жана Ташкент ортосундагы өз ара аба каттамдарын ишке ашырат. Учурда бул жаатта кызматташтыкты мындан ары кеңейтүү жөнүндө сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

Айыл чарба жаатында кызматташтыкты өнүктүрүү алкагында, биздин элчилик жергиликтүү башкаруу өкүлдөрүнүн, Ош жана Жалал-Абад облустарынын, «Фермер Органик Гарден» ЖЧК, «Араб» дыйкан чарбасы, «Агротехсервис» кооперативинин өкүлдөрүнүн, жеке ишкерлеринин курамындагы кыргыз делегациясынын 2016-жылдын 8-10-ноябрында Ташкент шаарында болгон Биринчи Эл аралык жер-жемиштер жарманкесине катышуусуна көмөк көрсөттү. Тараптар ортосунда көптөгөн келишимдер түзүлгөнү белгилүү.

- Биздин эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө динамика берүү боюнча эмнелер жасалды жана кандай пландар бар?

- Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы мамилелерди өнүктүрүү жана тереңдетүү максатында элчилик гуманитардык, билим берүү, туризм жана илим жааттарында жигердүү иштерди улантып жатат.

Кыргызстан менен Өзбекстандын ишкерлеринин ортосунда инвестицияларды жана бизнес долбоорлорду кеңейтүү боюнча экономикалык дипломатияны алга жылдыруу боюнча иштер уланууда.

1996-жылдан бери соода-экономикалык жана маданий кызматташтык боюнча Биргелешкен кыргыз-өзбек өкмөттөр аралык комиссия иштейт. Ошондой эле, комиссиянын 7 отуруму болуп өткөн. Анын акыркысы 2009-жылдын 28-декабрында болгон. Учурда, биз Бишкек шаарында ӨАКтын кезектеги отурумун өткөрүүнү жана биргелешип соода-экономикалык, маданий-гуманитардык кызматташтыктын жаңы деңгээлин аныктоону болжолдоп жатабыз. Ошондой эле, маанилүү багыттардагы артыкчылыктарды да белгилөөнү көздөп турабыз.

Маданий-гуманитардык кызматташтыкты алга жылдыруу максатында 2017-жылы Кыргызстан менен Өзбекстандын Маданият күнүн өткөрүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу зарыл. Кыргызстан элинин ассамблеясы жана Өзбекстандын Коомчулуктун достугу кеңешинин жана маданий-агартуу байланыштарынын ортосундагы кызматташтыкты жөнгө салуу маанилүү.

Экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү планында бизнес-форумдарды, эки өлкөнүн жетишкендиктеринин жарманкесин өткөрүү, Кыргызстан менен Өзбекстанда өткөрүлгөн ар кандай жарманке/көргөзмөлөрдө катышуу болуусу талашсыз, анан албетте биргелешкен ишканаларды куруу мүмкүндүгү.

Эң башкысы, Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын чек ара постторундагы чектөөлөрдү жана тосмолорду азайтуу жана акырындык менен алып салуу, жакынкы келечекте кыргыз-өзбек соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүүдө экономикалык локомотив болушу мүмкүн.

- Бидин өз ара мамилелерди өнүктүрүүдө кандай жетишкендиктерди көрүп жатасыз?

- Бүгүн кабыл алынып жаткан чаралар жана мерчемделген пландар, жакынкы келечекте өз ара иш-аракеттердин баардык жаатында Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү деңгээлин көтөрүүгө мүмкүндүк берет.
Бул үчүн ишмердүүлүк аянты кенен. Бул мындан аркы товар айлантууну кеңейтүү, чектеш аймактардын жана эки өлкөнүн ишкер, чыгармачылык, спорттук, туристтик чөйрөсүнүн өкүлдөрүнүн ортосундагы достук байланыштарды жөнгө салуу.

Ошондой эле, алардын ар кандай көргөзмөлөргө, концерттерге, симпозиумдарга катышуусу, мындан тышкары биргелешип спорттук мелдештерди, жаштар спартакиадасын өткөрүү жана кинофильмдерди көрсөтүү актуалдуу болуп эсептелет. Элчилик алардын түздөн-түз байланышуусун орнотууда жана кеңейтүүдө активдүү катышуусун улантат.

Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын чек арага жакын аймактарында кызматташтыктарды активдештирүүнүн натыйжасында Кыргызстан менен Өзбекстандын областтары ортосунда чек ара кызматташтыгынын Жол картасын кабыл алуу максатка ылайык экендигин белгилей кетүү зарыл. Ошондой эле, кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселеси биздин эки тараптуу мамилелерде абдан маанилүү экендигин эске алуу менен, бул багытта Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ыйгарым укуктуу органдарынын активдүү иштерин улантуу зарыл. Жана жакынкы аралыкта, биз алардын узак жана түйшүктүү иштеринин жыйынтыгын көрө алабыз.

- Кыргызстандын ЕАЭБге кирүүсү кыргыз-өзбек мамилелерине кандай таасирин тийгизди?

- Кыргызстандын ЕАЭБге кирүүсү кыргыз-өзбек эки тараптуу мамилелерине эч кандай терс таасирин тийгизген жок.
Бүгүнкү күндө Кыргызстан менен Өзбекстан КМШ, ШКУ, ИКУ жана башка эл аралык уюмдар сыяктуу интеграциялык биримдик алкагында ишкер байланыштарды колдоону жигердүү колдойт.
Салтанаттуу иш-чараларда, 2016-жылдын 7-декабрындагы Өзбекстан Республикасынын Конституция күнүн майрамдоо жана Шавкат Мирзиёевдин Өзбекстан Республикасынын Президенти кызматына отурган күнү, 2016-жылдын 8-декабрындагы ЕККУ Тышкы иштер министрлеринин кеңешинин 23-жолугушуусунда, Өзбекстан Республикасынын Тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов Өзбекстандын тышкы саясий ишмердүүлүгүндөгү башкы артыкчылык катары Борбор Азия аймактары болуп эсептелерин, өзгөчө жакынкы коңшулары менен мамилелеринде ачык, бейкут жана прагматикалык саясат экенин баса белгиледи.

- Республиканын экономикасына жаңы инвестицияларды тартуу планында кандай иштер жүргүзүлүп жатат?

- Бүгүнкү күндө Өзбекстан автомобил куруу, курулуш, экинчи жолку сырьену кайра иштетүү, коммуникация жана транспорт түйүнүндө маанилүү жетишкендиктерге жана ийгиликтерге жете алды.
Биргелешкен ишканаларды түзүү, чет элдик инвестицияларды тартуу боюнча тажрыйбада инвестициялык шарттарды изилдөө максатында, Элчилик, Өзбекстандын бизнес түзүмдөрүнүн өкүлдөрү менен байланыштарды жөнгө салууну активдүү изилдеп жатат.
Оң жактуу мисал катары, жеңил автоунааларды чыгаруу боюнча GM Uzbekistan биргелешкен өзбек-америка ишканасы жана оор жүк ташуу машиналарын чыгаруу боюнча өзбек-немец JV MAN Auto Uzbekistan ишканасы жөнүндө айтсак болот.

Ошондой эле, инвестициялык кызматташтыктын башкы эпицентрлеринин бири болуп эсептелген эркин экономикалык аймакты түзүү боюнча Өзбекстандын тажрыйбасы кызыктырат. Учурда, өзбек тарабы дагы ушундай 4 ЭЭА түзүү маселесин карап жатат. Бул учурда аларды түзүү, калыптандыруу жана практикалык натыйжа процессинин бардык алгоритми биз үчүн кызык.
Өзбекстандын жогоруда көрсөтүлгөн жетишкендиктерин эске алуу менен, республикаынын экономикасына инвестицияларды тартууда Элчилик бул багытта, ошондой эле, Кыргызстандын экономикасы үчүн ал же башка инвесторлорду тартуу мүмкүнчүлүгү боюнча иштерди активдештирет.

Албетте, институциалдык циклди басып өтүү менен –бизнес - жолугушууларды, форумдарды, тегерек столдорду, конференцияларды, көргөзмөлөрдү, жарманкелерди жана башка иш-чараларды өткөрүү, биздин өлкөлөрдүн экономикасын өнүктүрүү үчүн реалдуу иштерди иштеп чыгууда аларды ишке ашырышыбыз зарыл.

Жыйынтыктап жатып, 2016 – жыл өзгөчө жыл болду, 2016 – жылдын декабрындагы Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин Өзбекстан Республикасына болгон жумушчу сапары кыргыз-өзбек мамилелеринде жаңы барактарды ачканын белгилей кетейин. Биздин өлкө башчыларынын түз байланышынын башталышы, алардын өз ара расмий сапарлардын призмасы аркылуу улантуу ниети, жолдуу жылдыз жана биздин жакшы пикирлерибиздин вектору боло алат.

Маектешкен Эрмек Абдрисаев

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу