Интервью

Сентябрь 2017
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
30/12 12:51
 

Жайыт пайдалануучу бирикмелер аларга берилген гранттарды кантип пайдаланып жатышат?

 Жайыт пайдалануучу бирикмелер аларга берилген гранттарды кантип пайдаланып жатышат?

Кыргызстандын Жайыт пайдалануучулар бирикмелери 2015-жылдан баштап “Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү-1,2” долбоорунан гранттарды ала башташты. Бул долбоорлор Өкмөттүн демилгеси жана Айыл чарбаны өнүктүрүүнүн эл аралык фондунун финансылык жардамы менен ишке ашырылат. Кыргызстан боюнча ар бир айылдык аймакта жайгашкан Жайыт пайдалануучулар бирикмесине жардам көрсөтүү абдан маанилүү жана масштабдуу болуп саналат.

Гранттар кандай максат менен берилип жатат, кандай муктаждыктарга керектелүүдө, берилген жардамдан кандай натыйжа күтсө болот, бул тууралуу долбоорлордун социалдык мобилизациялоо боюнча адиси Мирбек Досуев биз менен ой бөлүштү.

Гранттар боюнча кыскача маалымат

Жайыт пайдалануучу бирикмелерге гранттарды бөлүп берүү “Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү-1,2” улуттук деңгээлдеги долбоорлордун дизайнында каралган. Биринчи долбоор Нарын, Ысык-Көл облустарында жана Жалал-Абад облусуна караштуу Тогуз-Торо районунда (2013-2018) болсо, ал эми экинчиси Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарында (2014-2019) иш жүзүнө ашып жатат.
Гранттарды берүүнүн негизги максаты айыл аймактарында жайыттарды башкарууну өнүктүрүү, айыл чарба тармагындагы маселелерди чечүү, айыл жергесинде жакырчылыкты жоюуну көздөйт. Гранттын орточо көлөмү 38,5 миң АКШ долларын түзөт, болжол менен 16 миңден

100 миң АКШ долларына чейин берилет.
Талас жана Чүй облустарынын Жайыт пайдалануучу бирикмелери ушундай эле гранттарды “Жайыттарды башкарууну жана мал чарбачылыгын жакшыртуу” долбоору аркылуу алышат. Аталган долбоор 2015-жылы башталган, Бүткүл дүйнөлүк банкы тарабынан каржыланат.

- Айтсаңыз, бүгүнкү күндө Жайыт пайдалануучу бирикмелерге гранттарды бөлүп берүүнүн кажети барбы?

- “Мал чарбачылыгын жана рынокту өнүктүрүү” долбоорунун дизайнында жакырчылыкты кыскартуу, айыл коомчулугунда экономикалык өсүштү жогорулатуу деген пунктар камтылган. Мына ошол себептен Жайыт пайдалануучулар бирикмелери инвестициялык кичи долбоорлорду ишке ашыруу үчүн гранттар бөлүнүп берилет. Кыргызстан 9 млн га жайыттарга ээ. Бардык айылдыктар кичиби же чоңбу айыл чарба өндүрүшчүлөрү болуп саналат. Алар мына ушул Жайыт пайдалануучу бирикмелер институту аркылуу айыл чарба бизнесине кирүү шарттарын жакшыртуу, жайыттардын сапатын өздөштүрүү, качандыр бир убакта жоголуп кеткен инфраструктураларды түзүү, мына ошону менен алар үчүн жашоосунда киреше булагы катарында кызмат кылган жайыттарды башкаруудагы жоопкерчиликтүү коомчулуктун өзүн өнүктүрсө болот.

- Алар грантты кайсы максатка жумшайт?

- Бардык Жайыт пайдалануучу бирикмелердин керектөөлөрү бирдей болуп жатат. Алсак, алар жайытка барчу көпүрөлөрдү, жолдорду салуу, малдардын ден-соолугун коргоо үчүн шарттарды жакшыртуу, экскаватор, трактор сокосу менен, фронталдык погрузчик, комбайн сыяктуу атайын техникаларды алуу болуп саналат.

Өкүнүчтүүсү, көпчүлүк айылдарда тоют өндүрүү үчүн зарыл болгон керектүү жабдуулар жок. Бүгүнкү күндө Нарын районунун Дөбөлү айылында жана Кочкор районунун Сары-Булак айылында, мындан сырткары Тоң районундагы Улахол айылында гана техникалар колдонулуп жатат. Эки жайыт комитети техникалардын жеткирилип беришин күтүп жатышат. Быйылкы жылы Жайыт комитеттеринин гранттык каражаттарына койлорду кыркуу үчүн көп аппараттар сатылып алынды. Бул прибор абдан актуалдуу болуп саналат. Көпчүлүк малчылар үчүн кошумча акча табуу каражаты болуп калды. Койлорду кыркуу үчүн топтор уюшулуп, кызмат көрсөтүүдөн түшкөн акча каражатын жарым бөлүгү өздөрүнө, ал эми жарымы Жайыт комитетине беришет. Сатылып алынган каражаттарды кантип пайдалануу керек— бул суроолор боюнча атайын окуулар өткөрүлгөн.

- Гранттарды алуу процесси кандай жүрүп жатат?

- Биринчиден, жайыттарды башкаруу планын иштеп чыгуу, экинчиден грантты берүү шарттары, аны пайдалануу жана милдеттүү тараптар жазылган ар бир бирикме менен алкактык келишим түзүлөт. Бир алкактык келишимге бир катар кичи долбоорлор даярдалышы мүмкүн. Жайыт комитетке үч грант берилет. Ал эми ар бир грант үч этапка бөлүнүп берилет. Бул гранттарды туура эмес пайдалануу коркунучун алдын-алуу, Жайыт пайдалануучу бирикмелердин ички ресурстарын мобилизациялоо, көзөмөлгө алуу жана административдик иштерди жеңилдетүү үчүн жасалган. Ар бир грантты алуу алдында Жайыт комитеттери, Айыл өкмөттөрү, жергиликтүү кеңеш бардыгы биргеликте кичи долбоорлорду ишке ашыруу үчүн план түзүшүп, жайытты пайдалануу акыларын чогултуу талаптарын аткарышып, институционалдык бааларды өткөрүшөт. Эгерде Жайыт комитети чоң долбоорду ишке ашыруу үчүн чоң суммадагы акча каражатын алгысы келсе, анда биринчи гранттан баш тартып, экинчи менен бирге алса болот.

- Гранттын өлчөмү кандай?

- Ар бир жерде ар башкача - айыл аймагынын калкынын санына, малдын санына, жайыт жеринин аянтына жараша болот. Бирок, орточо алганда 38,5 миң АКШ долларын түзөт. Кичи долбоордун 25% жайыт пайдалануучулардын өздүк салымы болушу керек. Анын ичинде 5% накталай, гранттык каражат 75%дан ашпоо керек.

- Микродолбоорлорду ишке ашырыш үчүн накталай акча каражаттарын чогултканда кыйынчылык болгон жокпу?

- Бул суроо боюнча айылдык округ жоопкерчиликтүү. Айрым жайыт комитеттеринде ар бир жашоочу 10-20 сомдон беришсе, анда керектүү акчаны чогултса болот деп чечишти. Ысык-Көл облусунда Кумтор ишканасы каржылоочу өнүктүрүү фонду бар. Жайыт комитеттери фондго кайрылып, өздүк салымдарына акча алууга мүмкүнчүлүктөрү бар. Ал эми Нарын облусунда мындай фонд жок болгондуктан марафондорду уюштуруу, ишкерлер менен жолугушуу өткөрүү иш-чаралар аркылуу накталай акча каражаттарын чогултушат.

- Жайыт комитеттери гранттарды акчалай түрүндө ала алышабы?

- Бардык кичи долбоорлор тендердик негизде өткөрүлөт. Эгерде кичидолбоорлордун бюджети $5000 төмөн болсо, анда тендерди Жайыт пайдалануучу бирикмелер өздөрү өткөрүшөт. Жеңип алган компания көпүрөлөрдү, жолдорду же купкаларды куруп же ремонт иштерин жүргүзүшөт. Эгерде кичидолбоорлордун каражаты $5000 жогору болсо, анда АРИС өздөрү өткөзүшөт. Жеңген компания техниканы белгиленген жерге алып барып берет.

- Учурда канча Комитет грант алды?

- Нарын жана Ысык-Көл облусунун жайыт комитеттеринин 96% гранттарды алышты. Айрымдары көп суммадагы акча каражатын алуу үчүн биринчи гранттан алуудан баш тартышты. Экинчи грант менен чогуу алуу пландаштырылууда.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу