Интервью

Январь 2017
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
20/12 11:37
 

Болот Отунбаев: «2017-жыл кыргыз-россиялык эки тараптуу кызматташуусунун өнүгүү жолундагы негизги жылдардан болот»

 Болот Отунбаев: «2017-жыл кыргыз-россиялык эки тараптуу кызматташуусунун өнүгүү жолундагы негизги жылдардан болот»

Эгемендүү Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы дипломатиялык байланыштар 1992-жылдын 20-мартында орногон. Бүгүнкү күнү өз ара аракеттердин конкреттүү багыттарын жөнгө салуучу 130 келишим, макулдашуу жана башка документтер эки тараптуу кызматташуунун келишимдик-укуктук базасын түзөт. 1992-жылдын 10-июнунда КР менен РФнын ортосунда достук, кызматташуу жана өз ара жардам жөнүндө келишимге, 2000-жылдын 27-июнунда КР менен РФнын ортосунда түбөлүк достук, союздаштык жана өнөктөштүк жөнүндө Декларацияга кол коюлган. Кыргыз-россиялык мамилелер стратегиялык өнөктөштүк мүнөзгө ээ жана саясий өз ара байланыштардын жогорку деңгээли менен айырмаланат. Мамлекет башчыларынын деңгээлиндеги байланыштар аймактык уюмдардын (КМШ, ШКУ, ЕврАзЭС, ЖККУ) жогорку органдарынын жыйындарынын алкагында жана эки тараптуу негизде ишке ашырылууда. Парламенттер аралык байланыштар көп тараптуу (КМШнын, ЖККУнун жана ЕврАзЭСтин Парламенттер аралык Ассамблеясында) жана эки тараптуу форматтарда да өнүгүүдө. Эки өлкөнүн ортосундагы эки тараптуу мамилелер жана анын келечеги тууралуу “Кабар” Кыргыз улуттук маалымат агенттигине Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Болот Исакович Отунбаев маек куруп берди.

Маалымат катары: Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси: 2012-2015-жылдары – Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси, 2012-жылдын 8-октябрынан баштап – айкалыштырып иштөө менен Кыргыз Республикасынын Швеция Королдугундагы, Сан-Марино Республикасындагы жана Ыйык Престолдогу Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси, 2012-жылдын 2-ноябрынан баштап – айкалыштырып иштөө менен Кыргыз Республикасынын Дания Республикасындагы жана Норвегия Королдугундагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси, 2015-2016-жылдары – Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Өзгөчө тапшырмалар боюнча элчиси 2016-жылдын 9-мартында Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалган. Кошумча маалымат: “Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси” дипломатиялык рангына ээ.

-  Азыркы кезде эки тараптуу кызматташууну динамикалуу түрдө өнүктүрүү үчүн эмнелер жасалууда жана кандай пландар коюлууда?

- Бүгүнкү күнү кыргыз-россиялык мамилелер ургаалдуу түрдө өнүгүүдө, эки тараптуу өз ара байланыштардын артыкчылыктуу багыттары боюнча көптөгөн актуалдуу маселелерин чечүүгө көмөк болуучу кызматташуунун бардык деңгээлдеринде активдүү саясий диалог уланууда. Өтүп бара жаткан жыл ичинде эле Кыргыз Республикасынын Президенти А.Атамбаевдин Россия Федерациясына бир сапары (март), КРнын Премьер-министри С.Жээнбековдун эки сапары (август, ноябрь), Россия Федерациясынын Президенти В.Путиндин Кыргызстанга бир сапары (сентябрь), Россия Өкмөтүнүн Төрагасы Д. Медведевдин Кыргызстанга эки сапары (июнь, ноябрь) ишке ашырылды. Парламенттер аралык кызматташуу да өз деңгээлинде өнүгүүдө. КРнын Жогорку кеңешинин Төрагасы Ч. Турсунбеков май жана ноябрь айларында Россияга сапары менен барып келди. Ошондой эле, үстүбүздөгү жылдын апрель айында РФнын Мамлекеттик Думасынын Төрагасы С.Нарышкиндин Кыргызстанга болгон сапары ишке ашты. Эң жогорку жана жогорку деңгээлдердеги сапар алмашуулар эки тараптуу кызматташуунун күн тартибинин дээрлик бардык тармактарын жана көп кырдуу кызматташууну мындан ары тереңдетүүнүн кадамдарын талкуулоого кеңири мүмкүнчүлүк берет.

Келе жаткан 2017-жыл эки өлкөнүн ортосундагы кызматташуунун олуттуу жылдарынан болот, анткени бул жылы Кыргызстан менен Россиянын ортосунда дипломатиялык мамилелердин орногонуна 25жыл толот. Мына ушуга байланыштуу эки өлкөнүн ортосунда саясий жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө бир топ маанилүү иш-чаралар пландаштырылууда. Россия Кыргызстандын стратегиялык өнөктөшү жана ишенимдүү союздашы болуп саналат. Биз Россия менен кызматташууну бардык болгон мүмкүнчүлүктөр менен өнүктүрүүгө кызыктарбыз. Буга күбө катары Кыргызстандын Евразиялык экономикалык комиссияга мүчө катары кирүүсүн белгилесек болот. Мындай кадамдын максаты – кыргыз-россиялык өнөктөштүктүн мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, капиталды, жумушчу күчтү эркин жайгаштыруу жана тышкы экономикалык координациялоо аракеттерин орнотуу. Ушулар менен катары эле жакынкы келечекте Россияда жайгашкан кыргызстандык эмгек мигранттарынын социалдык-укуктук абалдарын жакшыртууну улантуу, искусство, билим берүү, туризм, спорт жана эркин маалымат алмашуу тармактарында кызматташууну өркүндөтүү, ошондой эле эки өлкөнүн ишкердик чөйрөлөрүнүн, жарандык коомдорунун мүмкүнчүлүктөрүн ишке тартуу максаттары да коюлган.

- Эки өлкөнүн соода-экономикалык мамилелери азыркы кезде, айрыкча Кыргызстандын ЕАЭБге киргенден кийинки мезгилде кандай абалда болууда?

- Азыркы кезде кыргыз-россия соода-экономикалык кызматташуусунда жогорку диалогдук өсүү сакталууда. Эки өлкөнүн ортосунда олуттуу экономикалык маселелер боюнча үзгүлтүксүз байланыштар ишке ашырылууда. Өткөн жылдын 12-августунан баштап Кыргызстан ЕАЭБдин толук кандуу мүчөсү болуп саналат. Тез аранын ичинде кандайдыр бир оң натыйжалар тууралуу сөз кылуу азырынча эрте деп эсептейбиз. Бирок, РФнын ФБКнын расмий статистикасы көргөзгөндөй, Россиянын экономикасынын кризистик тенденциясына жана КР менен РФнын ортосундагы өз ара товар жүгүртүүнүн жалпы көлөмүнүн 15,7% га төмөндөөсүнө карабастан, 2016-жылдын 9 айынын ичинде Россияга болгон кыргыз экспортунун деңгээли 123% га жогорулагандыгы байкалат. Бул албетте, кандайдыр оптимисттик көз караштын пайда болушуна шарт түзөт жана Россия Федерациясынын экономикалык стабилдешүүсүнөн кийин россия рыногуна кыргыз товарларын экспорттоону мындан да көбөйтүүгө себеп болот. Үстүбүздөгү жылдын жайында РФнын Өкмөтүнүн Төрагасы Д.Медведевдин сапарынын алкагында Россиядан Кыргызстанга мунай зат жана мунай зат продуктыларын алып келүү боюнча өкмөттөр аралык макулдашууга кол коюлган. Бул Кыргызстанга Россиядан күйүүчү-майлоочу майларды алып келүү боюнча негизги документ болуп саналат. Макулдашууда өлкөбүзгө Россиядан чийки мунай затты алып келип, кыргыз мунай зат иштетүүчү заводдордо иштеп чыгуу мүмкүнчүлүгү каралган.

Ошондой эле, КРнын экономикасына россиялык инвестицияларды, негизинен Кыргыз-россиялык өнүгүү фонду аркылуу киргизүүнүн өсүп жаткандыгы да байкалууда. КРнын Улуттук Банкынын маалыматы боюнча, 2016-жылдын 10 айы ичинде РФдан жөнөтүлгөн кыргыз эмгек мигранттарынын акча которуулары көбөйгөндүгү байкалат, которуулар жалпысынан 1 млрд 425,5 млн АКШ долларын түзгөн, бул көрсөткүч 2015-жылдын 10 айына салыштырмалуу 58 млн АКШ долларына көп. Ошентип, эки өлкө үчүн жеңил эмес шарттарга карабастан, кыргыз-россиялык мамилелер туруктуу түрдө сакталууда. Кыргызстан ЕАЭБге мүчө болуп киргенден бери Кыргызстандан Россияга келген эмгек мигранттардын саны да көбөйүүдө. Бул жерде белгилей кетчү нерсе, ЕАЭБге мүчө-өлкөлөрдүн жарандарынын укук жана мүмкүнчүлүктөрү багытында кыргызстандык мигранттар үчүн бир топ артыкчылыктар берилген. Биринчиден, эмгек мигранттарын жумушка тартуу менен байланышкан ишмердүүлүк жумуш берүүчү тарабынан улуттук эмгек рыногун коргоо боюнча чектөөлөрүсүз (квотасыз) ишке ашырылат; экинчиден, эмгек мигранттардын иштөөсү үчүн уруксат кагазы талап кылынбайт; үчүнчүдөн, эмгек мигрант жана анын үй-бүлөсү Россияга кирген күндөн баштап 30 күн ичинде ыйгарымдуу органдарда каттоодон (келген орду боюнча каттоого туруу) бошотулат; төртүнчүдөн, эмгек мигрантынын жана анын үй-бүлөсүнүн туруу мөөнөтү эмгек мигрант менен жумуш берүүчүнүн ортосунда бекитилген эмгек келишимине жараша аныкталат; бешинчиден, Россияга кирген күндөн баштап 90 сутка өткөндөн кийин мөөнөтсүз эмгек келишими бузулган учурда эмгек мигранты 15 күндүн ичинде келген өлкөнүн мыйзамдарында каралган шарттарда башка жумуш берүчү менен жаңы эмгек келишимин түзүп, иштөөгө укуктуу.

Мына ушундай артыкчылыктардын натыйжасында, жогоруда белгиленип кеткендей, акыркы кездерде Россиядан Кыргызстанга акча которуулардын көлөмү бир топ жогорулоодо, мындан кыргызстандык эмгек мигранттардын кирешеси да жакшыргандыгын белгилесек болот, себеби, кымбат турган патент сатып алууга, аны тариздөөгө каражат чыгымдалбайт.

- Биздин өз ара мамилелерибиздин өнүгүүсүнүн келечеги тууралуу эмнелерди айта аласыз?

- Келечекте эки өлкөнүн өз ара мамилелерин өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу милдети катары биз алдыңкы планга эки тараптуу кызматташууну жана биздин аймакта туруктуулуктуу бекемдөөнү, ошондой эле достук жана өз ара түшүнүшүүнү мындан ары өнүктүрүүнү коебуз. Коопсуздук тармагында кызматташуу өзгөчө келечектүү болуп саналат Кыргызстан да, Россия да ЖККУга жана ШКУга мүчө-өлкөлөрдөн болуп саналышат. Бул уюмдардын алкагында биздин өлкө үчүн, ошондой эле жалпы эле Борбордук Азия аймагы үчүн олуттуу болгон коопсуздуктун чакырык жана коркунучтардын алдын алуу, куралдуу күчтөрдүн жана атайын кызматтардын коргоо мүмкүнчүлүгүн бекемдөө боюнча тийиштүү чараларды көрөбүз. Биздин өлкөлөрдүн тийиштүү ведомстволору эл аралык терроризм, диний экстремизм, баңги заттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөш жүргүзүү, өзгөчө кырдаалдарды жоюу маселелери боюнча тыгыз кызматташууда. Дүйнөдөгү жалпы эле туруксуздуктун фонунда жасалып жаткан бул аракеттер өзгөчө мааниге ээ болууда жана бизден мындан да бекем биргелешкен аракеттерди талап кылууда. Биз КМШ жана борбордуказия аймагында коопсуздукту жана стабилдүүлүктү бекемдөөдө Россия Федерациясынын ролун баса белгилейбиз. Эл аралык күн тартипте коопсуздук чөйрөсү негизги маселелердин бири болуп турган бүгүнкү шарттарда аймактык коопсуздукту бекемдөөнү камсыздоо биздин эки тараптуу ишибиздин артыкчылыктуу багыттарынан болуп кала бермекчи. Биздин өлкөлөрдүн элдеринин көп кылымдык тарыхый жана маданий жалпылыктарына, салтка айланып калган достук мамилелерине байланыштуу, эки өлкөнүн ортосундагы дагы бир артыкчылыктуу багыттардын бири маданий-гуманитардык кызматташуу болуп саналат. Эки элдин мындан ары да жакындашуусуна багытталган Россиянын жана анын субъектилеринин маданият күндөрүн Кыргызстанда өткөрүү, же кыргыз жана россиялык искусствосунун өкүлдөрүнүн катышуусунда маданий иш-чараларды, эл аралык илимий-практикалык конференцияларды өткөрүү салтка айланууда. Мындан сырткары, акыркы эки жыл ичинде аймактар аралык кызматташуу жаңы импульс менен өнүгүү жолуна багыт алды. Аймактык байланыштардын активдешүүсүнө жыл сайын өткөрүлүүчү кыргыз-россиялык аймактар аралык конференция түрткү болууда. Мындай иш-чара акыркы жолу 2016-жылдын 2-июнунда Уфа шаарында өткөрүлдү. Бул иш-чара Кыргызстан менен Россиянын аймактарынын кызматташуусу биздин өлкөлөрдүн ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктүн фундаменталдуу негиздеринен болуп калгандыгын тастыктады.

- Республиканын экономикасына жаңы инвестицияларды тартуу жаатында эмнелер жасалууда?

- Кыргызстан менен Россиянын ортосунда эки тараптуу соода-экономикалык байланыштарды колдоо үчүн өз ара экономикалык кызматташууга түрткү болуучу бир топ иш-чаралар өткөрүлүүдө. 2016-жылдын июнь айында РФнын жана КРнын Соода өнөр жай палаталарынын, Кыргыз-россиялык ишкердик кеңештин жана КРнын Экономика министрлигинин колдоосу менен элчилик тарабынан Москва шаарында “Евразиялык интеграция шарттарында соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташуунун келечеги” аталган кыргыз-россиялык конференция өткөрүлгөн. Форумда Россиянын бир топ жогорку кызмат адамдары – РФнын Президентинин Кеңешчиси С.Глазьев, РФнын Мамдумасынын илим жана илимий технологиялар комитетинин төрагасынын орун басары А.Чепа, ошондой эле Евразиялык экономикалык комиссиясынын министри М.Кадыркулов жана россиялык ишкерлер тобу, ишкердик коомдордун өкүлдөрү катышты. Бул диалогдук аянтчаны салтка айландыруу максатында 2017-жылдын биринчи жарымында кезектеги конференциянын жыйынын өткөрүү пландалууда. 2016-жылдын декабрь айында Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы элчилигинде кыргыз товарларынын көргөзмө-жарманкесин уюштуруу пландалган. Бул иш-чара кыргыз товарларын россия рыногуна экспорттоого, россиялык керектөөчүлөр арасында кыргыз товарларын жайылтууга, ошондой эле кыргыз товар өндүрүүчүлөр менен россиялык чекене соода борборлору менен кызматташуусун жөнгө салууга багытталат. Соода-экономикалык кызматташуу боюнча тийиштүү министрлик жана ведомстволор менен диалог үзгүлтүксүз түрдө жүргүзүлүүдө. Кыргызстандын Россиядагы элчилиги тарабынан бул багыттарда аймактык кызматташууну өнүктүрүү боюнча туруктуу негизде иштер жүргүзүлүп жаткандыгын баса белгилей кетишибиз керек. Бул максаттарда Кыргыз Республикасынын аймактарынын делегацияларынын Россияга жана Россиянын аймактарынын делегацияларынын Кыргыз Республикасына болгон сапарлары ишке ашырылууда. Эң жогорку жана мамлекеттик деңгээлдердеги үзгүлтүксүз жүргүзүлүп жаткан диалог, анын ичинде КРнын Өкмөтүнүн башчысы теңтөрага болуп саналган кыргыз-россиялык өкмөттөр аралык комиссиянын форматындагы аракеттер экономикалык кызматташууну мындан ары кеңейтүү боюнча механизмдерди иштеп чыгууга көмөкчү болууда.

Эрмек Абдрисаев
“Кабар” МАБ

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу