Интервью

Октябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
  1 2 3 4 5 6
7 8 9 10 11 12 13
14 15 16 17 18 19 20
21 22 23 24 25 26 27
28 29 30 31      
06/12 17:25
 

“Референдумду колдоо” тобунун лидери: “Өзүн сыйлаган өлкө мамлекеттин кызыкчылыгын баарынан жогору коёт”

Референдум аркылуу Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү колдоо тобунун лидери Алга Кылычов “Кабар” агенттигине Башмыйзамга эмне үчүн өзгөртүүлөрдү киргизүү зарылдыгын айтты.

41-берене тууралуу...

25 жыл боюу Кыргызстан эгемендүү мамлекет экендиги айтылып келгендиги менен бейөкмөт уюмдар тарабынан кандайдыр бир көрсөтмө берүү болуп келген. Ачык айтайын, Өмүрбек Чиркешович менен айрым бейөкмөт уюмдар бул беренени белек кылышкан.
ЕККУнун жыйынында КР расмий делегациясынын каршылыгына карабай издөөдө жүргөн качкын сеператист Кадыржан Батыровго сөз берилгенде эл аралык уюм КР Конституциясынын мына ушул 41-беренесине таянган.

Азимжан Аскаров тууралуу айтсак, биздин көз карандысыз сот акыйкат чечим чыгарып аны өмүр боюу түрмөгө кескен. Бирок жакында эле бул кылмышкердин ишин кайра кароого, алтургай бошотууга бизге көрсөтмө беришти. Айталы, эгерде Акаев же Бакиевге сыртынан өкүм чыгарылды делип, кайтып келүүнү каалашса, аны да аткарабызбы? Өзүн сыйлаган өлкө мамлекеттин кызыкчылыгын баарынан жогору коёт. 41-беренеде биз эл аралык уюмдардын кеңешине каршы эмес экендиги айтылган, бирок бул ал уюмдар улуттук кызыкчылыктан жогору турат дегенди билдирбейт.

Бир жыныстагылардын никеси тууралууу...

36-беренеде бойго жеткен жарандар никеге туруша алаары жазылган. Мындай карасак, эркек менен эркек да жарандар. Никеге эркек менен аял гана тура алышары тууралуу так жазылган эмес. Фактыга таянсак, бир-эки ай мурун КТРКдан лесбияндардын, гейлердин, бисексуалдардын,трансгендерлердин өкүлдөрү укуктары бузулуп жатканын айтып чыгышты. Алар мыйзам боюнча эки жаран никеге турууга укуктуулугун, анда ким ким менен экендиги так көрсөтүлбөгөнүн бетке кармашкан.
Өмүрбек Текебаев бул жөн гана себеп, азыр кандай жашасак, ошондой эле жашай беребиз, деп айтууда. Бирок биз бүгүн мыйзам боюнча жашашыбыз керек, эртеңки күнгө прецедент түзбөшүбүз керек.

Өкмөттүн ыйгарым укугу тууралуу...

Сунуш кылынып жаткан өзгөртүүлөр боюнча ким иштей албаса, аны министрлер кабинетинин башчысы бошото алат. Ал акимдерди да бошотуу укугуна ээ болот. Өкмөттүн натыйжалуу иштеши үчүн мүмкүнчүлүк түзүлүүдө.
Ошондой эле өкмөт башчысы депутаттык мандатын сактап калат. Алгач буга биз да каршы болчубуз, кийин жакшылап ойлонуп көрсөк, туура экен. Мисалы Германияда Ангела Меркель канцлер да, ошол эле мезгилде депутат дагы. Мында партия толугу менен ишке чегерилет. Эгерде саясый бирикменин лидери премьер-министр болуп калса, ал жакшы иштеши, коррупцияга аралашпашы үчүн бардык команда байкоо салып турат. Премьер ката кетирсе – ал бүтүндөй фракцияга тиешелүү болот. Бул кийинки шайлоодо ал партияга тескери таасир этет.

Башкы прокуратура тууралуу..

Азыр коррупция ж.б. ири кылмыш иштерин алгач МУКК козгоп баштаса деле, Башкы прокуратура өзүнө алып коюп жатат. Сунуш кылынып жаткан өзгөртүүлөр боюнча башкы көзөмөл органы кылмыш иштерин козгойт, ал эми МУКК тергөө жүргүзөт. Экономикалык кылмышты Финпол тергейт, Башкы прокуратура көзөмөл гана жүргүзөт. Ыйгарым укуктар мына ушундайча туура бөлүштүрүлгөн.

Соттор тууралуу...

Учурда дисциплинардык комиссия түзүлүүдө. Бүгүнкү күнү бул 3 бутактан - президент, сот жана Жогорку Кеңештен турат. Ал эми сунушталып жаткан өзгөртүүлөрдө комиссияга жарандык коомдун өкүлдөрү, оппозициядагы депутаттар ж.б. кире алышат. Башкача айтканда, Мамлекеттин башчысынын дисциплинардык бөлүктөгү ыйгарым укугу кыскарат. Мурда бул маселеде акыркы чекитти мамлекет башчысы койсо, келечекте бул укук комиссияга берилет.

Оппоненттер тууралуу…

Ким каршы чыкса ал, өзүнүн кызыкчылыгын көздөп жатат деп ойлойм. Биз парламенттик системада жашап жатканыбыз менен көптөгөн маселелерди президент чечип жатканын жашырууга болбойт. Андыктан мамлекет башчысы болууну каалаган айрым амбициялуу саясатчылар буга каршы чыгышууда. Кыргыздардын канында хан, манап болууну каалоо бар.

Алмазбек Атамбаев өлкөдө демократияны түзгүбүз келсе, бир гана президенттик мөөнөт болушу керектигин ачык айтты. Ал президенттиктен кеткенден кийин спикер да, премьер-министр да болбостугун билдирди.

Мурда референдумда президенттин ыйгарым укугу узартылып калчу. Акаев 3-мөөнөткө калууну каалагандыктан жана эл ага нааразы болгондуктан кетти. Бакиев референдум аркылуу оппозицияны өзгөртөм, деп алдап, өзүнүн бийлигин узарткан.

Ал эми Алмазбек Атамбаев элге керектүү референдум өткөргөнү турат. Биз, карапайым эл мамлекет башчысынын демилгесин колдойбуз. Эл арасында үгүт иштерин жүргүзүүдөбүз. Кыргызстандыктардын 70% Конституцияга өзгөртүүлөрдү колдойт, деп айта алам.

Маектешкен Мехриниса Сулайманова

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу