Интервью

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
30/11 11:32
 

Мурдагы элчи Эсенгул Өмүралиев: “Конституцияга өзгөртүү киргизүү – мезгил талабы”

Кыргызстандын Казакстандагы мурдагы элчиси, мамлекеттик ишмер Эсенгул Өмүралиев “Кабар” агенттигине Конституцияга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр жөнүндө жана ал кандай өзгөрүүлөргө алып келери тууралуу ой бөлүштү.

-  Кыргызстан Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча референдум өткөрүү алдында турат, бул жөнүндө кандай ойдосуз?

-  Конституцияга өзгөртүү киргизүүгө туура көз караштамын жана аны колдоо керек деп эсептейм. Толуктоолордун бары мезгил талабы.

-  Сиздин көз карашыңызда Башмыйзамдын жаңы редакциясында бийлик бутактарынын ортосунда ыйгарым укуктар кандай бөлүштүрүлгөн?

-  Бийлик бутактарынын ортосундагы ыйгарым укуктар тең салмакта бөлүштүрүлгөн. Менин оюмча азыр аткаруу, мыйзам чыгаруу жана президенттик бийликтин эч биринде артыкчылык болбоосу үчүн тең салмактуу вариант сунушталып жатат. Учурдагы Конституцияда президенттин ыйгарым укуктары көп. Биз кийинки Президент бийлик абалынан пайдаланбайт деп кепилдик бере албайбыз. Азыркы жободо ошол максатта пайдаланууга жол берилбейт. Эгер өзгөртүү киргизилбесе, ал диктатурага алып келиши мүмкүн деген коркунучтар бар. Ошондуктан, сунушталып жаткан толуктоолор бул бийликтин бардык бутактарынын ортосунда ыйгарым укуктарды туура бөлүштүрүү болуп саналат.

-  Премьер-министрдин ыйгарым укуктарын кеңейтүү боюнча эмне айта аласыз жана ал эмне берет?

-  Бул бийликти вертикалдаштыруу – аткаруу бийлигинин ишенимдүү, ыкчам иштеп, эл алдында өкмөттүн жоопкерчилик алуусуна мүмкүндүк берет. Анткени, бүгүнкү күндө өкмөттүн ишине парламент дагы, президент дагы кийлигишип жатат. Ал эми толуктоо киргизүү менен премьер-министр гана чечим кабыл алып, жоопкерчилик алат. Азыр бийликтин вертикалында мындай жок . Жоопкерчиликке келгенде эч ким жооп бербей жатат. Бары эле бири-бирине шылтап, жыйынтыгында ошол бойдон калууда. Конституциянын жаңы редакциясында министрлер кабинетинин башчысы толук жоопкерчилик алат. Бул жерде бары бири-бирине байланыштуу. Башкача айтканда, парламент өкмөттү түзөт, эгер өкмөт жаман иштесе, анда премьер-министр дагы, көпчүлүк коалиция дагы жооп берет. Эми толуктоолор киргизилип, өкмөт башчысынын ыйгарым укуктары кеңейгенден кийин алар натыйжалуу иштеши керек.

-  Демилгечилер толуктоолор парламенттик башкаруу формасына алып келет деп ишендиришүүдө, ушундайбы?

-  Азыр биз парламенттик республика курууга далалат кылып жатабыз. Азырынча бизде парламенттик-президенттик башкаруу. Башкача айтканда, ар түрдүү маанидеги бийликке ээ 2 полюс жана өлкөнүн тагдыры үчүн алардын бири дагы жоопкерчилик албайт. Эми парламенттик республика болуп, парламент, премьер-министр өзүнүн командасы менен айыл өкмөткө чейин эл алдында жоопкер болот. Ал эми Президентте анын компетенциясына тиешелүү ыйгарым укуктары болот.

-  Бийликтин каршылаштары Конституцияны өзгөртүүгө мораторийди бузбашы керек эле деп жатышат, буга кандай карайсыз?

-  Конституцияга мораторий киргизүү өз учурунда эки максатта жасалган. Биринчиден, катаал өткөөл учур эле. Коомдогу ушундай туруксуз абалды жокко чыгарып, эч ким бул абалдан пайдаланбашы керек деген ойдо мораторий киргизилген. Экинчиден, бизде башкаруунун жаңы схемасы кандай экенин, ал бизди эмнеге алып келе турганын байкоо керек болгон. Мына 6 жылдан бери биз бул схемадагы башкарууну жана азыркы Конституциядагы жана башка маселелер боюнча кемчиликтерди көрдүк. Толуктоо киргизүү – бул мезгил талабы. Биз бул жобо менен жашадык, алар кайсыны калтырып, кайсынысын өзгөртүү керектигин көрсөттү. Талап кылынып жаткан өзгөртүүлөрдү киргизбей жашай берсек ал өлкөдө кайрадан туруксуздукка жана коомдук нааразычылыктарга алып келет. Азыр бизге андайдын кереги жок, бизге биримдик, өнүгүү жана алдын ала билүүчүлү керек.

-  Сиздин оюңузча, бир жыныстууларга никеге турууга жол берген беренеге токтоолорду киргизүү керекпи?

-  Демилгечилер үй-бүлө кимдердин ортосунда түзүлүшү керектигин тактоону сунуштап жатышат. Бир жыныстуулардын никеге туруусу биздин менталитет, маданият, динибизге туура келбейт. 36-беренеге сунушталып жаткан тактоолор туура деп ойлойм. Көпчүлүк бейөкмөт уюмдардын бул беренеге толуктоо киргизүү – адам укугун бузат дегени туура эмес. Бул жерде эч кандай адам укугун бузуу жок. Бейөкмөт уюмдар аларды багып жаткан башка эл аралык уюмдардын кызыкчылыгы үчүн ушундай жолго барышууда.

-  Эл аралык уюмдардын Жогорку соттун чечими менен талашуусуна жол берилген Конституциянын 41-беренесине байланыштуу эмне айта аласыз? Бул беренени эмне кылыш керек?

-  Дүйнөдө бир дагы өлкөдө эл аралык уюмдардын чечими улуттук мыйзамга үстөмдүк кыла албайт. Башкача айтканда, КР Жогорку сотунун чечими эл аралык мыйзамдардан, кандайдыр бир эл аралык уюмдардын чечиминен жогору туруш керек. Гаага же БУУ Жогорку соттун жоболоруна тиешелүү кандайдыр бир чечим кабыл алуусу туура эмес, ал автоматтык түрдө бизде күчүнө кирет. 41-берене азыркы Конституциянын редакциясында кетирилген катачылык. Албетте, мен улуттук кызыкчылыктарга толугу менен каршы келген аталган берене кандай негизде кабыл алынганын айта албайм. Бул катачылык, аны жоюу керек.

Маектешкен Салтанат Абдраева

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу