Интервью

Май 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
21/11 15:36
 

Иса Өмүркулов: “Конституцияга сунуш кылынып жаткан өзгөртүүлөр өкмөттүн, парламенттин жана көпчүлүк каолициянын туруктуу иштеши үчүн өбөлгө болот”

Иса Өмүркулов: “Конституцияга сунуш кылынып жаткан өзгөртүүлөр өкмөттүн, парламенттин жана көпчүлүк каолициянын туруктуу иштеши үчүн өбөлгө болот”

Кыргызстанда парламент депутаттары демилгелеген Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча референдумга 1 айга жетпеген убакыт калды. Киргизилип жаткан өзгөртүүлөр жана алардын мааниси тууралуу суроолорго парламенттик көпчүлүк каолициясынын лидери, КСДП фракциясынын жетекчиси Иса Өмүркулов жооп берди (маек "Акипресс" маалымат агенттигинен алынды).

-  Иса Шейшенкулович, учурда сунушталып жаткан Конституцияга өзгөртүүлөрдүн өлкө, эл үчүн пайдасы эмнеде экенин айтсаңыз?

- Конституцияга сунуш кылынган өзгөртүүлөр референдумда колдоого алынса, өкмөттүн туруктуу иштеши үчүн бардык шарт түзүлөт. Конституцияга сунуш кылынып жаткан өзгөртүүлөр өлкө тарыхында алгачкы мертебе өкмөттүн, парламенттин жана барыдан мурда көпчүлүк каолициянын туруктуу иштеши үчүн өбөлгө түзөт. Аткаруу бийлиги күчтүү болушу керек, анткени ал реформанын башкы кылмылдаткыч күчү болуп саналат. Биз сотторго, укук коргоо органдарына элдин ишенимин кайрып беришибиз керек.

- Жыл сайын өкмөттүн алмашышы – республиканын тынчын кетирүүдө, бийликтин аткаруу бутагынын туруктуу иштеши үчүн кандай гарантия бар?

- Жалпысынан өкмөттүн укугун күчөтүү каралууда, премьерге кадр, каржы маселелерин чечүүгө, өкмөт мүчөлөрүнүн катарын, анын ичинде премьер-министрди, депутаттык мандаттарды сактап калууга шарт түзүлөт. Муну менен катар парламент бекемделет, көпчүлүк каолициядан чыгуу шарттары катууланат.Чечим фракция мүчөлөрүнүн үчтөн экиси тарабынан кабыл алынып, кимдир бирөө басым кылбашы үчүн алар кол коюушу керек. Каолиция тарарда спикер өз укугун аныкташы керек, мында да ага каолициянын тарашы пайдасыз болот. Жалпысынан премьердин укугун жана каолициянын “жашоо” эрежесин күчтөндүрүү стбилдүүлүктү жаратат. Биз баарыбыз жеке кызыкчылыктарды мамлекет кызыкчылыгынан жогору койбошубуз керектигин түшүнүшүбүз зарыл. Мына ушунун баары өзгөртүүлөрдө камтылган. Каолициянын утуру тарай бериши – мамлекетке өтө оор чыгым алып келет, өнүгүшүн кечеңдетет. Анткени барын кайра баштоо үчүн убакыт талап кылынат. Азыр бизге туруктуулук гана керек.

- Анда эмне үчүн премьер-министрдин бир катар укуктары, анын ичинде өкмөт мүчөлөрүн бошотуу укугу 2017-жылдын 1-декабрынан тартып гана күчүнө киргени турат. Ушундан улам өзгөртүүлөрдүн каршылаштары кеңири укукка ээ болгон премьер Алмазбек Атамбаев болушу мүмкүн, анткени ошол мезгилде анын конституциялык укугу бүтүп, жаңы мамлекет башчысы шайланат дешүүдө...

- Ооба бир топтору президент ошол жакка барат, ошондон улам өкмөт күчтөндүрүлүп жатат, дешүүдө. Бирок ал өзүнүн конституциялык мөөнөтүн иштеп бүтүп, эс алууга кетерин дайыма айтууда. Мамлекет башчысынын укугу бүткөн соң, ал эркин адам болуп калат, жаңы президент, жаңы премьер-министр жана парламент жаңыча иштеп баштайт. Мында сунуш кылынып жаткан өзгөртүүлөр мамлекет башчысынын укуктарын күчтөндүрүүгө багытталбаганын белгилеп кетүү керек. Өзгөртүүлөрдө төрагасы президент болуп эсептелген Коргоо кеңеши Коопсуздук кеңеши болуп өзгөрөт. Ушуга катар президент соттордун тазалыгын камсыз кылуу үчүн сот системасына киргизилип жаткан Дисциплинардык комиссиянын курамынын үчтөн бирин түзүүгө катышат.

- Өзгөртүүлөрдүн демилгечилерин Дисциплинардык комиссияны түзүүгө президенттин катышуусун сунуш кылышканын сындашууда, мында сот тармагына түздөн-түз басым жасалат, дешүүдө. Буга кандай дейсиз?

- Үчтөн бири – бул курамдын үчтөн экиси эмес да. Анан да президент эмне үчүн катышпасы керек. Ал бул процесске сөзсүз катышышы керек, анткени ал дагы бүтүндөй эл тарабынан шайланган, муну да эске алуу керек. Ошентсе да, Дисциплинардык комиссияны түзүүгө президент толук катышпай, чектелүү, лимит менен болуп жатпайбы.

-Эмне үчүн өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча референдумду өткөрүү 2017-жылдын күзүндө президенттик шайлоо менен бир мезгилде болгон жок? 

- Туура болгон деп ойлойм. Президенттик шайлоо деген президенттик шайлоо болуш керек. Эгерде бул маселеде эки добушту бириктирип койгондо ажиотаж болот... Конституция боюнча референдум менен шайлоону аралаштырууга болбойт. Шайлоочуларга эмнеге добуш берип жана кимге добуш берип жатышкандыктарын билип туруулары керек.

- Учурда эмне үчүн парламенттик демократияга ушундай кадамдар менен барып жатабыз, түз эле радикалдык өзгөртүүлөрдү жасоого болбойбу?

- Биз парламенттик республикага сөзсүз барабыз, анткени “А”ны айттыкпы, “Бны” да айтышыбыз керек. Бул процесс өтө татаал, аны эволюциялык жол менен басып өтүү жакшы. Буга чейин жакынкы эле жылдары бизде пропорционалдык эмес, можаритардык система иштеп, партиялык система менен шайлоо 2015-жылы 3-мертебе гана өттү. Радикалдык өзгөртүүлөрдү жасоо үчүн бышып жетилүү керек, убакыт керек, эл шайлоого толук даяр болушу керек, биз мына ошондо гана ага барабыз. Парламент даяр болгондо гана биз толугу менен парламенттик башкарууга өтөбүз. Азыр биз революциялык эмес, эволюциялык кадамдарды жасап жатабыз.

- Ноябрдын башында сиз парламенттик көпчүлүктүн жаңы каолициясынын лидери болдуңуз. Сиз 68 мандаттуу каолицияны бекем, туруктуу болуп калбайт деп кооптонбойсузбу? Конституциялык реформаларды жүргүзөбүз деген атаандаштарыңыздардын үнү катуу чыгып жаткан жокпу, бул сизди чоочутпайбы?

- Атаандаштардын көп болушу – бул жакшы. Бул - өлкөдө демократия өкүм сүрүп жатканынан, сөз эркиндиги бардыгынан кабар берет, ушундан улам коомдоо кызуу талкуу жүрүүдө. Каолициянын туруктуулугу жөнүндө айтсам, өткөндөгү 80 мандатка ээ болгон каолиция туруктуу болдубу? Мында кеп каолициянын канча мандатка ээлигинде эмес, фракциялардын бышып-жетилгендигинде. Каолицияга кирген фракцияларда өзгөртүүлөрдү колдобогон депутаттардын болгондугу, бул фракциядагы саясатты көргөзбөйт, бул айрым депутаттардын көз –карашын билдирет. Бардыгы коюндой окшош пикирде болсо, мына ушул коркунучтуу болмок, мына ушул шек туудурмак.

- Өзгөртүүлөргө каршы тургандарга эмне деп айтар элеңиз?

- Идеалдуу Конституция болбойт. Мезгил–мезгили менен бардык өлкөлөрдө референдумдар өткөрүлүп турат. Мына учурда Италия референдум өткөрүүгө даярданып жатат, бул өлкө демократиянын туу чокусунда турат, бирок референдум өткөргөнү жатышат, демек зарыл. 3 жылдан кийин 2020-жылы Кыргызстандын парламенти Конституцияга өзгөртүү киргизе алат, ал учурда да өзгөртүүлөр жана толуктоолор боюнча сунуштар болот деп ойлойм. Бул турмуш, бул өсүп-өнүгүү, бул жолду тез жана аз жоготуулар менен басып өтүү гана керек.

 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу