Интервью

Сентябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30            
21/11 15:08
 

Профессор Карыпбек Алымкулов энергетика тармагы, референдум жана парламенттин иши тууралуу

Техникалык илимдердин доктору, профессор Карыпбек Алымкулов “Кабар” агенттигине Кыргызстанда болуп жаткан актуалдуу темалар жана процесстер боюнча өз оюн билдирди.

Кыргызстандын энергетикалык тармагын өнүктүрүү тууралуу...

-  Акыркы 4-5 жылда энергетикалык тармакка көп акча инвестицияланганын айтуу керек. Албетте, бул ири объектилер курууга алып келди, башкача айтканда алар өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун камсыздады десек болот. Атап айта турган болсок, “Датка” жана “Кемин” подстанциялары, ошондой эле аларды бириктирген электр берүү линиясы. Мындан тышкары, Бишкек ЖЭБи жана Токтогул ГЭСи модернизацияланып жатат. Буга көп каражат жумшалууда. Ушуга байланыштуу энергетикалык камсыздоо жакшырды. Мен болгону эмнеге энергетика тармагынын жетекчилери буга ыраазы болуп жаткандарына тушунбой жатам. Афганистан жана Пакистанга электр энергиясын экспорттоо тууралуу келишимге кол коюлган. Бирок, бизде сатууга электр энергиябыз жок. Анткени, иштелип чыккан электр энергиясы ички керектөөгө гана жетет.

Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча референдум тууралуу...

-  Бул маселеге бир гана мамиле болуш керек. Анткени, чечим Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынды жана маселе добуш берүүгө коюлат. Кандай болгон күндө да эл өзүнүн көз карашын билдирет. Көптөгөн терс пикирлер айтылды. Ушул жаатта парламент оппозициянын каалоосун жана кошумчалоосун эске алды. Коалиция жана оппозиция бири-бирине таарынбашы керек, анткени өзгөртүү бийликтин үч бутагына тең тиешелүү. Азыркы күндө элдин пикирин алуу керек, анткени карама-каршылыктар парламентте гана жүрүп жатат.

Өзгөртүүлөр тууралуу...

-  Мен көптөгөн функцияларды президенттен премьер-минитсрге берүү – нормалдуу көрүнүш деп эсептейм. Ошондой эле, бийликти тикелетүү айыл өкмөтүнөн баштап райондук жана облустук администрацияларга чейин ишти бутуна тургузат деп ойлйом. Анткени, көпчүлүк учурда жергиликтүү бийликте тигил же бул маселени чечүү мүмкүнчүлүгү жок. Анын үстүнө бул өлкө боюнча аткаруу дисциплинасы да. Жалпысынан өзгөртүүлөр көп, аларды бирден санап отуруунун кажети жок, анткени ал жөнүндө буга чейин көп ирет айтылды.

-  Эгер эл толуктоолорду киргизүү боюнча референдумду колдосо, демилгеленип жаткан толуктоолор эмнеге алып келет...

-  Биринчиден, мен буга чейин айтып өткөндөй, жергиликтүү бийлик жеринде иштеп баштайт. Мамлекеттин алдына коюлган максаттар аткарылат. Бул башкаруудан көз каранды.

Референдумдан кийин паламенттин ыйгарым укуктары алсырап кала тургандыгы жөнүндө...

Мен буга таптакыр макул эмесмин. Парламент номиналдуу орган болбойт. Депутаттар өздөрүнүн миссиясын, башкача айтканда сапаттуу мыйзамдарды кабыл алып, алардын аткарышын көзөмөлдөй беришет. Бирок, бүгүнкү күндө Жогорку Кеңеш аткаруу бийлигинин үстүнөн прокурордун ролунда болуп жатканын байкап жатабыз.

Маектешкен Мехриниса Сулайманова

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу