Интервью

Август 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30 31  
11/11 12:43
 

Турсунбек Чынгышев: “11-декабрда үй-бүлөм, жоро-жолдошторум менен референдумга добуш берүүгө барабыз”

Экс-премьер-министр, мамлекеттик жана саясий ишмер Турсунбек Чынгышев “Кабар” агенттигине берген маегинде 11-декабрга пландары жана Кыргызстандын жаш жана такталган саясатчылары жөнүндө айтып берди.

-  Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча референдумду колдойсузбу?

-  Мен Конституцияга толуктоолорду киргизүүнүн зарылдыгы тууралуу идеянын өзүн колдойм. Калган беренелер боюнча дагы маалыматым бар, аларды дагы колдойм. Толуктоолорго сын-пикирим жок. 11-декабрды үй-бүлөм, жоро-жолдошторум менен добуш берүүгө барам.

Мен ошондой эле, демократиялык өлкөлөрдө бийликтин эл алдында өзүнүн пикирин ачык айткан каршылаштары бар болгондо гана бары жайында болорун айткым келет.

-  Сиз кандай ойлойсуз, өлкөдө пландар жана программалар аткарылып жатабы?

-  2017-жылга чейин кабыл алынган Улуттук мамлекеттик өнүктүрүү стратегиясы негизинен аткарылып жатат. Жакынкы жылдары жаңы стратегияны иштеп чыгууда азыркыда калтырып кеткен каржылоо булактарын аныктоону эске алуу керек. Стратегия жана программанын өзү керек. Анткени, бул мамлекеттин өнүгүүсүнө жардам берет.


-  Такшалган саясатчылардын арасында көп жылдар бою чоң кызматтарда иштеп, бирок өз өлкөсү үчүн эч нерсе жасабагандар барбы?

Албетте, бар. Ошондойлорду кызматтан алуу керек. Алардын аттарын бары билет, көпчүлүгү парламентте отурушат. Алардын ысымдарын атабай эле коеюн.

Айтмакчы Өкмөттө жетекчилик кызматтарда андайлар байкалбайт. Анткени, министрлер жана алардын орун басарлары бат-баттан алмашып жатат. башкача айтканда, жарым жыл сайын алмашуулар болот. Бул мамлекетке терс таасирин тийгизет. Президенттин аппаратындагы дагы бекерчиликте отургандар жок.

Маектешкен Мехриниса Сулайманова

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу