Интервью

Декабрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
25/10 14:58
 

Юридика илимдеринин доктору Конституцияга киргизилип жаткан толуктоолор жана парламентаризмге өтүү тууралуу: “Москва бир күндө курулган эмес”

Юридика илимдеринин доктору, доцент жана Кыргыз мамлекеттик юридика академиясынын маалыматтык укук кафедрасынын жетекчиси Канатбек Комытов Конституцияга киргизилип жаткан толуктоолор тууралуу өзүнүн кесиптик пикирин билдирди.

-  Кыргызстанда референдум өткөрүү жана Конституцияга толуктоолорду киргизүүгө кандай карайсыз?

- Мен референдум өткөрүүнү колдойм, анткени буга зарылчылык бышып жетилди деп эсептейм. Акыркы редакция револлюция жана төңкөрүштүн толкунунда кабыл алынды. Ушуга байланыштуу тактоолор болгон жок.

Мен депутаттардын Конституцияда кабыл алынган мыйзамга ылайык, 2020-жылга чейин Башмыйзамга тийбеш керек деген пикирин угуп калдым. Көпчүлүк биз азыр даяр эмеспиз деп айтып жатышат, бирок мен Кыргызстан саясий, юридикалык жана экономикалык жактан мамлекет катары түзүлдү, ошондуктан мындай эксперименттер керек деп ойлойм.

-  Сиздин оюңузча демилгеленип жаткан толуктоолордо бийлик бутактарынын ортосундагы ыйгарым укуктардын бөлүнүшү кандай?

-  Мен киргизилип жаткан толуктоолорду карап көрдүм. Ыйгарым укуктарды бөлүштүрүүдө чоң өзгөрүүлөр болот деп айта албайм. Азырак өзгөрүүлөр бар, алар зарыл. Учурда сыртка чыгып калган теңсиздиктердин барын алып салууга өзгөчө басым жасалууда. Албетте, муну мурдагы президенттердин учурунда кабыл алынган толуктоолор менен салыштырып болбойт. Анткени, алар Башмыйзамдын бутунан баштап башына чейин өзгөртүшкөн. Бүгүн бийликти бир гана бутакка берип коюу жок. Коррективдөө гана жүрүп жатат.

Азыр биз премьер-министрдин райондордун акимин дайындоодо ыйгарым укугу кеңейтилип жатканына күбө болуудабыз. Мен аткаруу бийлигин бекемдөө керек деп ойлойм. Ошол эле учурда милдеттер бийлик бутактарынын ортосунда текши бөлүштүрүлүшү керек, анткени практика көрсөтүп жатканда дайыма карама-каршылыктар болуп келет. Ар бири өзүнүн бийлигин гана ойлойт, ал эми өзгөртүү киргизүү менен биз консенсуска келишибиз мүмкүн.

-  Чуулгандуу 41-берене боюнча эмне айтасыз?

-  Бул окуя өмүр бою эркинен ажыратылган Азимжан Аскаровго байланыштуу. Жогорку сот ишти кайра кароону баштаганда мен сотко катышкам. Анда А.Аскаровдун адвокаттары БУУнун адам укуктары боюнча комиссиясы Аскаровдун иши боюнча тергөөнүн жүрүшүндө жана соттук отурумдардын учурунда мыйзам бузууларга жол берилгени тууралуу жоопту көрсөтүшкөн. Ал аз келгенсип, БУУ моралдык жана материалдык залалдар үчүн Аскаровго төлөп берүү керек деп эсептейт.

Кыргызстандын Конституциясынын 41-беренесинде эл аралык уюмдар, бейөкмөт уюмдар, фонд жана башкалардын өлкөнүн саясатына, экономикасына, сотуна кийлигишүүсүнө жол берилген. Ошондуктан, аталган норманы өзгөртүү зарылдыгы келип чыкты. Бул үчүн башка мамлекеттердин конституциясы каралып чыкты, алардын көпчүлүгүндө улуттук кызыкчылык барынан жогору турары аныкталды.

-  Мындан тышкары, Конституциянын 36-беренесинде өлкөдө бир жыныстуулардын никеге туруусуна тыюу салынган эмес, сиздин пикириңизче бул нормага өзгөртүү киргизүү керекпи?

-  Мен нике эркек менен аялдын ортосунда гана түзүлөт деп жазылган Башмыйзамдын толуктоолоруна кошулам. Өлкөдө Батыштан тарбия алып жаткан жаштар көп, алар эркек менен эркек, аял менен аялдын ортосунда мамиле куруп башташы мүмкүн. Биздин маданият, салт-санаабыз жана менталитетибиз буга туура келбейт.

-  Конституцияга толуктоолорду киргизүүнүн демилгечилери өзгөртүү киргизүү өлкөнү парламентаризмге алып келет деп ишендирип жатышат, сиз буга макулсузбу?

Ооба, биз башкаруунун парламенттик системасын өнүктүрүү жолунда бара жатабыз деп эсептейм. 2010-жылдан бери парламенттик формага өтүү маселеси турган. Биз акырындап койгон максатыбызга бара жатабыз. Убакыт керек, Москва дагы бир күндө курулган эмес.

Маектешкен Мехриниса Сулайманова

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу