Интервью

Май 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
21/10 15:34
 

Мелис Үркүнбаев, Тогуз-Торо районунун аксакалдар кеңешинин төрагасы: “Жолдун курулушуна каршы чыккан Зиядин Жамалдиновдун аракетин кыргызга каршы чыккандык катары баалаймын”

- Сиздердин район аркылуу өлкөнүн түндүгү менен түштүгүн байланыштырган жаңы жол салынууда. Парламенттеги “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын депутаты Зиядин Жамалдинов бул жол пайда алып келбесе куруп не кылабыз деп айтып чыкты. Ушул депутаттын айткандарына кошуласызбы?

- Мен бул жол Тогуз-Торо району үчүн эле эмес жалпы кыргыз эли үчүн жасалып жаткан жол деп айтар элем. “Өнүгүү-Прогресс” партиясынан депутат болгон Жамалдинов ушул жерге келип бизден колдоо алып кетти эле. Эмне үчүн элге каршы сүйлөп жатат ал. Элдик жолго, кыргызды бириктирип, жалпы журттун ажатын ача турган ишке каршы чыккандарды кыргызга каршы чыккандык катары баалайт элем. Жолдун курулушуна каршы чыккан Зиядин Жамалдинов келсе аны менен сүйлөшөбүз.

- Учурда жолдун курулушу кандай жүрүп жатат?

- Учурда бул жол кызуу курулуп жатат. Тоону тешкен жагы эле калбаса, Казарман тарапта бүтүп калды. Нечен деген башка аймактын элдери келип сыймыктанып жатат. А.Атамбаевдин бул демилгесине алакан жайып бата бергендер канча. Ал эми элдин ынтымагын бузган депутаттар тынч болсун. Биз бир элбиз, мындай сөздөрү менен алар элди бөлүп жатат.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу