Интервью

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
17/10 10:00
 

Калысбек Жумаканов: "Ветеринария жөнүндөгү" мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү ветеринария системасын эл аралык талаптарга шайкеш келтирүүгө жол ачат"

 Калысбек Жумаканов: "Ветеринария жөнүндөгү" мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү ветеринария системасын эл аралык талаптарга шайкеш келтирүүгө жол ачат"

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасы М.Бакиров жетектеген депутаттык топ тарабынан КРнын “Ветеринария жөнүндөгү” мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча мыйзам долбоору демилгеленип жаткандыгы белгилүү. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору Калысбек Жумаканов менен мына ушул багытта маектештик.

- “Ветеринария жөнүндөгү” жаңы мыйзам 2014-жылдын аягында кабыл алынса, толуктоо киргизүүгө эмне зарылчылык болуп жатат?

– Бул мыйзам кабыл алынганга чейин эле эл аралык жана улуттук эксперттер тарабынан “Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү” долбоорунун алкагында даярдалып, кабыл алуу процессинде ар кандай тоскоолдуктарга кабылып, 3 жыл дегенде араң кабыл алынган. Менин пикирим, мыйзам кабыл алууда тараптардын кызыкчылыктарына эмес, эл аралык тажрыйбаларга таянуу менен коомдун алдыга карай өнүгүүсүн шарттай турган принциптерге таянуу маанилүү болуусу зарыл. Бүгүнкү күндө ветеринарлардын алдына коюлуп жаткан негизги маселе ветеринария системасын эл аралык талаптарга шайкеш келтирүү менен эпизоотиялык абалды жакшыртуу жана эл аралык соода мамилелерин жөнгө салууга багытталууда. Жогорку Кеңештин депутаты М.Бакиров тарабынан демилгеленип жаткан мыйзам долбоорунун негизи, учурда колдонуудагы мыйзамдын долбооруна кирбей калган принципиалдуу маселелер менен толуктоого багытталган. Бул мыйзамдагы негизги жаңылык – жаныбарлардын саламаттыгын сактоо боюнча милдеттерди жеке ветеринардык адистерге өткөрүп берүү, анткени Мамлекеттик инспекция көзөмөл жүргүзүүгө гана укуктуу. Негизинен, Өкмөттүн ветеринария тармагындагы ченемдик-укуктук актыларды кабыл алуудагы милдеттерин так аныктоого, ветеринария тармагындагы ыйгарым укуктуу органдын кээ бир милдеттерин жеке ветеринардык адистерге берүү жана жеке ветеринардык практиканы кесиптик жөнгө салуу максатында түзүлгөн Ветеринардык статуардык органдын укук милдеттерин так аныктоого багытталган.

- Байкашыбызча негизги талаш-тартыш Ветеринардык палатанын иш-аракеттери жөнүндө болууда окшойт?

– Ал эми Ветеринардык палатанын улуттук ветеринария системасынын курамына кирүүсү көпчүлүк үчүн жаңылык болууда. Ар кандай кайчы пикирлердин айтылуусун мыйзам ченемдүү көрүнүш катары кабыл алсак болот. Менин оюмча, эгерде биз ветеринария системасын кризистик абалдан алып чыгууну жана сапаттуу ветеринардык кызмат көрсөтүүгө бекем негиз түзүүнү кааласак, анда биз түп тамырынан бери өзгөртүлгөн системаны түзүүбүз зарыл. Жалпысынан айтканда, ветеринария системасын Ветеринардык палатаны жаңы институт катары киргизүү аркылуу жакшыртуу маселеси бүгүн эле көтөрүлүп жаткан жок. Эл аралык эпизоотиялык бюронун (ЭЭБ) эксперттери тарабынан берилген сунуштарды эске алуу менен Кыргыз өкмөтү «2008-2012-жылдар аралыгында Кыргыз Республикасында ветеринардык кызматты өнүктүрүүнүн Стратегиялык планын» кабыл алган. Кыргызстан дагы ЭЭБнын мүчөсү болуп эсептелет. Ушул Стратегияга ылайык, кыргыз Өкмөтүнүн эң негизги маселелеринин бири “Ветеринария жөнүндөгү” мыйзамды кабыл алуу жана Ветеринардык статуардык органды түзүү болуп саналат. ЭЭБдин акыркы талабы анын бардык мүчөлөрүнө тийиштүү. ЭЭБдин чечимине ылайык, кайсыл өлкөдө ушул мезгилге чейин Ветеринардык статуардык орган түзүлө элек болсо, аны түзүү керек. Эл аралык эпизоотиялык бюрого мүчө 180 мамлекеттин 129да статуардык органдын болуусунун өзү бул уюмдун эл аралык системадагы маанилүү ролду ээлеп тургандыгынын далили боло алат.

– Ветеринардык палатанын табиятына кененирээк токтолсоңуз. Ветеринардык палатанын ветеринардык ассоциациялардан айырмачылыгы эмнеде?

- Ветеринардык ассоциация – жеке ветеринардык адистердин мыйзамдуу кесиптик кызыкчылыктарын жана укуктарын коргойт. Ветеринардык палатанын негизги максаты – квалификациялык талаптарга жооп берген адистерге ветеринардык ишкердүүлүк жүргүзүүгө уруксат берүү жана алар тарабынан кесиптик этикалык Кодекстин талаптарынын аткарылышына көзөмөл жүргүзүү аркылуу керектөөчүлөрдүн сапаттуу ветеринардык кызмат алууга болгон мыйзамдуу кызыкчылыктарын камсыздоого багытталган. Ветеринардык палата жеке ветеринардык адистерди тизмеге киргизет, алардын билим деңгээлдерин жогорулатуу максатында иш-чараларды уюштурат, тестирлөөнү өткөрүү үчүн суроолорду даярдайт, чет өлкөлөрдө өткөрүлүүчү тренингдерди уюштурат, үзгүлтүксүз кесиптик билим берүүгө жана ветеринардык ишкерлердин арасында атаандаштыктын болуусуна шарт түзөт. Жалпы тизмеге кирүү үчүн жеке ветеринардык адис өзүнүн кесиптик жактан дал келүү талабына жооп бериши керек. Эгерде тиешелүү баллдарды топтой албаса, тестирлөөдөн өтөт. Каттоодон өткөн ветеринардык адис Мамлекеттик ветинспекциянын райондук башкармалыктары менен келишим түзө алат жана расмий ветеринардык адис статусуна ээ болот. Ага белгиленген аймакта туруктуу эпизоотикалык абалды камсыздоо жоопкерчилиги жүктөлөт. Расмий ветеринардык адис жаныбарлардын жугуштуу ылаңдарын, анын ичинде адамдарга да жуга турган ооруларын контролдоо боюнча мамлекеттик программаларды ишке ашырууга катышат. Мындан тышкары, ал өзүнө бөлүнүп берилген аймакта көзөмөлдөө иштерин жүргүзөт жана ошону менен бирге эле жаныбарларга жана жаныбарлардан алынган продукцияларга ветеринардык справкаларды жана сертификаттарды берүүдө талапка ылайык бланктарга өзүнүн жеке мөөрүн басат. Бул жаңы толуктоолор Кыргызстандын ЕАЭБ менен кызматташуусуна да абдан маанилүү. Кыргызстан аталган Биримдиктин башка катышуучу-өлкөлөрүнөн айылдарда мамлекеттик ветеринардык адистин жоктугу менен айырмаланат. Тагыраак айтканда, жаңы мыйзамга ылайык, Ветеринардык палата өкмөт тарабынан жеке ветеринардык ишкерликти жөнгө салат. Өкмөт ветеринардык ишкердүүлүк жүргүзүүнүн тийиштүү Жоболорун бекитет. Жумушту ушундай жол аркылуу бөлүүнүн натыйжасында мамлекет финансылык, материалдык жана адамдык ресурстарды үнөмдүү сарптоого жетишет.

- Ветеринардык палатага берилип жаткан милдеттерди Ветеринардык инспекцияга жүктөсө болбойбу?

- Мындай кадамга баруу биринчиден, мамлекеттен чоң суммадагы каржылык чыгымдарды талап кылат жана рынок мамилелеринин шартында бул максаттуу эмес. Экинчиден, Техникалык жөнгө салуу боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамынын (2- берене, 22.05.04-ж, №67) принциптерине карама-каршы келет. Ал мыйзамда, мамлекеттик көзөмөлдөөчү органдарга сертификациялоо жумуштарын аткарууга жол берилбестиги белгилеген. Ал эми адистердин квалификациялык деңгээлин баалоо – сертификациялык процедура.

- Биз эгемен мамлекет катары Эл аралык эпизоотиялык бюронун сунуштарын аткарбай койсок болобу?

- Эл аралык эпизоотиялык бюрого мүчө мамлекеттердин баары эле эгемен өлкөлөр. ЭЭБ аталган уюмга мүчө мамлекеттердин катышуусу менен малдын денсоолугун коргоого жана мал чарбасынан алынуучу продукцияларды экспорттоого байланыштуу эл аралык стандарттарды аныктайт. Кабыл алынган стандарттар Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна мүчө мамлекеттердин арасында тоскоолдуксуз соода жүргүзүүнү уюштурууга жана эл аралык соода мамилелерин жөнгө салууга багытталган. Жөнөкөй мисал, биздин мамлекеттин футбол командасы эл аралык турнирлерге катышууну кааласа, Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) мүчөсү катары аталган уюм тарабынан коюлган талаптарды жана стандарттарды аткарууга тийиш. Ал стандарттар дүйнөлүк деңгээлде футбол боюнча бирдей оюн өткөрүүнүн эрежелеринин болушун камсыздоого багытталган. Эл аралык футбол федерациясы эч бир мүчө мамлекетке аларды аткарууну таңуулабайт. Ал стандарттарды аткарбаса деле болот, бирок, андай кезде ошол мамлекет эл аралык турнирлерге катыша албайт. Ветеринария тармагында деле абал дал ушундай. Эгер биз Кыргызстандын ветеринардык системасын эл аралык стандарттарга шайкеш келтиребиз жана мамлекетибиздин экспорттук потенциалын жогорулатабыз десек, анда ЭЭБ аныктаган эл аралык стандарттарга баш ийүүгө милдеттүүбүз. Мындан сырткары, өлкөдө Ветеринардык статуардык органдын болуусу дүйнөлүк коомчулук тарабынан, ветеринардык кызматтын сапатынын кепилдиги катары кабылданат жана мал чарба азыктарын сырткы рынокко алып чыгуунун негизги шарттарынын бири болуп эсептелет.

- Кызыктуу маегиңиз үчүн ыраазычылык билдиремин. Ишиңизде ийгиликтер болсун.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу