Интервью

Май 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
13/10 14:38
 

Конституциялык палатанын төрагасы КР Башмыйзамына киргизилип жаткан өзгөртүүлөр тууралуу түшүндүрдү

 Конституциялык палатанын төрагасы КР Башмыйзамына киргизилип жаткан өзгөртүүлөр тууралуу түшүндүрдү

2016-жылдын 11-октябрында Конституциялык палата адамдын фундаменталдык укугуна жана демократиялык укуктук мамлекеттин принциптерине каршы келбеген Кыргызстандын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча референдум тууралуу мыйзам долбоорун тааныды.

КР Конституциялык палатасынын төрагасы Эркинбек Мамыров “Кабар” маалымат агенттигине маегинде КР Башмыйзамына киргизилип жаткан өзгөртүүлөрдүн айрым жагдайлары жана алар эмне үчүн киргизилип жаткандыгы тууралуу айтып берди.

- Башмыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча КР Конституциялык палатасынын чечими канчалык мыйзамдуу экенин чечмелеп берсеңиз?

- Бул үчүн Конституция кайрылууга туура келет, анын 97-беренесинде КР Конституциялык палатасынын ыйгарым укуктары жазылган. Үч ыйгарым укугу бар – алардын бири- Конституцияга өзгөртүү киргизүү долбоору боюнча бүтүм чыгаруу. Демек, бүтүм чыгаруунун мыйзамдуулугу же мыйзамсыздыгы тууралуу маселе чыкпашы керек.
Конституцияга киргизилир жаткан бардык түзөтүүлөр алдын ала КР Конституциялык палатасынын чечимине ээ болушу керек. Конституциялык палата чечимин чыгарып жатып биринчи кезекте киргизилип жаткан өзгөртүүлөрдүн адамдын, жарандардын фундаменталдык укуктарына, эркиндигине ылайык келер-келбесин текшерет. Экинчиден, киргизилип жаткан өзгөртүүлөрдүн демократиялык, светтик, укуктук мамлекеттин принциптерине ылайыктуулугу каралат. Үчүнчүдөн, киргизилип жаткан өзгөртүүлөр КР Конституциясынын 114-беренесинде каралган тартипке ылайык келээрлиги текшерилет. Көрдүңүздөрбү, биз мында кайсы жагдайлар боюнча чечим чыгаруу керектигин так жетекчиликке алабыз.

- Айрымдар КР Конституциясына киргизилип жаткан түзөтүүлөр КР Президенти тарабынан бийликти узурпациялоого алып келет, деп жатышат, ушундайбы?

- Мындай пикирлер КР Конституциясына киргизилип жаткан өзгөртүүлөрдүн мазмуну менен таптакыр тааныш эмес адамдардан чыгып жатат көрүнөт. Бул өзгөртүүлөрдө Президенттин ыйгарым укуктарын күчөтүү таптакыр каралган эмес. Айрым гана тактоолор бар, мисалы, Коргоо кеңеши Коопсуздук кеңеши болуп түзүлөт. Айрымдар Коопсуздук кеңешин түзүү менен Президенттин ыйгарым укуктарын күчөтүп жатышат, деп айтышы мүмкүн. Бул андай эмес. Башкаруунун парламенттик формасындагы өлкөлөрдүн тажрыйбасын карап көрсөк, аларда Коопсуздук кеңеши, Улуттук коопсуздук кеңеши, Улуттук коопсуздук жана коргоо кеңеши сыяктуу ар кандай аталыштагы консультативдик органдар түзүлгөн, алардын аталыштары ар түрдүү болгону менен бул органдардын башкы функциясы – коркунучтарга карата алдын ала чара көрүү болуп саналат. Мында Коргоо кеңеши Коопсуздук кеңеши болуп түзүлүп жатышын Президенттин укуктарын күчтөндүрүү катары баалоого болбойт.
Укук коргоо уюмдары көңүл буруп жаткан дагы бир аспект – Дисциплинардык комиссияны түзүүгө Президенттин катышуусу – бул жерде кантип эле бийликти узурпациялоо болсун? Мында Соттор кеңешине Дисциплинардык комиссия катышат, ал комиссия Соттор кеңеши, Жогорку Кеңеш жана Президент тарабынан тең пропорцияда түзүлөт. Көрдүңүзбү, мында эч кандай бийликти узурпациялоо жок.

- Конституцияга киргизилип жаткан түзөтүүлөр чындыгында эле бийлик балансында ыңгайлуулукту жаратабы? Киргизилип жаткан өзгөртүүлөрдүн сот бийлигинин көз карандысыздыгына таасири тийеби?

-Биринчи кезекте, киргизилип жаткан өзгөртүүлөр парламенттин структуралык бекемдигин камсыздоого багытталган. Парламенттин структуралык бекемдиги камсыз болсо, түздөн-түз бийликтин аткаруучу тармактарынын туруктуулугу камсыздалат. Парламент өзүнөн өзү структуралык жактан туруктуу болбостугун көрүп турабыз. Каолиция тез-тез эле ыдырап, ал өз учурунда Өкмөттү отставкага кетүүгө аргасыз кылууда. Ошондуктан фракциянын 2/3 чечими менен көпчүлүк каолициядан чыгуу нормасы парламенттик көпчүлүк каолициянын туруктуулугун камсыздоого багытталган.

Премьер-министрдин же биринчи вице-премьер-министрдин депутаттык мандатты ала жүрүү мүмкүнчүлүгү – бийликтин мыйзам чыгаруу тармагы менен тыгыз карым-катышта иштөөсүнө багытталган. Ишеним артуу – бул Өкмөткө Жогорку Кеңештен карт-бланш алуу менен экономиканы, элдин турмушун көтөрүү үчүн зарыл болгон жагдайлардын бири.

Көптөр эгерде Өкмөткө жылына эки мертебе ишеним артуу укугун берсе, муну менен Жогорку Кеңеш Өкмөткө байланып калат, деген пикирде болуп жүрүшөт. Бул тура эмес. Башкаруунун парламенттик фармадагы, алтургай президенттик формадагы өлкөлөрдүн тажрыйбасын карап көрүңүздөрчү, алардын Конституциясында ишеним вотумунун саны дегеле чектелбейт. Демек бул Өкмөт мыйзам чыгаруу органынын көмөгүн сезбесе, кайсы убакта гана болбосун ишеним вотуму тууралуу маселени коё алат дегенди билдирет, муну менен бийликтин аткаруучу органына карата мыйзам чыгаруу органынын ишеним деңгээли ченелет.

Бийликтин сот тармагынын көз карандысыздыгы жаатында айтсам, азыркы Конституциядагы бардык принциптер өз ордунда калды. Соттор көз карандысыз, алар Конституцияга жана мыйзамга гана баш ийет.

Мында Дисциплинардык комиссияны түзүү, Соттор кеңешинин, жана Сотторду тандоо кеңешинин ыйгарым укуктарын чектөө жаатында гана айрым тактоолор бар. Мисалы учурда ротация Сотторду тандоо кеңеши тарабынан эмес, Соттор кеңеши тарабынан ишке ашырылат. Демилгечилер негиздеме-справкада жазып жүрүшкөндөй, бул ротация маселесин тез чечүүгө багытталган. Бирок ротация Конституциялык мыйзамдарга ылайык жүргүзүлөрүн эске алышыбыз керек. Башкача айтканда, эркин ротациянын болушу мүмкүн эмес. Конституциянын мыйзамдарында бардык негиздемелер – сотторду качан, кайсы учурда ротация кылуу керектиги жазылган. Демек соттор көз каранды болуп калат, деген пикир таптакыр туура эмес. Мындай пикирди Конституцияга өзгөртүү киргизүү долбоорунун мазмуну менен таанышпагандар айтып жатышат.

Маектешкен Эрмек Абдрисаев,
“Кабар” МАБ

 

Видео

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу