Интервью

Август 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30 31  
21/09 15:10
 

Чолпон Самиева: "Жаштар борборлору жана үйлөрү туруктуу каржыланбагандыктан өзүн-өзү каржылоого мажбур"

 Чолпон Самиева: "Жаштар борборлору жана үйлөрү туруктуу каржыланбагандыктан өзүн-өзү каржылоого мажбур"

23-25-сентябрда Кыргызстанда биринчи жолу Жаштар борборлорунун жана жаштар үйлөрүнүн форуму болот. Аталган борборлор жана алардын жүргүзгөн иш-чаралары тууралуу кенен билүү үчүн Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин өкүлү Чолпон Самиева менен маек курдук.

- Чолпон айым, жаштар борборлорунун жана үйлөрүнүн 1-форуму болгону жатыптыр. Алар тууралуу кенен айтып берсеңиз?

- Республика боюнча Талас, Нарын, Чүй, Ново-Павловка, Кызыл-Кыя, Миң-Кушта 58 жаштар борбору, 7 жаштар үйү бар. Ал эми жаштар борборлору болсо бардык облустарда жайгашкан.

- Жаштар үйлөрү жана жаштар борборлорунун функциясы кандай? Эмнеси менен бири-биринен айырмаланат?

- Жаштар үйлөрү жаштар борборлоруна караганда чоң аянтча деп айтсак болот. Тактап айтканда, илимий-конференциялар, бизнес, спорт боюнча иш-чаралар өткөрүлүп, облусттук жаштарды камтыйт. Ал эми жаштар борборлору болсо райондук деңгээлде жана айыл аймактык болгондуктан ошол жер-жерлерде иш алып барат.

- Аларды ким каржылап турат?

-Буга чейин Жаштар министрлиги болгон кезде каржылоо маселеси мамлекеттик органдар аркылуу донорлор менен иштеп келген. Учурда өзүн-өзү каржылоо маселеси бар. Өзүн-өзү каржылоодо бизнес долбоорлор ишке ашырылат. Тилекке каршы, туруктуу негизде каржылап турган органдар жок болгондуктан жаштар максаттарын ишке ашырууда аксап калууда. Өткөрүлө турган форумда мамлекеттик органдардан келген жетекчилерге бул көйгөйлөр айтылат. Жаштар тарабынан резолюция кабыл алынат.

- Форумга кимдер катышат?

- Иш-чарага 70тей жаштар үйлөрүнүн жана борборлорунун өкүлдөрү катышат.

- Кандай жыйынтыктарды кутсөк болот?

- Негизги жоболор, сунуштар эске алынып Өкмөттүк деңгээлде чечим кабыл алынат. Ошол документ менен колдонуу ирээтинде укуктук база түзүлөт.

Маектешкен Рахат Саламатова

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу