Интервью

Апрель 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
1 2 3 4 5 6 7
8 9 10 11 12 13 14
15 16 17 18 19 20 21
22 23 24 25 26 27 28
29 30          
28/07 10:05
 

Министр Кудайберген Базарбаев: “Кийинки жылы ар бир айылда агрономиялык кызмат уюштурулмакчы”

 Министр Кудайберген Базарбаев: “Кийинки жылы ар бир айылда агрономиялык кызмат уюштурулмакчы”

Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Кудайберген Базарбаев “Кабар” агенттигинин кабарчысы менен маектешип, анын бир нече суроолоруна жооп берди.

-  Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Бүткүл дүйнөлүк азык-түлук программасы кызматташууну узартуу тууралуу меморандумга кол койду. Биздин өкмөт кайсы багытта, кандай деңгээлде кызматташып келген?

-  Калкты социалдык жактан коргоо, коомдун аялуу катмарынын жашоо деңгээлин жакшыртуу боюнча мамлекеттик саясат да изденүүнү, жаңыча мамилени талап кылууда. Президент А. Атамбаев тарыбанан демилгеленип, кабыл алынган Туруктуу өнүгүүнүн Улуттук стратегиясында жакырчылыктын деңгээлин 25%га азайтуу милдети белгиленген. Эптеп күн кечирүүгө гана араң жеткен жөлөкпул эч качан маселени чечкен эмес. Убактылуу гана чараларга кирет. Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги муктаж адамдарга жардамдын пассивдүү түрлөрүнөн акырындап баш тартып, аларды колдоонун активдүү жолдорун ишке ашырууда. Андай жолдордун бири – бул Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы менен биргеликте ишке ашырылып келүүдө. Эки жылга эсептелинген программанын наркы 16 млн доллардан быйыл 24 млн долларга өстү. “Эмгеги үчүн азык-түлүк” деп аталган бул программанын алкагында 490 чакан долбоорлор ишке ашты. Буга 66 миң үй-бүлө же 330 миң жумушсуз адам ишке тартылды. Кантип? Биринчиден, айыл-кыштактагы жумушсуздар ошол эле айылга эң керектүү делген социалдык-экономикалык инфраструктураны оңдоп-түзөө иштерине катышып, акысына азык-түлүк алышты. Кай бири жолдорго шагыл төшөп, башкалары көпүрөлөрдү салып, каналдарды казып, селарыктарды бекемдеп, кыскасы жүздөгөн объектилерде миңдеген адам иштеди. Иштеп жатат.

Экинчиден, жумушсуз, жакыр адамдарга өзүнүн чакан ишин ачууга шарттар түзүлүүдө. Кечээ эле айласы алты кетип, жөлөкпулду күтүп жашаган адам бүгүн өзүнө тиешелүү, чакан ишкананын ээсине айланып отурат. Көзүнүн оту жанып, ишеним пайда болуп отурат. Балчылыкка, жыгач усталыкка, тикмечиге, дыйканчылыкка, багбанчылыкка, балык өстүрүүгө үйрөнгөн жарандарыбыз окугандыгы үчүн да акы алып, билим алган соң ишин баштоого керектүү жабдыктарга ээ болушууда. Киреше алып келе турган долбоорлордун катышуучуларынын 28%ы өз бизнесин ача алды, алардын кирешеси 38%га өстү. Дыйканчылык, багбанчылык боюнча долбоорлорго катышкандардын кирешеси 30%га көбөйдү. Албетте, бул аракеттер министрликтер менен ведомстволордун, жергиликтүү бийлик органдарынын жана жарандык коомдун колдоосу аркылуу ийгиликке ээ болуп отурат. Бул долбоорлор Бириккен Улуттар Уюмунун ар кайсы миссиялары тарабынан көз карандысыз иликтенип, иштиктүү, натыйжалуу, майнаптуу экени аныкталып, программа кеңейгени турат. Ошондуктан, 21-июлда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен БУУ Азык-түлүк программасынын ортосунда кызматташууну улантуу тууралуу жогоруда сиз айткан Меморандумга кол коюлду.

-  Эми 2018-2022-жылдарга жаңы долбоорлор жөнүндө кеп болду. Кандай долбоорлор ишке ашмакчы?

-  Биздин негизги өнөктөшүбүз, БУУнун Азык-түлүк программасынын биздин өлкөдөгү директору Рам Сараванамутту долбоордун мазмуну байып, масштабын кеңейтүү тууралуу макулдаштык. Программанын мөөнөтү 2022-жылга чейин узартылып, суммасы эки эсеге же 45 млн долларга көбөйтүлдү. Программа аркылуу айыл-кыштактардагы инфраструктура жакшыртылат. Бул бир. Экинчиден, программага тартылган адамдардын саны өсүп, алардын турмуш шартын жакшыртууга ыңгайлуу шарт түзүлөт. Эми айыл жеринде чакан индустриялаштырууга басым жасалат. Жалпак тил менен айтканда, мурда май берсек, эми май чыгарган цех беребиз, мурда көчөт берсек, эми көчөтү менен кошо шире цехин беребиз. Башкача айтканда, аз камсыз болгон муктаж адамдар, жумушсуздар өз ишин ачууга керектүү жабдыктар менен камсыз болуп, киреше тапкан чакан өндүрүштүн, мисалы айыл чарба азыктарын кайра иштетүүчү ишканалардын жана анда иштеген адамдардын санын көбөйтүүну болжоп жатабыз.

-  Ушунча нерсеге Сиздин министрликтин алы жетеби? Айыл чарбасы, кайра иштетүү, ирригациялык тармак ж.б. Бул программаны ишке ашырууда БУУнун Азык-түлүк уюмунан башка өнөктөштөр барбы?

-  Эң башкысы, өлкө жетекчилиги колдоп жатат, Өкмөт бул ишти координациялап, көз салып турат. Алыбыз жетет. Өнөктөштөрүбүз да бар. Алгач башталганда Россия чоң жардам кылган. Биздин бул долбоорго эл аралык уюмдар кызыгып жатышат. Европа Биримдиги пилоттук райондордогу долбоорлорубузду башынан аягына чейин тактап, кайсы жагын чоебуз деп ойлонуп жатат. Башка да эл аралык уюмдар колдой турганын айтышууда. Эми ар бири менен деталдуу макулдашууга барабыз.

Кечээ эле Билим берүү жана илим, Айыл чарба, тамак аш жана мелиорация министрликтери, Кесиптик билим берүү агенттиги, Агрардык университет менен өз ара кызматташуу тууралуу келишимге кол койдук. Ар бирибиз аткара турган жумуштар так аныкталды. Министрликтер бул долбоорго кызыкдар жана биз менен бирге иштейт. 64 модуль боюнча дыйкандарды акысыз окутуудан тартып, аларды тейлеген ондогон ар кандай кызматтар түзүлөт. Мисалы эмдиги жылы ар бир айылда агрономиялык кызмат уюштурулмакчы.

-  Кечиресиз. Агроном эмне кылат?

-  Бул кадимкидей айлык алган, дыйкан-багбандарга акысыз кызмат көрсөтүүгө арналып уюшулган жаңы кызмат. Кошумча кызмат орду. Ушул бир эле чакан долбоордун алкагында жүздөгөн адам иш менен камсыз болот, туруктуу агрономиялык сервис түзүлөт, агротехникалык эрежелерди, талаачылык маданияты көтөрүлөт, түшүмдүүлүк жогорулайт.

Андан тышкары, мал чарбачылык региондордо ушундай эле жол менен ветеринардык кызматтар, ал тургай жайлоолордо ветеринардык көчмө, мобилдүү пункттары уюштурулат. Алыскы жайлоодогу малчы, фермер малын дарылатуу, эмдетүү үчүн кыштактан ветеринар күтүп же кыштакка малын айдап түшмөк беле? Жок. Жайлоолордогу мобилдүү ветеринар жайлоодо кызмат көрсөтөт. Айыл өкмөттөрүнүн ушундай кызмат уюштурууга мүмкунчүлүгү барбы? Тилекке каршы, көпчүлүгүндө жок. Демек калкка керектүү кызматты уюштуруп беришибиз абзел. Бул да көп натыйжа берет – кошумча жүздөгөн жумуш орду түзулөт, кыргыздардын негизги валютасы болгон малды зооветеринардык тейлөө жакшырат, элге ыңгайлуу шарт түзүлөт.

Керек болсо, фельдшердик-акушердик көчмө пунктар, аптекалар, китепканалар жайлоолордо болушу зарыл. Акырындап ага да жетебиз, буюрса. Биздин долбоорлор аз камсыз болгон адамадарга шарт түзүү менен чектелбейт, калкка мамлекет тарабынан көрсөтүлүүгө тийиш кызматтардын сапатын жакшыртат, аларды жеткиликтүү кылат.

Эң негизгиси, бизде адамга карата мамиле жана адамдын өз тагдырына мамилесин жакшыртууга өбөлгө түзүлөт. Биз ысырапкорчулукка – адам потенциалын текке кетирүүгө, алдуу туруп амалсыз, алты аягы аман-соо, бирок жөлөкпулга таянгандарды эптеп сүйөмөлөп коюу саясатын улантууга жол бере албайбыз. Ар бир адамга жаратман эмгекке жана татыктуу жашоого шарт түзүү озуйпасынан утурумдук экономикалык кыйынчылыктарга шылтап кутулууга болбойт.

Шаарларда жана элет жеринде таң эртеден кечке тырмалаган киши. Жакырчылыкты, кедейчиликти, бечара болууну тагдырдын жазганы ушул деп моюн сунган киши аз. Жакыр жашоо, кедей турмушту баштан кечирүү – уят экенин эл бекем сезе баштады. Бекеринен бул менталдык жагдайды белгилеп жатканыбыз жок. Элибиздин жакшы жашоого умтулуусун бекемдөөбүз зарыл. Социалдык колдоонун активдүү чаралары дал ушул максатты көздөйт.

-  Маегиңизге рахмат

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу