Интервью

Сентябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30            
07/06 16:20
 

Бишкекте Кыргызстандын WTF таэквондо академиясынын биринчилиги болуп өттү

 Бишкекте Кыргызстандын WTF таэквондо академиясынын биринчилиги болуп өттү

Жакында Бишкекте КР WTF таэквондо академиясынын биринчилиги боюнча турнир болуп өттү. Мелдеш кандай тартипте өткөндүгү, спортчулардын ийгилиги, таэквондочулардын мындан аркы иш-аракеттери тууралуу Академиянын президенти Убайдула Тохтурбаев менен “Кабар” агенттигинин кабарчысы маектешкен.

- Убайдула мырза, жакында болуп өткөн Кыргызстандын WTF таэквондо академиясынын биринчилиги боюнча айтып берсеңиз?

- Академиянын биринчилиги боюнча турнир быйылкы жылдын эсебинде экинчи мертебе өтүп жатат. Мелдешке балдар, кадеттер жана өспүрүмдөр категориясында спортчулар катышты. Биринчиликке Таэквондо академиясынын инструкторлору жана тарбиялануучулары - Роберт Пак, Ислам Жылкычиев (LCenter), Азиз Боталиев («Каухар»комплекси), Нурлан Жумалиев («Себат» түрк лицейи) биринчи мертебе катышты. Ошондой эле, турнирге өлкөбүздүн түштүк аймагынан 30 спортчу катышып, бардыгы болуп 110 таэквондочу биринчилик үчүн күч сынашты.

- Мелдеш кайсы жерде өттү жана мурдагы турнирлерден эмнеси менен айырмаланды?

- Мелдеш «Gym-n-Roll» спорт оюн-шоок комплексинде өттү. Калыстык кылууда биринчи мертебе DAEDO фирмасынын электрондук фиксациясы колдонулуп, сенсордук чиптер, калкалоочу протекторлор гана эмес, шлемга да коюлду. Ошондой эле, Академиянын тарыхында алгачкы жолу жеңүүчүлөр дүйнөлүк стандаркка ылайык сыйланышты. Мелдештин аралыгында көңүл көтөргөн музыкалык композициялар жаңырып турду. Кокустан жаракат алып калгандар болсо Спорттук медициналык борбордун врачтары аларга жардам көрсөтүүгө даяр турушту. Турнирди белгилүү журналист Канай Аламанов видеого тартып алып, КТРКнын “Спорттук мозаика” берүүсүндө көрсөтүүгө даярдоодо.
Кыскасы биринчилик турнир жогорку уюшкандыкта өтүп, мыкты таэквондочулардын аты аталды.

- Спортчулар кайсы категориялар боюнча күч сынашты?

- 16 салмактагы категория боюнча өткөн турнирде төмөнкү спортчулар жеңишке жетишти.
2009-2007-жылдары төрөлгөндөр:
23 кг – Файзулаев Амирхан (1- орун), Жамшитов Барс-Бек (2-орун), Сейдибакасов Ислам, Ценин Роман (3-орун).
25 кг – Мусалыев Амир (1-орун), Исаев Билал (2-орун), Абасканов Айдар, Сафлютин Владимир (3-орун).
28 кг – Ташиев Кулназар (1-орун), Мухтар уулу Алинур (2-орун), Пак Артём, Мелисов Азирет (3-орун).
31 кг – Уразов Адиль (1-орун), Кошева Азарий (2-орун), Жекшенбаев Агиль, Карибаев Тимур (3-орун).
35 кг – Колчин Алексей (1-орун), Зеленков Владимир (2-орун), Баласагын Кайратбек, Алтыбаев Асылнур (3-орун).

2004-2002-жылдары төрөлгөн кадеттер категориясында:
33 кг – Раимжанов Самандар (1-орун), Камчыбеков Арсен (2 -орун), Парпиев Азирет, Хамрабаев Асадбек (3-орун).
37 кг – Косо-Оглы Руслан (1-орун), Дүшөнов Илим (2-орун), Табылдиев Бакай, Бөрүбаев Космос (3-орун).
41 кг – Сабитов Фариз (1-орун), Абдужалил уулу Исфайрам (2-орун), Жумадылов Амантай, Момуналиев Адиль (3-орун).
45 кг – Абдилакимов Бек (1-орун), Цой Эмиль (2-орун), Ли Теём, Исмаилов Эрбол (3-орун).
49 кг – Азамат уулу Иман (1-орун), Рыскелдиев Кылыч (2-орун), Давронов Руслан, Аминжанов Сардорбек (3-орун).

Кыздар: 33 кг – Дементьева Кристина (1-орун), Нуманжанова Сарвара (2 -орун), Абдуллаева Дүрдана, Абдужамил кызы Бибимариям (3 -орун).

2002-1998-жылдары төрөлгөн өспүрүмдөр категориясында:
48 кг – Абдужалил уулу Сыймык (1-орун), Шарипов Амир (2 -орун), Юлдашев Жохонгир, Базарбаев Рустам (3-орун).
55 кг – Диденко Андрей (1 -орун), Мамасалиев Элчибек (2-орун), Адылбек уулу Элдияр, Уланбек уулу Айдар (3 –орун ).
59 кг – Тюленев Владимир (1-орун), Бурханитдинов Шерзод (2-орун), Шохрух, Кылычбек уулу Азамат (3-орун).
Кыздар:
51 кг – Хван Элина (1 -орун), Мамбетова Камилла (2 -орун), Жанболот кызы Фатима, Хашимова Бегайым (3 -орун).
55 кг – Мидинова Бегимай (1-орун), Ашырбаева Диана (2 -орун), Табылдиева Айко, Габдулина Кассандра (3 -орун).

- Жеңүүчүлөргө кандай сыйлыктар тапшырылды?

- Жеңүүчүлөрдүн бардыгы тең диплом, медаль жана баалуу сыйлыктар менен сыйланышты. Сыйлыктарды тапшыруу процесси фанфардын коштоосунда салтанаттуу түрдө өттү. Биринчилик турнир мелдешке катышкан балдарга, ата-энелерге, спорт күйөрмандарына майрамдык маанай тартуулады. Мелдеште таэквондочулар жакшы натыйжаларга жетишип, моралдык-спорттук мыкты сапаттарын көрсөтүштү. Эми июндун аягында Академиянын тарбиялануучулары кезектеги түстүү курга ээ болуу үчүн аттестациядан өтүшмөкчү. Андан соң Академиянын жетекчилиги балдарды ден соолугун чыңдоо, окуу-машыгууга Ысык-Көлдүн жээгине алып барат.

Дайырбек Мейманов “Кабар” МА

1 из 4

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу