Интервью

Август 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30 31  
07/06 12:41
 

Казак менен кыргыз бир төөнүн эки өркөчүндөй...

Казак менен кыргыз бир төөнүн эки өркөчүндөй...

Эл аралык Түрк академиясынын президенти, тарых илимдеринин доктору, профессор Дархан Куандык уулу Кыдырали менен «Кабар» маалымат агенттигинин кабарчысы аталган академия эмне кызмат аткарат, Кыргызстанга байланыштуу кандай иштерди жасады, казак-кыргызды жакындаштырган кандай жагдайлар бар деген маселелердин тегерегинде маектешкен.

- Кыдырали мырза, Түрк академиясы качан, кайсы максатта түзүлгөнүн айтсаңыз...

- Эл аралык түрк академиясы түрк дүйнөсүндөгү билим менен илимге, маданий, адабий жетишкендиктерге көмөк көрсөтүүнү максат кылган уюм. Ал 2010-жылы Казак президенти Нурсултан Назарбаевдин башчылыгында Астана шаарында ачылган. 2012-жылы Бишкекте өткөрүлгөн түрк дүйнөсүнүн мамлекет башчыларынын саммитинде бул уюмга эл аралык статус берүү жөнүндө документке президенттер кол койгон. Ошондуктан Түрк академиясы Бишкекте жаралган деп айтууга да болот. 2014-жылы парламенттер ратификациялап толук укуктуу эл аралык уюм катары таанылган. Академиянын башкы кеңсеси Астанада жайгашкан. Өзүнүн музейи жана китепканасы бар.

- Академия менен кайсы мамлекеттер иштешет?

- Кыргызстандан, Азербайжандан, Казакстандан, Түркия жана башка мамлекеттерден окумуштуулар академия менен тыгыз карам-катышта иштешет. БУУда Улуу Жибек Жолуна байланышкан чоң симпозиум өткөрдүк. Ага кыргызстандык окумуштуулар да катышты. Биз түрк дүйнөсүнүн академияларынын бирикмесин уюштурганбыз. Ага Кыргызстандын Улуттук илимдер академиясы да мүчө. Кыргызстандын, Азербайжандын, Түркиянын, Россия Федерациясынын улуттук илимдер академиялары менен тыгыз байланышта иштешип жатабыз.

- Кандай иштерди аткарасыздар?

- Түрк дүйнөсүнүн орток тарыхынын китебин даярдап билим министрликтерине бердик. Ошону менен бирге экспедициялык, археологиялык жумуштарды жасайбыз. Былтыр Алтайга бардык. Быйыл Монголияга экспедицияга чыгабыз. Элтерес кагандын тарыхын иликтейбиз. Академия түрк дүйнөсүнүн орток адабият китебин түзүүнү, орток терминологиялык комитет түзүүнү, орток ойчулдардын, илимпоздордун ишмердигин изилдөөнү, түрк элдеринин маданиятын, адабиятын изилдөөнү ишке ашырууда. Бул максатта түркий мамлекеттерден тышкары да Монголия, Венгрия, Россия, Кытай жана башка көптөгөн мамлекеттер менен тыгыз мамилелешип, эл аралык конференцияларды өткөрүүдөбүз.

- Кыргызстанга байланыштуу кандай иш-чараларды өткөрдүңүздөр?

- Академияда бүгүнкү күнгө чейин жүзгө жакын аталыштагы китептер чыкты. Алардын ичинде Кыргызстандагы аалымдардын да көптөгөн китептери бар. Айталы, Кадыралы Конкобаевдин Алтайдагы эски түрк жазмаларынын атласын түрк жана орус тилдеринде чыгардык. Ошондой эле, Токтогулдун китебин чыгарып, илимий конференция өткөрдүк. Чыңгыз Айтматовдун мааракесин Астанада жана Бишкекте, ал эми Чохан Валихановдун конференциясын Бишкекте өткөрдүк. Кыргызстандын Улуттук илимдер академиясы менен биргелешип, “Манастын” энциклопедиясын чыгардык. Кыргыз-Түрк Манас университети, Ж.Баласагын атындагы КУУ менен чоң жумуштарды аткарып жатабыз. Мисалга түрк дүйнөсүнүн орток сыймыгы Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгын Кыргыз-Түрк Манас университетинде өткөрдүк. “Мурас” фондунун жетекчиси Тынчтыкбек Чоротегин жана башка инсандар менен биргеликте Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгын жана 1916-жылдагы Үркүн боюнча конференцияларды уюштурабыз. Жакында июнь айында Астанада Үркүндүн 100 жылдыгына байланыштуу эл аралык симпозиум өткөргөнү турабыз. Кыргыздын улуу инсандары Токтогул, Молдо Кылыч, Тоголок Молдо, Касым Тыныстанов, Ишеналы Арабаев, Төрөкул Айтматов жана башка инсандар тууралуу изилдөөлөрдү жүргүзөбүз. Кыргызстандын көчмөндөр оюну боюнча да изилдөөбүз бар.

- Академиянын аты айтып тургандай түрк дүйнөсүн изилдейт турбайсыздарбы?

- Ооба. Түрк дүйнөсүндөгү жылкы маданияты боюнча да китептерди чыгардык. Түрк эли көчмөн гана эл болгон эмес. Баласагын, Токмок өңдүү жана Жети-Суу жергесиндеги шаарлар сыяктуу чоң шаарларды курушкан. Аль-Фараби, Ибн-Сина, Берунидей улуу инсандар Европадагы ренессанска чоң таасир тийгизген. Ошондуктан биз Карахандар доорун тыкыр изилдөөбүз керек. Биз тарых, археология менен гана алпурушпайбыз. Түрк дүйнөсү бүгүн жана болочокто эмне иш жасашы керек деген маселелердин үстүндө да иштеп, бул жаатта илимий журналдарды чыгаруудабыз. 23-майда гуманитардык илимдер жаатында форум өткөрдүк. Ага белгилүү кыргыз аалымдары жана Россия Федерациясынан окумуштуулар келип, түрк дүйнөсүнүн келечеги, тарыхы, адабияты, тили, методологиясы, технология кылымындагы орду тууралуу ой-пикирлерин ортого салышты. Бутанаевдин, Василевдин китептерин, ошондой эле мурда чыккан түркологиялык китептерди азыркы кылымдагы методологиялык изилдөөлөргө шайкеш келтирип, кайра карап чыгарып жатабыз.

- Академияга кайсы мамлекеттер мүчө?

- Биздин Түрк академиясына Кыргызстан, Түркия, Азербайжан, Казакстан мүчө. Өзбекстан, Түркмөнстан менен да жакшы байланышыбыз бар. Дүйнөнүн кайсы жеринде түрк элдери болсо, ошолордун бардыгы тууралуу изилдөөгө аракет кылабыз. Негизинен Кыргызстанды көбүрөөк изилдейбиз. Себеби, кыргыздар түрк калктарынын ичинен эң байыркы элдердин бири. Мисалы, 693-жылы Култегиндин Элтерес каганга арнап койдурган эстелик ташын Астанага алып келдик. Ал ташта кыргыздын Улуу тамгасы бар. Казак менен кыргыз бир төөнүн эки өркөчүндөй, бир бээнин эмчегиндей, Ала-Тоонун эки баласы сыяктуу ирегелеш жашап келишкен. Кийинки эле Жамбыл менен Токтогулдун, Мухтар Ауэзов менен Чынгыз Айтматовдун достугун алалычы. Чынгыз Айтматовдун чыгармаларында казак-кыргыздын орток тагдыры чагылдырылган. Казак-кыргыздын тарыхында дагы да ачылбаган көп нерселер бар. Аларды изилдеп элге жеткирүүгө алпурушуп жатабыз. Буга кыргыз аалымдары да активдүү катышууда. Кыргызстандын Президенти Алмазбек Атамбаевдин Жарлыгы менен чыккан Үркүндүн 100 жылдыгына карата да биз бир топ иштерди жасоодобуз. Буюрса, Астанада да Үркүндүн 100 жылдыгын өткөрөбүз.

- Кеп соңунда эл-журтка каалоо тилегиңиз?

- Асман, жер, ай, күн бардык элдерге орток. Ошол сыяктуу кылым да орток. Кылымды аттап өтүүгө болбойт. Дүйнөнү кылым аркылуу тааный турган болсок, кылым Ибн-Сина, Аль-Фараби сыяктуу улуу инсандарды жараткан. Учурда ар кандай террордук актылар болуп жатат. Эгерде адамдар бири-бирин жакындан тааный турган болсо, интеграцияланса, мындай зомбулуктан алыс болушат. Сөзүмдүн аягында айтаарым – орозо айы башталып олтурат. Бул ыйык күндөрү Кыргызстандын элине тынчтык турмушту, бакубат жашоону, өсүп-өнүгүүнү каалайм!

Дайырбек Мейманов, “Кабар” МА

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу