Интервью

Август 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30 31  
01/06 15:49
 

Абдылдажан Акматалиев: “Маданият, тарых – улуттун тиреги”

 Абдылдажан Акматалиев: “Маданият, тарых – улуттун тиреги”

Штаттан тышкаркы кабарчыбыз Темирбек Алымбеков илимпоз А.Акматалиев менен маектешкен.

- Президентибиз Алмазбек Атамбаев “Тарых жана маданият” жылы деп жарыялагандан бери алтынчы ай өтүп жатат. Бул иш-чараларга Улуттук илимдер академиясынын окумуштуулары кандай катышып жатышат?

-  Биз үчүн бул жыл өтө жоопкерчиликтүү, ошону менен бирге сыймыктуу жыл. Ошол үчүн бизге бөлүнгөн иш-чараларды өз убагында аткаралы деген ойдобуз. Эң башкысы “Кыргыз тарыхы” деген 3 томдуктун үстүндө иш алып барышууда, бүгүнкү күнү эмгектин көбү жазылып бүтүп калды. Азыр талкуулар жүрүп, редакциялоо болуп жаткан учур. Бул кыргыз тарыхындагы эң биринчи кыргыз тилиндеги эмгек болмокчу.Тактап айталы ушул мезгилге чейин кыргыз тарыхы колго алынбаганы таңкалтырат. Академиялык тарыхтын жарык көрүшү – жалпы республикалык мааниге ээ десек болот. Анан намыстанып айтканда, башка биз сыяктуу чоң республикалар гана эмес, Татарстан, Башкырстан сыяктуу кичи республикалар өздөрүнүн тарыхтарын 6-7 том кылып жазып, чыгарып, бизге белекке тартуулашса, “биздин эмнебиз кем” деп ичиң ачышып кетет экен. Үч жылдан бери кызматыма байланыштуу көзөмөлдөп келем, жыйынтык чыкса деген тилегим бар.

- Тарых жана маданият жылында айрым инсандардын да маарекелери белгиленип жүрөт, улуу адамдарыбыздын ысымдары кирбей калган, алсак Юнусалиев, Жамгырчинов, Усенбаев...

- Анысын билбейт экем, себеби, планды түзгөндө көңүлдөн чыгып кетсе керек, биз менен макулдашылган эмес. Усенбаев Кушбек агайдын 1916-жылкы трагедиялуу окуяга байланышкан эмгектери өтө баалуу, ошондуктан окурмандарга кайрадан тартуулаганы жатабыз. Ошону менен 1916-жылкы көтөрүлүш боюнча 3 томдук даярдап койдук, ага архивдик материалдар, монографиялар, эскерүүлөр жана көркөм чыгармалардан кирмекчи. Бул жылда Тайлак баатыр, Жусуп Баласагын жана Эгемендүүлүктүн 25 жылдыгына карата илимий-практикалык конференцияларды жогорку окуу жайлар, чет элдик мекемелер – Ахмед Ясави атындагы казак-түрк университети, Аль-Фараби мамлекеттик университети жана Түрксой менен бирдикте уюштурдук, биздин окумуштуулар да активдүү катышышты. Өткөндө 37 кызматкер Алма-Ата шаарына, 28 кызматкер Астана шаарына барып келишти.

- Гуманитардык илимдин өкүлдөрү тарых жана маданият жылы жарыяланбаса деле ушундай иштерди аткарыш керек го.

- Туура айтасың! Маданиятка, тарыхка, тилге, адабиятка аткарыла турган иштер жыл менен чектелбейт, булар түбөлүктүү нерсе. Анын үстүнө буларсыз улуттук менталитетти, улуттук мамлекетти элестетүү мүмкүн эмес. Кыргызды кыргыз кылып, башкалардан айырмалантып тургандар да, улуттун тиреги да – тил, тарых, адабият, маданият. Бирок, Президенттин жарлыгы Эгемендүүлүк алгандан бери улуттук мурастарга комплексттүү, системалуу, терең жана кеңири кароого, ага камкордук кылууга мүмкүндүк түзүп отурат.

- “Улуу инсандар”, “Эл адабияты”, “Залкар акындар”, Залкар комузчулар” жана башка сериялардан окурмандарга тартуулаган эмгектердин нускалары кеминде он миңден ашуун болуп, ар бир китепканага, мектепке жеткизүү милдети турат.

- Сенин пикириңе толук кошулам, Темике! Мамлекет жардам бермейин биз жалпы коомчулуктун талабын толук камсыз кыла албайбыз. Азыркы күндө мамлекеттин руханий дүйнөбүзгө көңүл бурушу бизди дагы шыктандырат, көп идеяларды иш жүзүнө ашырууга батынып кирүүгө мүмкүндүк берет. “Улуу инсандар” сериясына кыскача токтолсом, Махмуд Кашгари, Жусуп Баласагын, Калыгул, Арстанбек, Токтогул ырчы, Асан кайгы, Орозбеков, Сыдыков жана башкалар.

- Дагы кандай иштерди аткарсак дейсиңер?

- Мен вице-президент болуп келгенимде демилге кылып “Улуттук идеялар – тилде, тарыхта, философия” деген өз-өзүнчө сериялардын алгачкы китептерин чыгарган болчубуз. Ушул ой уланса дейм, “Классикалык изилдөөлөр” деген серияда да гуманитардык багыттагы илимдерде изилдөө жүргүзгөн окумуштуулардын эң маанилүү эмгектерин жарыяласак кана деп түйшөлөм, “Манас” эпосунун бардык варианттарын өз алдынча чыгарсак руханий пирамида болобу деп кыялданам, анан да дүйнөлүк маданият менен адабиятты кучагына камтый турган “Айтматов энциклопедиясы” том-томдоп тизилип турса деп элестетем, Темике айта берсе кыял деген укмуш эмеспи!

Белгилүү жазуучу Асанбек Стамов тээ илгери эле минтип айтканын уккан элем: “Эгер тирүү кезинде Бишкекке кимдин эстелигин койсо болор эле деп сураса шаардын бир кире беришине Кеңеш Жусуповдун, экинчи бир кире беришине – Абдылдажан Акматалиевдин эстеликтерин койсо болот деп жооп берер элем”, – деген экен. Албетте, ал кишинин мүнөзү, өтө татаал болчу, бирок мындай айкөлдүк менен баа бергенине ыраазы болосуң. Эми маегиңе рахмат!

Маектешкен Темирбек Алымбеков

“Тарых жана маданият” жылына карата А.Акматалиевдин “Үйлөнүү үлпөтү”, “Балдарга арналган ырым-жырымдар”, Байыркы орток түрк адабиятынын очерки”, “Көркөм чыгарма жана тарыхый инсандар”, “Азыркы кыргыз адабияты” деген эмгектери кайрадан басылып чыкты.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу