Интервью

Август 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30 31  
18/05 16:06
 

Композитор Райхан Бейшеналиева:“Эрик Кадырбаев улуттук мюзикл жанрынын туңгуч баштоочусу болчу”

 Композитор Райхан Бейшеналиева:“Эрик Кадырбаев улуттук мюзикл жанрынын туңгуч баштоочусу болчу”

Кыргызстан Жаштар сыйлыгынын ээси, композитор-аранжировщик Эрик Кадырбаев жөнүндөгү китеп жакында жарыкка чыкты. Китептин бет ачаар аземи жана Э. Кадырбаевди эскерүү кечеси 30-майда Кыргыз Улуттук академиялык драма театрында өткөрүлмөкчү. “Кабар” агенттигинин кабарчысы китептин автору, Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин жана Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектеп интернаттын окутуучусу, белгилүү композитор Райхан Бейшеналиева менен Э. Кадырбаев тууралуу маектешкен.

- Эрик Кадырбаев бул дүйнөдөн өтө жаш кетти. Эң жакын адамы катары ал жөнүндө эскерип айтып берсеңиз?

- Эрик Кадырбаев менин өмүрлүк жубайым эле. Жолдошум, досум, кесиптешим, балдарымдын атасы болчу. Чыгармачылыгы гүлдөп турганда 39 жаш курагында бул дүйнө менен кош айтышып кете берди... Ал белгилүү композитор-оранжировщик, улуттук мюзикл жанрынын туңгуч баштоочусу, Кыргызстан Жаштар сыйлыгынын ээси, Кыргыз Республикасынын маданиятынын отличниги, көптөгөн эл аралык конкурстардын лауреаты болчу. Кыргыз музыкасында өз орду бар кайталангыс өнөрлүү инсан эле. Көптөн бери күткөнүм орундалып, Эрик тууралуу китебим жарыкка чыкты.

- Музыкалык чыгармаларын атай кетсеңиз?

- Ал “Даңктаймын кутман эл-жерди”, “Өмүр кемеси”, “Каалайм сага”, “Жан биргем”, “Күтөм сени”, “Жаралуу куш”, “Ардагыма”, “Кош бол”, “Жүрөгүң керек”, “Ак ордо” аттуу ырларынын жана биринчи кыргыз мюзикли болгон “Махабат жылдызынын” автору болчу.

- Ооба, бүтүндөй өмүрүн чыгармачылыкка, сүйгөн кесибине арнаганын чыгармаларынын аттары эле айтып турат...

- Эрик кыска өмүрүндө сүйгөн кесибине ак кызмат өтөгөн, жүрөгү “элимдин көркөм дүйнөсү бийик, анын келечеги болгон жаштар маданияттуу, өнөрлүү болсун” деген ниетте соккон, болгон күчүн, талантын, чыгармачылыгын ошол мүдөө-максаттарга арнаган. Белгилүү ырчылардын өнөр секисине чыгышына Эрик жан дили менен өз салымын кошкон. Чыгармачылык аракетинин баарын чыгарма жазып коюп эле жөн калбай, кыргыз ырчылары өссүн, алардын атагы алыска тарасын, жогорку деңгээлде аттары аталып жүрсүн деген максатта жан үрөп, ырчыларды эл аралык конкурстарга даярдап, түмөн-түйшүк тартып, алардын майда-чүйдөсүнө чейин жан дили менен көңүл буруп, көп иштерди өз мойнуна жүктөп жүрүп, уул-кызына шарт түзмөк тургай, өз ден соолугуна кароону дагы ойго албаган бойдон бу дүйнөдөн өтүп кетти...

- Учурдагы эл артисттеринин, эмгек сиңирген артисттердин коомчулукка таанылуусуна Эрик Кадырбаевдин эмгеги зор экени азыр да айтылып жүрөт...

- Кыргыз Республикасынын эл артисттери Г. Сатылганова, А. Темирова; Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисттери А. Иманалиева, А. Турдалиева, Ж. Бобкова, С. Бейшекеев; Г. Тойгонбаева, Э. Кайып кызы, А. Кыдыкова, Р. Адилканова, А. Асангожоева, Н. Мааданбеков, А. Оморова, А. Жусупова, Г. Суранчиева, А. Чолжуев жана башка артисттердин эл аралык деңгээлге чыгуусуна Эрик Кадырбаевдин эмгеги зор. Анын көздөгөн максаты, болгон аракети өзүнө пайда табуу же жеке кызыкчылыгы эмес, ырчылардын өнөрүн, талантын эл алдына алып чыгуу болгон.

- Кыска өмүр сүрсө да артында мыкты чыгармалары калды. Жогоруда сиз айткан ырчылар анын ырларын аткарып жүргөнү буга күбө...

- Ал өзүнүн өжөр, аракетчил мүнөзү, ак кызматы, кайталангыс таланты менен кыргыз музыкасынын тарыхында атын гана калтыра алды. Кыргыз рух казынасынын шедеври – “Чолпон” балетинин каармандарын алып, либреттосун акын К. Урманбетов, музыкасын Э. Кадырбаев жараткан мюзиклде жомоктогу кейипкерлердин тагдыры биздин күндүн окуясы менен заманбап өңүттө чечмеленет. Кыргыз музыка тарыхында алгачкы мюзикл жанрын жаратып, жаратман, баштооч катары Эрик наам да, үй да ал тургай чоң суммадагы гонорар да алган жок.

Дайырбек Мейманов “Кабар”

1 из 2

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу