Интервью

Август 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30 31  
11/05 14:01
 

Академик О.Тогусаков: “Биз өзүбүздүн тарыхыбыз, маданиятыбызды, руханий дөөлөттөрүбүздү аздектеп, кийинки муунга өткөрүп берүүгө милдеттүүбүз”

 Академик О.Тогусаков: “Биз өзүбүздүн тарыхыбыз, маданиятыбызды, руханий дөөлөттөрүбүздү аздектеп, кийинки муунга өткөрүп берүүгө милдеттүүбүз”

Быйыл Кыргыз Республикасында жарыяланган тарых жана маданият жылына карата КР УИАнын Философия жана саясий-укуктук изилдөөлөр институту тарабынан “Кыргыздардын каада-салттарынын онтологиясы” аттуу китеп жарык көрдү. Бул илимий эмгек КР УИАнын корреспондент-мүчөсү, философия илимдеринин доктору Осмон Тогусаков, КРнын илимине эмгек сиңирген ишмер, философия илимдеринин доктору М.Жумагулов жана философия илимдеринин кандидаты Ж.Асанов тарабынан жазылган. “Кабар” агенттигинин кабарчысы аталган китептин авторлорунун бири академик ОсмонТогусаков менен китепти жазуунун максаты тууралуу маектешкен.

- Китепти жазууда эмнеге басым жасадыңыздар?

- Өзүңүздөр билгендей азыр дүйнө жүзү көчмөндөрдүн цивилизациясын түп көтөрүп окуп жатышат. Себеби, көчмөн калктардын маданияты кылымдар мурда эле калыптанып калган. Аларды жандандыруу, жаштарга тарбия берүү зарыл. Анын ичинде көөнөрбөс жакшы идеялар бар. Алардын баары жөн жерден чыккан эмес, турмуш образына байланыштуу пайда болгон. Мына ошолорду изилдедик, анализдедик, элге тартууладык. Китепте каада-салттардын социалдык жана маданий маңызына, анын коомдун рухий жашоо системасындагы ордуна, кыргыздардын маданий мурасынын элди бириктирген булак катары кылган кызматына, экологиялык каада-салттарга философиялык көз карашка, алардын мазмунуна, экологиялык салттуулуктун ролуна көнүл бурулган.

- Китеп быйылкы “Тарых жана маданият” жылына жакшы белек болуптур...

-Быйылкы жылды өлкө Президенти “Тарых жана маданият” жылы деп белгилегенден кийин биз маданиятыбызга тиешелүү болгон руханий баалуулуктардын баарын көтөрүп чыгышыбыз керек. Антпесек биздин жаштарыбыздын көбү батыштын массалык маданиятына берилип кетти. Биз улут болгондон кийин өзүбүздүн тарыхыбыз, маданиятыбызды аздектеп, руханий дөөлөттөрүбүздү сактап, кийинки муунга өткөрүп берүүгө милдеттүүбүз. Болбосо руханий караңгылыкка кирип кетишибиз турган иш.

- Демек, кыргыз улутунун каада-салттарындагы баалуулуктарды изилдедиңиздер да?

-Биз кылым карыткан кыргыз улутунун илгертен келе жаткан үрп-адат, каада-салттарын маданияттын контекстинде карап, изилдеп чыксакпы деген максат койгонбуз. Элибиз массалык маданиятты кабыл алып, өзүбүздүн ата-бабабыздан калган түгөнбөс мурас, көөнөрбөс үрп-адаттарыбыздын баарын көңүлдүн сыртында калтырып бара жатат. Биз ата-бабабыздын каада-салт, үрп-адаттарын калкка, жаштарга жеткиришибиз, кээ бир салттарды бүгүнкү турмушубузга ылайыкташыбыз зарыл. Антпесе бүгүнкү күнү коомубузду руханий ачарчылык каптап, элдин бир тобу материалдык байлыкка басым жасап жатат. Кыскасы китепте ата-бабабыздын каада-салттары, алар кайдан, кандай шарттарда, эмне үчүн келип чыкканын карадык.

- Кийинки кездери каада-салттардын жаштарды тарбиялоодогу ролу көңүлдөн сырт калып бараткандай?

-Элибиздин экологиялык каада-салттарынын тутумунда тарбиялык эле эмес, социалдык-экологиялык функцияны да аткарган жана экологиялык тең салмактуулукту кармоого багытталган өзгөчө тыюу салуулар болуп келген. Китепке күнүмдүк турмушта ар дайым айтылган, бирок кийинки кезде жаштар этибарга албай калган насаат сөздөр жыйналган. Демек бул илимий эмгек кыргыз элинин кылымдан кылымга, ооздон-оозго өтүп, улуттук маданияттын көрөңгөсү болуп келген ыйык, өтө баалуу булактарынын көзүн ачып, кийинки муунга мурас катары кызмат кылат.

- Мындай жаштарга, дегеле коомчулукка өтө керектүү китепти чыгарган соң аны жайылтуу жагын да колго алыш керек го?

- Жайылтуу оңой эле, ЖОЖдордо “Маданият таануу” сабагы бар. Мына ошол сабактын ичине улуттук каада-салт, үрп-адаттар деп кошумча сабак киргизишибиз керек. Маданият министрлиги менен биргелешип, такай пайдалануучу сөздүк катары да чыгарышыбыз жана аны мектеп, райондорго таратышыбыз парз.Бирок бул китеп азырынча эки жүз нускада, өз каражатыбызга басылып чыкты.

Дайырбек Мейманов, “Кабар”

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу