Интервью

Июль 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
1 2 3 4 5 6 7
8 9 10 11 12 13 14
15 16 17 18 19 20 21
22 23 24 25 26 27 28
29 30 31        
27/04 17:54
 

Ош эл аралык аэропортунун директору: “АР БИР ЖҮРГҮНЧҮ ЫҢГАЙЛУУ ШАРТТА ӨТҮШҮ КЕРЕК”

 Ош эл аралык аэропортунун директору: “АР БИР ЖҮРГҮНЧҮ ЫҢГАЙЛУУ ШАРТТА ӨТҮШҮ КЕРЕК”

Ош эл аралык аэропортунда бүгүнкү күндө жаңылоо, кеңейтүү иштери кызуу жүрүп жатат. Буга чейин болуп көрбөгөн ыңгайлуу шарттар, жүргүнчүлөрдүн кызыкчылыгына багытталган оңдоп-түзөө аракеттери жемишин берүудө. Күн сайын миңдеген жүргүнчүлөрдү тейлеп жаткан Ош аэропорту тууралуу анын директору Талант Ысаков менен “Кабар” агенттигинин кабарчысы маектешкен.

- Талант Качкынбаевич, Ош Эл аралык аэропортунун жетекчилик кызматына келгениңизден баштап аэропортту реконструкциялоо иштери кызуу уланууда. Жумушту эмнеден баштадыңыз эле?

- Биринчиден, абдан кыска убакыт ичинде Ош аэропорту боюнча жалпы анализ жүргүздүк. Эң биринчи коопсуздук боюнча жасай турган иштерге көңүл бурдук. Себеби, аэропорт стратегиялык мааниге ээ объект болгондуктан коопсуздук орчундуу маселе болчу. Аэропорттун айланасын тосуп, көзөмөл пункттарына жаңы жабдууларды сатып алдык. Тагыраак айтканда, аэробекетке кирип бараткан жүргүнчүлөр жана аларды коштоп жүргөн адамдардын баары тыкыр көзөмөлдөн өтүшөт. Экинчи маселе, аэробекет ичиндеги жүргүнчүлөргө бардык жагынан жакшы шарттарды тузүү үчүн реконструкция баштаганбыз. Буюрса, биринчи этап боюнча жыйынтык чыгардык. Бул башталышы гана. Алдыда дагы жасай турган көп жумуштар күтүп турат.

- Жүргүнчүлөрдү көзөмөл пунктунан өткөрүү учурунда бут кийимин чечтирип текшерүүнү коомчулук жакшы кабыл албагандай болду эле. Бирок, мындай көзөмөл дүйнөлүк стандартта бар эмеспи?

- Ош аэропортунда мурда мындай иштер жасалган эмес. Ошондуктан, жаңылыктарды киргизе баштаганда чынында жүргүнчүлөр бираз нааразычылыктарын билдиришкен. Бирок, биз түшүндүрүү иштерин бүгүнкү күнгө чейин жүргүзүп келатабыз. Эл аралык деген статусту кармаш үчүн дүйнөлүк стандарттагы талаптарды аткарыш керек. Ош аэропортунан жергиликтүү гана жүргүнчүлөр эмес, ар кайсы мамлекеттерден расмий делегациялар, чет элдик ишкерлер, туристтер ар кандай коноктор учуп келип турушат. Бут кийимдерди чечип текшерүү дүйнөлүк стандарттагы талаптардын бири болуп саналат. Ар бир жүргүнчү бут кийимин чечкенде атайын желим байпак (вахила) кийип өтүшөт. Негизи башка өлкөлөрдө желим байпактар берилбейт.

- Сиз дүйнөлүк аэропорттордогу жүргүнчүлөрдү тейлөө шарттарын байкап жүрсөңүз керек. Кыргызстандагы аэропортторду өнүктүрүүдө эмнелер маанилүү?

- Менин оюмча, алгач Эл аралык деген статустун талаптарына жооп беришибиз керек. Андан ары өнүгүү жүрөт. Биз башкаларга өзүбүздү көрсөтүү үчүн аэропортторубуз талаптагыдай деңгээлде болушу шарт. Бул эң ириде эл аралык ири компаниялар менен кызматташууда, инвесторлорду тартууда орчундуу мааниге ээ.

- Ош аэропортундагы VIP залдары тууралуу коомчулукта ар кандай пикирлер айтылууда. Негизи мындай жүйөөлөргө эмне дейсиз?

- VIP залдары боюнча атайын прейскурант бар. Расмий делегациялар залына акысыз өтүүчү категориядагы адамдар кирет. Ал эми комфорттуу залга жүргүнчүлөр акы төлөп кирсе болот. Алар үчүн да коюлган баалар бар. Эгер жүргүнчүнүн капчыгы мүмкүнчүлүк берсе, комфорттуу залда күтүп олтурууга эмнеге болбосун? Ал жүргүнчүнүн өз ыктыяры. Ал эми комфорттуу залдан түшкөн каражат, аэропортту өнүктүрүү иштерине жумшалат. Жакында VIP залдын кире беришине көзөмөл пунктун курганбыз. Андан сырткары ички шарттарын дагы да жакшыртуу үчүн ремонт иштери башталат.

- Аэропорттогу көзөмөл пунктарынын көбөйүшү коопсуздуктан башка да кандай жыйынтык берип жатат?

- Көзөмөл пунктарынын системасын өзгөрттүк. Ушундан улам иштеп жаткан кызматкерлер жана учуп аткан жүргүнчүлөр үчүн да жеңил болуп калды. Каттоо учурунда мурдагыдай тыгылышкан, түртүшкөн эл болбойт. Себеби, биринчи көзөмөл пункту менен экинчи көзөмөл пунктун ортосунда боштук пайда болуп, элге да, кезек күтүп тургандарга да ыңгайлуу болуп калды.

- Ош аэропортунда жүк ленталарынын орнотулганын көрдүк, бул да жакында ишке берилдиби?

- Мурда жүргүнчүлөрдүн жүктөрүн самолеттон түшүрүп машина менен алып келишчү. Ар ким өз чемодан, багажын эптеп таап алганга шашчу. Азыркы кезде жүк тасмалар ишке берилип жүргүнчүлөргө бир топ жеңилдик алып келди. Элдин аэропорт боюнча түшүнүгү кеңейип, башка өлкөлөрдүн аэрорпортуна салыштырып баа берип калышты. Кайсы техника эмне кызмат аткарат, кандай жаңы ыкмалар ишке киргизилди мунун баары элге жетип атат. Бул жетишкендик деп ойлойм. Биздин максат – жүргүнчүлөргө толук кандуу ынгайлуу шарттарды түзүп берүү.

- Талант Качкынбаевич, алдыда дагы кандай иштер жасалат?

- Коопсуздук боюнча аткарылчу иштер улана берет. Эмки этапта учуу коопсуздугун эл аралык деңгээлге чыгаруу иштери турат. Буюрса учуу тилкелерди 400 метрге чейин узартканга аракет жасайбыз. Андан сырткары аэродромдук техникаларды жаңылайбыз. Негизи аэрпорттогу жүк техникаларынын баары аэродромго ылайыкталышы керек эле. Азыр бизде “Зил”, “Porter” деген унаалар жүк ташып атышат. Алардын баарын акырындык менен жоебуз. Биз дүйнөлүк аэропорттордун стандартына туура келген атайын жүк ташуучу унааларды киргизебиз. Бул боюнча иштер башталды.

Дайырбек Мейманов, “Кабар”

1 из 3

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу