Интервью

Август 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30 31  
21/04 10:01
 

Кыргызстандын WTF Таэквондо академиясынын президенти Убайдула Тохтурбаев: “Москвадагы турнирде биздин спортчуларыбыз зор ийгиликтерге жетишти”

 Кыргызстандын WTF Таэквондо академиясынын президенти Убайдула Тохтурбаев: “Москвадагы турнирде биздин спортчуларыбыз зор ийгиликтерге жетишти”

«Олимпия мамалагы» («Олимпийский Мишка») биринчи эл аралык турнири 15-17-апрелде Москва шаарында болуп өттү. Кыргызстандын WTF Таэквондо академиясынын тарбиялануучулары дагы бир мертебе бул эл аралык мелдеште зор ийгиликтерге жетишти. Кыргызстандын WTF Таэквондо академиясынын президенти Убайдула Тохтурбаев “Кабар” агенттигинин кабарчысына турнирден алган таасирлери менен бөлүштү, анын ар бир сөзүнөн шакирттеринин ийгиликтерине кубанып турганы билинип турду.

- Турнир кимдер тарабынан уюштурулду, ага кимдер катышты?

- Турнир Россиянын таэквондо федерациясынын көмөгү менен Москва облусунун WTF таэквондо федерациясы тарабынан уюштурулду. Бул өтө эле чоң турнир болду. Ага Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан, Белорусь, Россия, Украинадан жана Россиянын Кавказ, Алыскы Чыгыш аймактарынан өз-өзүнчө командалар катышты.

- Турнир Москванын кайсы жеринде өттү? Кыргызстандан кимдер барышты?

- Батыш административдик округда жайгашкан Пирогов атындагы спорт комплексинде өткөн таймашка Кыргызстандан Таэквондо академиясынын тандалма командасы, “Сан-сити” спорттук-оюн шок борборунан, Р. Санатбаев атындагы спорт мектебинен баары болуп 35ке жакын спортчулар катышты. Алардын ичинде менин да 9 шакиртим бар.

- Сиздин шакирттериңиз кандай ийгиликтерге жетишти?

- Алексей Колчин балдар арасында 39кг салмакта 1-орунду ээледи. Кристина Дементьева 33кг салмакта кадеттер арасында күмүш медалды жеңип алды. Владимир Тюленев 54 кг салмакта чоңдор арасында күмүш медалды алды. Ал эми коло медалды 51 кг салмакта кадеттер арасында Элина Хван, 44 кг салмакта өспүрүмдөр арасында Камила Мамбетова алды. Бул Камиланын мындай чоң турнирде өспүрүмдөр категориясындагы алгачкы ийгили. Менин дагы бир шакиртим Мухамед Жансеркеев да өспүрүмдөр категориясындагы 68 кг салмакта коло медалды жеңип алды.

- Ийгилик жарата албагандар да болдубу?

- Биздин 2 спортчубуз - Барсбек Жамшитов 22 кг салмакта балдар арасында жана Амантай Жумадылов 37 кг салмакта кадеттер арасында жеңишке аз аз жерден жетпей калып атайын сыйлыктарга татыды. Амантай 42 спортчу таймашкан оор салмактагы категорияга туш келип калды. Ошентсе да ал турнирдеги бир таймашта жеңишке жетишти. Академиябыздын бир тарбиячысы кокустуктан старттан чыгып калды. Таймашта беларусь спортчусу муштуму менен бетине катуу муштап, биздин балабыз нокдаунга түшүп калды. Бирок калыс ал атайылап муштаган жок деп койду. Мына ушул окуя турнирдеги бирден бир ызалуу окуя болду.

- Калыстык кылууда ката кетти дейсизби?

- Кокустук болушу деле мүмкүн. Негизинен калыстык кылуу жакшы уюштурулуп, Daedo фирмасынын шлемдору, протекторлору аркылуу фиксация системасы иштеп турду. Турнир учурунда Европа жана Азия командаларынын алдыңкы машыктыруучулары менен таэквондону өнүктүрүү жаатында пикир алмашууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Биздин Таэквондо академиябыздын тарбиялануучуларына карата айтылган жакшы пикирлерди, мактоолорду угуп чынында кубандым. Европа курама командаларынын башкы машыктыруучулары өздөрүн Кыргызстандагы турнирлерге чакырып туруубузду өтүндү. Алардын бир тобу Кыргызстанга келише элек экен. Мелдешке катышуу менен бирге биздин жергебизди көргүлөрү келишээрин айтышты.

- Тейлөө, коноктоо жагы кандай болду?

- «Олимпия мамалагы» («Олимпийский Мишка») биринчи эл аралык турнири жогорку деңгээлде өттү. Бизди аэролорттон тосуп алышып, мыкты делген «Спутник» мейманканасына жайгаштырышты. Ал жер турнир өтчү спорт комплекске жакын экен. Турнирди уюштуруучулар Москваны кыдыртышып экскурсияга чыгарышты. Воробьев тоосуна чыгып, метрого түштүк, Кызыл аянтка бардык. Биздин спорттук формабыз улуттук символика менен кооздолгондуктан, Москвадагы жердештерибиздин көзүнө урунуп бизге келишип, баарлашып, ийгилик каалап жатышты. Турнирдин уюштуруучулары постсоветтик мейкиндиктин өлкөлөрүнүн кызматташтыгын спорт чөйрөсү аркылуу өнүктүрүү башкы максаттары экендиктерин айтышты.

Дайырбек Мейманов “Кабар”

1 из 5

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу