Интервью

Август 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30 31  
12/04 14:09
 

Ветеринардык палата Ветеринардык статуардык органы катары Юстиция министрлигинде каттоодон өттү

Бул мекеме жеке ветеринардык врачтардын жана параветеринардык адистердин ишин жөнгө салат. Кыргызстан азырынча мындай орган түзүлгөн постсоветтик мейкиндиктеги биринчи жана жалгыз мамлекет (Прибалтика өлкөлөрүн кошпогондо) болуп саналат. Ушул жана Ветеринардык палатанын алгачкы кадамдары тууралуу директору Кубат Маматкулов кабарчыбыздын бир нече суроолоруна жооп берди. 


- Ветеринардык палатасынын кандай максаттары бар?

- Жеке ветеринардык практика менен алектенгиси келген адистерге бирдиктүү жана жакшыртылган шарттарды түзүп берүү. Ветеринардык кызмат көрсөткөн адамдар замандан калбай өздөрүнүн билим деңгээлин жогорулатуусу, кесиптик этиканы сактоосу зарыл. Жалпысынан алганда, Ветеринардык палатанын иштеши ветеринария системасын реформалоо концепциясына дал келет. Бул “тамак-аш жана азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо” деп аталган татаал механизмдин тутумдарынын бири болуп эсептелет. Жаңы орган бул механизмдин иштешине өзүнүн колдон келген үлүшүн кошууга тийиш.

- Ветеринардык палата өз ишин эмнеден баштады?

-Биринчи кезекте, ветеринария мыйзамдарын жаныбарлардын жана адамдардын ден соолугун коргоо боюнча эл аралык мекемелердин талаптарына ылайык келтирүү керек. Жакында эле “Кыргыз Республикасынын “Ветеринария” жөнүндө мыйзамына жана “Административдик жоопкерчилик жөнүндөгү Кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү” тууралуу мыйзам долбоорлорун иштеп чыгып, Жогорку Кеңештин кароосуна сунуштадык. Эгерде парламент бул мыйзам долбоорлорун жактырса, анда жеке ветеринардык практиканы жүргүзүү укугу адистерге Ветеринардык палатанын реестринен каттоодон өткөндөн жана кесиптик квалификациясын далилдегенден кийин гана берилет, башка учурларда штрафтык санкциялар сунушталат.

- Силердин максаттык топко жеке ветеринарлар гана киреби?

- Бизде бир нече максаттык топтор бар. Биринчи топко жеке ветеринардык врачтар жана параветеринардык адистер кирет, экинчи топту-депутаттар, Өкмөт аппаратынын кызматчылары, Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция, Айыл чарба жана мелиорация министрлиги, жана үчүнчү топту – ветеринардык кызмат көрсөтүүлөрдү алуучулар түзөт.

Азыркы тапта биз ар бир топ үчүн ветеринардык статуардык органдын маани-маңызын-статусун, максаттарын жана милдеттерин, аткарылып жаткан жана аткарыла турган иш-чараларын баяндаган материалдарды даярдап жатабыз.

Азыркы учурда маалымат базасында 2035 киши каттодон өткөн, алардын ичинде 702 ветеринардык врач, калгандары параветеринардык адистер.

GIZ донордук уюмунун (Германдык эл аралык кызматташтык коому) жардамы менен ветеринарлардын квалификациясына көз карандысыз баа берүү боюнча электрондук программаны даярдадык http://vsb.kg/. Программа онлайн-режиминде сыноодон өттү, Мамлекеттик ветинспекциянын кызматчыларына көрсөтүлдү, Билим берүү министрлигинин, Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин, Агрардык университетинин, Кыргыз-түрк “Манас” университетинин өкүлдөрүнө сунушталмакчы.

Ошону менен катар эле аккредитациялоо боюнча иштерди аткаруудабыз. Жакында эле, иштеп жаткан ветеринарлар арасында “Менин кесибим—менин жашоом” жана ветеринардык факультеттин студенттеринин арасында “Мен кесибим менен сыймыктанам” темасындагы макалага конкурс жарыяладык.

- Ветеринардык кызмат алуучулар кандай өзгөрүүлөрдү күтсө болот?

- Ветеринардык палатанын ийгиликтүү иштеши мал ээлерине сапаттуу ветеринардык кызмат көрсөтүүлөрдү камсыздайт, анткени ветеринарлардын арасында адилеттүү атаандаштыкка шарт түзүлөт.

- Силерге Өкмөт колдоо көрсөтөбү?

-Биз Өкмөттүн токтомунун үч долбоорун даярдаганбыз: биринчиси Кыргызстанда жеке ветеринардык практиканы киргизүү, экинчиси – Жеке ветеринарлардын бирдиктүү реестрин киргизүү, жана үчүнчүсү - жеке ветеринардык адистердин үзгүлтүксүз кесиптик системасын киргизүү.

Документтер сапаттуу ветеринардык кызмат көрсөтүүлөрдү алууда жарандардын мыйзамдуу таламдарын сактоого багытталган жана премьер-министрдин колу коюлган. Бардык мал жеке менчикте болгондуктан, өлкөдөгү жалпы эпизоотиялык абал ар бир мал чарбасындагы малдын ден соолугуна байланыштуу. Башка мамлекеттер менен соода-экономикалык байланышты түзүүдө Өкмөт үчүн жакшы эпизоотиялык абал эң чоң артыкчылык болуп саналат. Мындан тышкары, мал чарбачылыгын, экономиканы өнүктүрүүгө, эл аралык коомдордун алдында милдеттерди аткарууга шарт түзүлөт.

-Мамлекеттик ветинспекция менен биргелешип иштейсиздерби?

- Өз ара аракеттешүү жөнүндө меморандумга кол коюлду. Меморандумдун негизинде кызматташуу Инспекцияга билим деңгээли жана тажрыйбасы жогору жеке ветеринардык адистер менен иштөөгө мүмкүнчүлүк түзөт. Мындай адистердин жардамы менен жаныбарлардын ден соолугун коргоо боюнча мамлекеттик программалар ишке ашырылат. Мекемеде ветеринардык дары-дармек рыногун дагы жөнгө салуу ресурсу пайда болот. Анткени, бир тараптан, Ветеринардык палатанын каттоосунан өткөн ветеринарлар гана дары-дармектерди сатуу укугуна ээ болушат, экинчи тараптан - ири товар жөнөтүүчүлөр өздөрүнүн товарларын каттодон өткөн ветеринардык адистерге гана жеткирүүсү талап кылынат. Ошентип, жаныбарлардын ден соолугуна көбүнэсе зыян келтире турган дары-дармектер ветеринардык аптекаларда же рыноктордо сатылбай калат.

- Силердин өнөктөштөрүңөр кимдер?

- Азыркы учурда бизге Айыл чарба жана мелиорация министрлиги ишке ашырып жаткан “Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү”, “Жайыттарды жана мал чарбачылыкты башкарууну жакшыртуу” долбоорлору жардам көрсөтүүдө. Келечекте өзүн өзү каржылоого өтөбүз. Ветеринардык врачтар төлөй турган мүчөлүк акы 1500 сомду түзсө, фельдшер – 1000 жана санитар – 500 сом төлөйт.

Шаххан Мырзабеков, “Кабар”

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу