Интервью

Декабрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
23/03 11:54
 

Шерикбек Акимов: “Окууну бүтүрүп жатканда 1 күн дагы чет өлкөдө калбайм деп ойлогом...”

Шерикбек Акимов: “Окууну бүтүрүп жатканда 1 күн дагы чет өлкөдө калбайм деп ойлогом...”

Кыргызстандан чет жерге кеткен мигранттар бөтөн жерлерде акча таап, карьера жагынан өнүгүп-өскөнү менен мекенге болгон сагынычы, кусасы алардын сөзүнөн, жүзүнөн эле билинет. 23 жыл мурун Кыргызстандан Түркияга окуганы кеткен Шерикбек Акимов бүгүнкү күндө ийгиликтүү ишкерлердин бири. Чет жерге окуганы гана келген бул жаран өмүрүнүн көп бөлүгү бул жерде өтүп калаарын кайдан билиптир. Шерикбек мырзанын мекенге болгон кусасы жана жаштарга болгон кеңеши тууралуу маек курабыз.

-Шерикбек мырза, алгач өзүңүз тууралуу кыскача айта кетсеңиз?

-Кызыл-Кыяда төрөлүп өскөм. Кыргызстандын атуулумун. 23 жылдан бери Түркиядамын. Университетти бул жактан окуп бүтүргөм. Учурда чет өлкөлүктөр менен курулуш жана кыймылсыз мүлк сатуу боюнча иштер менен алектенем.

-Бул жерге кандай максаттар менен келип калдыңыз?

-1992-жылы чет өлкөдө окууга мүмкүнчүлүк болгондо окууга келгем. Ошондон бери өмүрүбүздүн жарымы Түркияда жарымы Кыргызстанда болуп калды. Мерсин университетинде Туризм жана мейманканачылык факультетин аяктагам.

-Окууну бүтүргөндөн кийин бул жакта калып иштедиңизби?

-Мен окууну бүтүрүп жатканда 1 күн дагы бул жерде калбайм деп ойлогом. 1-2-курста эле окуп, иштеп баштагам. 3-курста окуп жатканда отельдин директору болдум. Окууну бүтүрүп дипломду колго алып Кыргызстанды көтөрөм деп “жаштык кездеги максималдуулук, даярдалбаган патриоттуулук” менен кайттым. Ошентип мекениме барсам күтө турган деле эч ким жок экен. Анан 3 ай депутаттар менен, министрлер менен сүйлөшүп, “Окуп келдим, тажрыйбам бар”-деп айттым, тилекке каршы бардык жерде эле коррупция экен. “Ушул жерге ишке кирсең мынча акча”, - деген сөздөрдү уктум. Ал убакта жаш экенбиз, шагыбыз сынып калды. Мамлекет үчүн келсек, ушундай мамиледен улам 3-4 ай жөн жүрө берип, анан ал учурда түрктөр “Отель сеники, ишкана сеники, тезирээк кел!” – деп айтып жатышты. Нормалдуу персонал бардык жерде керек, анан кайтышка туура келди. Ошентип кайра мурдагы жумушума кайтып айлыкка иштедим, кийинчерээк 2003-жылы өзүнчө бөлүнүп чыгып агентство куруп, туризм менен иштеп, ошол эле жылдары биздин өлкөнүн атуулдарына бул жактан кыймылсыз мүлк алууга уруксат берилип, аз капитал менен чоңураак иш кылууга мүмкүнчүлүк пайда болду. Ошентип 2003-жылдан бери кыймылсыз мүлк, курулуш иштер менен алекпиз.

-Көп жаштар Түркияга келүүгө кызыкдар. Бул жакта кандай кыйынчылыктар болушу мүмкүн?

-Кыргызстандагы Түркияга келип иштеймин, окуймун деген балдарга ар бирине кеңеш берем. Түркияга келип окуш керек, 3-4 ай стажировкада иштеп кетсе болот. Бирок башкы иш баары бир өзүбүздүн мамлекетте болуш керек. Анткени, иш кыла баштаганда бир күндүк иш эмес, бир кеңсе алсаң экинчисин алайын дейсиң, бир жабдык алсаң экинчисин аласың, ал убакта үйлөнөсүң, бала-чакалуу болосуң, балдар мектепке окуп калат. Жашоо, чөйрө бул жакта болуп калат анан кете албай калат экенсиң. Ошондуктан дайыма мамлекетте калыш керек. Бир бутуң мамлекетте туруш керек. Кыргызстанды айтсаң ошол чет өлкөлүктөр, мигранттар келип куткарат дейт, бирок мигранттар деле турмуш-тиричилик деп жүрүп 2-3 жылдан кийин мигранттардын акчасы келбей калат. Мына бүгүн ошол күнгө келдик. Москвада 2003-2007-жылдары диаспоранын төрагасынын жардамчысы элем. Мигранттардын кыйынчылыктарын, жашоо шартын жакшы билем. Биз элибизди өзүбүздүн жерибизде сактап калышыбыз керек. Азыр Кыргызстанды көтөрө турган, өнүктүрө турган адамдар дүйнөдө ар кимге жардам берип, экономикасына пайдабыз тийип жүрөт. А бизде Пакистандан, Кытайдан эч ишке жарабаган кара жумушчулар менен топтолуп, деградация болууда. Үй-бүлөлөр бузулуп, жаш балдар ата-эне мээрими жок өсүп мамлекетибизди жоготуу коркунучу алдында турабыз. Ошол үчүн бизден келе турган жаштар бул жака окуганы келсин, тажрыйба топтоого келсин, дайыма жашаганга, үй-бүлөсү менен толугу менен көчүп келбесин! Күн өткөн сайын мекенге кайтыш кыйын болуп калат.

-Туугандар, жакын адамдар менен тез-тез байланышып турганга мүмкүнчүлүктөр болуп турабы?

-Ооба, албетте туугандар менен тыгыз байланыштамын. Апам менен жумасына 2-3 жолу сүйлөшөм. Жыл өткөн сайын бакыт эмнеде деген суроолор келет да. Бакыт деген апандын тизесинин алдында, баш ооруганда башын ушалаган, тууганын кайгырып же сүйүнүп турганда жанында турганын. Белгилүү бир бакыт эч качан акча менен өлчөнө турган нерсе эмес. Бул жерде жакшы бир нерселерге жетишип жатабыз, жакшы жерлерде жашайбыз, бирок ошону менен бирге кошунамды, тууган-урукту сагынам. Элимди журтумду сагынам дегендей. Мамлекетти башкаргыла деп шайлаган бийликтеги өкүлдөрүбүз, биринчи кезекте өзүбүздүн мамлекетти сактап калышы керек. Жаштарыбыз, маданият өзүбүздүн мамлекетте өсүшү керек. Өзүбүздү-өзүбүз сыйлашыбыз керек. Ошондо башкалар бизди сыйлайт.

Маектешкен Рахат Саламатова, “Кабар”
 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу