Интервью

Август 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30 31  
27/02 12:40
 

Бийчи, актриса Айнура Чанчарбаева: “Эң жакшысы мага азырынча сүйүү келе элек”

 Бийчи, актриса Айнура Чанчарбаева: “Эң жакшысы мага азырынча сүйүү келе элек”

Айрым маалымат каражаттарында жана социалдык тармактарда Айнура Чанчарбаева аттуу айымдын тал чыбыктай бийлеген, эл аралык конкурстарга катышкан сүрөттөрүн көп көрүүгө болот. Биз ошол көп кырдуу таланттын ийгиликтери, күнүмдүк жашоосу жана алдыдагы пландары тууралуу маектештик.

- Айнура айым, Сиздин бий менен машыгып жүргөнүңүз тууралуу кабарыбыз бар. Ушул ийримге кандай же болбосо кантип барып калдыңыз эле? Өзүңүздүн кызыгууңуз мененби же ата-энеңиз түрткү болдубу?

- Мен бийге бала кезимде эле кызыкчумун. Бирок бий топко 15 жашымда кошулуп, улуттук жана эстрада бий түрлөрүн сахнада бийлеп, ошого эле ыраазы болчумун. Бирок ата - энем менин бийге кызыгуума каршы болушкан. Ага карабай студент кезде, Кыргыз-Орус славян университетинин экономика факультетинде окуп жүрүп да жакшы көргөн хоббимди таштабай, өз алдымча машыгып жүрдүм. Окууну бүткөндөн кийин бул хобби негизги жумушума айланды. Чыгыш бийин үйрөнүп, семинарларга (мастер - класстарга) катышып, эл аралык бий фестивалдарында Кыргызстанды бир аз болсо да тааныттым. Мисалы, Казакстанга, Россияга, Египетке, АКШ, Түркияга барып, эл аралык фестивал жана конкурстарга катышып келгем. Жарым финал, финалга чыгып, ошондой эле чемпион да болгом.


- Ар бир чыгармачыл адам ийгиликтин туу чокусун багындырсам деп тилек кылат. Ошондой максат Сизде да болсо керек. Ушул максатыңыз канчалык деңгээлде ишке ашты деп ойлойсуз? Дегеле учурда эмне менен алектенесиз?

- Азыр заманбап (модерн, контемпорери) бий түрлөрүнөн да семинарларга катышып, бийлөө деңгээлимди өстүрүп атам. Учурда Б.Бейшеналиева атындагы искусство жана маданият университетинин хореография факультетинде 4-курста окуйм. Ошол эле учурда өзүмдүн кичинекей жана улуу окуучуларым бар. Азыркы жаш муун өтө таланттуу. Буюрса, алардан Кыргызстандын атын дүйнөлүк деңгээлге чыгарган талаттуу бийчилер чыгат деп ишенем.

- Анда ошол жергиликтүү жана эл аралык мелдештердеги ийгиликтериңиз тууралуу да айтып өтсөңүз.

- Жакшы болот. Кыргызстанда өткөн чыгыш бийлеринин фестивалында биринчи, Казакстан кубогу үчүн мелдеште биринчи, экинчи, дүйнөлүк Бий Олимпиадасында 1-5-орундарды алганмын. Мындан тышкары 2013-2014-жылдары Америкада The test of Bellydance,Түркияда өткөн эл аралык улут бийи, Египеттеги Ранда Кэмелдин фестивалдарына катышып, алдыңкы орундарга ээ болгонмун. Ошондой эле, Москвада өткөн дүйнө элдеринин бий мелдешинде 4-орунга жетишкенмин.
Жогоруда айткандай, 2015-жылдан тартып өзүмдүн жаш шакирттеримди тарбиялап жүрөм. Өзүм да бир нече эл аралык конкурс, фестивалдарга катышуу үчүн даярданып жатам.


- Сиз бийлегенден тышкары киного да тартылып жүрөсүз. Ушул өнөрүңүз тууралуу да учкай айтып берсеңиз.

- Туура айтасыз. Бий менен алектенип, кино тармагына да аралашып калдым. Белгилүү кинорежиссер Эрнест Абдыжапаров агайдын тасмаларында бир нече образды жаратып, өзүм да кыска тасмаларды тарттым. Сценарийим конкурстан өтүп, Кино департаменти жана “Үмүт” жаштардын форумунун колдосуу менен кыска тасма тарттым.

- Анда режиссердук да талантыңыз бар турбайбы?

- Билбейм, ошондой окшойт. Бирок кино чөйрөсүндө иштөө мен үчүн бийге караганда өтө татаал болду. Анткени режиссер болуу кыйын экен.

- Ушундай жаш, көп кырдуу таланттуу, сулуу айымдын жеке турмушу да окурмандарга кызыктуу болсо керек...

- Өзүмдү өтө жаш деп эсептебеймин. Жыл өткөн сайын бир нече ийгиликтерге жетсем болмок экен деп жыйынтыгын чыгарып, кийинки жылга план жазамын. Мен эң оболу үй-бүлөмдү аябай жакшы көрөм. Сиңдим, иним мага окшош. Алар да бийге, киного кызыгышат. Азыр ата-энем мени түшүнүшүп, колдошуп, чыгармачылык кесибиме каршы эмес. Учурдан пайдаланып, мени ушундай тарбиялап өстүргөн Васим Сокари, Андрей Собянин агайларыма ыраазычылык билдирип кетким келет.

- Бий өнөрүнүн дене мүчөгө жана ден-соолукка пайдасы барбы?

- Сөзсүз, бийлөө ар бир адамга рухий азык тартуулап, дене-мүчөсүн түздөйт. Мен үчүн да бий - денеге ден соолук, ошондой эле жан дүйнөмө ырахат тартуулайт. Эң жакшысы мага азырынча сүйүү келе элек. Андыктан жалаң гана чыгармачылык, алдыдагы пландарды ишке ашыруу менен алекмин.

- Өзүңүз айткан азырынча келе элек сүйүү сезими бир күнү келип, турмуш курганда бул өнөрүңүздөн баш тартпайсызбы?

- Ар бир нерсе өз убак, сааты келгенде гана болот эмеспи. Бий мага тубаса тартууланган касиет болсо керек. Мен аны балдарыма, кыздарыма үйрөтүп калтырсам деп ойлойм. Мени сүйгөн адам ким билет, балким мага кесиптеш болуп калабы. Негизи үй-бүлө кургандан кийин эки адам бири-бирин түшүнүп, колдош керек.

Маектешкен Айзат Алимбекова.

1 из 4

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу