Интервью

Август 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30 31  
06/02 15:15
 

Сооронбой Жусуев: «Жазуучуларга кайдыгер кароонун зыяндан башка пайдасы жок»

Сооронбой Жусуев: «Жазуучуларга кайдыгер кароонун зыяндан башка пайдасы жок»

 Бул маек мындан 3 жыл мурун алынган. Сооронбай агайдын үйүнө барып, көпкө маектешип олтургам элем. Ошондогу агайымдын “Дайырбек, сен ыр жазып жүрчү элең, эмнеге жазбай калдың”,- деп айтканы али да кулагымда жаңырып турат. Көрсө, мурда анда-санда ыр жазып, алардын айрымдарын гезиттерге жарыялай коюп жүрчүмүн, ошолорду Сооронбай агай окуп жүргөн турбайбы. Агайга эмне деп жооп береримди билбей тайсалдадым... “Улантам, агай” демиш болдум. Бирок агайыма берген убадамды аткара албай келем... Жаткан жериңиз жайлуу, топурагыңыз торко болсун агатайым!..
Сооронбай агайдын төмөнкү маекте айткан ар бир оюу азыр да актуалдуу болуп турат.

Кыргыз эл Баатыры, Кыргыз эл акыны Сооронбой Жусуевдин ал-акыбалын сурап атайы үйүнө бардым. Кыргыз поэзиясынын көч башында тургандардын бири – Сооронбай агай 88 жашка келип, Кудайдын кулагы сүйүнсүн, күүлү-күчтүү экен. Ардактуу акын агайыбыз менен бул жолку маегибиз негизинен саясый жана социалдык багытта жүрдү.

- Окуучу кыздар мектепке хиджап кийип барып жүрүшөт. Өспүрүм балдарыбыз болсо сакал коюшуп, узун этектүү көйнөктөрдү кийип алышчу болду. Буга көз карашыңыз кандай?

- Балдар-кыздарыбыз биздин өсүп келе жаткан көчөттөрүбүз. Аларга жаштайынан кандай тарбия берсек, ошондой болуп чоңоюшат. Өзүбүздүн эле арабызда жумурткадан кыр чыгарышып, кыргыздарды арабдаштыруу аракетин көрүп жүргөндөр бар экендиги өкүнүчтүү. Алардын оюна койсоң кыргыз кыз-келиндери бети-башын тумчулап хиджап кийип, ал эми жигиттери сакал коюп, аялдарга окшоп узун этектүү көйнөктөрдү кийип алышы, анан бири калбай намаз окушу керек экен. Андай болгондо кыргыз кыргыз болбой эле араб болуп калбайбы! Кыргыздардын байыртадан келаткан өздөрүнүн каада-салты бар. Кыз-келиндерибиз эч кандай хиджап кийишбей эле татынакай таалим-тарбиялуу болуп өсүп-чоңоюшкан. Жигиттер сапсайтып узун сакал коюп, узун этектүү көйнөк кийбестен, тескерисинче кылмурут койсо коюп, койбосо жок, жарашыктуу кыска эле көйнөк же күрмө кийип, атка секирип минип, накта кыргыздын жигити экендигин көрсөтүп турушчу. Кыргыздардын адат-салтына, жүрүм-турумуна арабдардын салт-санаасын киргизүүнү көздөгөндөр – булар араб шейхтеринин акчасына азгырылгандар!

- Эгемендик алганыбыздан бери эле кыргыз тилинин көйгөйлүү маселелери козголуп келе жатат. Бул багытта сиз эмнени айтаар элеңиз?

- Эгемендикке ээ болгонубуздан бери чейрээк кылымга жакындап калды. Ага карабай журт башчыларыбыз кайсы жерде кайсы тилде сүйлөштү билбей жүрүшөт. Орустар, кыргыздар аралаш катышкан жыйындарда алар кыргызча же орусча сүйлөшсө орундуу. Ал эми бирин-экин орустар олтурса кыргызча гана сөйлөөлөрү керек. Алар өздөрүн ыйгайсыз сезишип, кыргыз тилин үйрөнүүгө аракет кылат. Илгери жазуучулар союзунун жыйынында Сейгей Фиксин деген орус жазуучубуз олтурса, жазуучулар союзунун жетекчилери «балээге калбайлы» деп орусча сүйлөшчү. Андай коркок-билиш заман өтпөдүбү. Эми эмнеден чоочулашат, түшүнбөйм?! Республикабыздын жетекчилери башка өлкөлөргө барганда же башка өлкөлөрдүн жетекчилери бизге келгенде биздин жетекчилер сөзсүз кыргыз тилинде сүйлөөгө милдеттүү. Мунун саясый мааниси чоң. Алар өздөрүн Кыргызстанга эмес, Россияга келгендей сезип калып жатышпайбы. Кайсы гана мамлекеттин жетекчилери болбосун ошол тилге кыргыз тилинен, ошол тилден кыргыз тилине түзмө-түз синхрондуу которгон котормочуларды даярдоо керек.

- Мамлекеттик жана расмий тил боюнча чечимдерге көз карашыңыз?

- 1989-жылы мамлекеттик тил кабыл алынганда кыргыз тилин, демек мамлекеттик тилди үйрөнүү боюнча көптөгөн кызматкерлер шымалана киришип окуй баштаганы эсимде. Бирок президент Аскар Акаевдин демилгеси менен расмий тил кабыл алынган соң курстар жабылып, мамлекеттик тилди үйрөнүү токтогон. Расмий тил мамлекеттик тил менен тең укуктуу болуп, теңтайлашка түшкөнүнөн улам азыркыга чейин кыргыз тили өнүгө албай жатат. 1993-жылдагы Башмыйзамда мамлекеттик жана орус тилинин укуктары эң туура жазылган болуучу. Кыргыз тилин өнүктүрүү үчүн Президенттин администрациясынан, Өкмөттүн аппаратынан баштап, бардык министрликтерде, агенттиктерде, ведомстволордо, ар кайсы мекемелерде кыргыз тилин үйрөнүү боюнча курстарды ачуу керек. Өзүбүздүн тилибизди өзүбүз коргобосок, башкалар кемсинткенден башка эмне дешмек эле. Тилибизди сактаганыбыз – элибизди, мекенибизди сактаганыбыз.

- Жазуучулар Союзунун, дегеле жазуучулардын азыркы ал-акыбалы кандай?

-Жазуучулар көп аракет жумшап жатып, «Атабият күнүн» белгилөөгө Указ чыгартууга жетиштик эле. Эки жылдан бери эмнегедир белгиленбей келүүдө. Бул күнү Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүн, Алыкул Осмоновдун өлгөн күнүн айткандан ары өтө элекпиз. А чындыгында жалпы жазуучулардын чыгармаларын басып чыгарууну жолго коюу, алардын жашоо-турмушун жакшыртуу боюнча толгон-токой маселелер бар, алар чечилбей жатат. Өкмөтүбүз интеллигенциянын алдыңкы сабында жүргөн жазуучуларды коомдук жумуштарга тартса, иштетсе, өлкөбүз азыркыдай очорулуп, оордунан тура албаган абалга келбейт эле. Жазуучулар турушу менен эле патриоттор. Алар эл үчүн, өлкө үчүн шымаланып иштөөгө, мекенибизге таланттарын, акылдарын жумшап пайда келтирүүгө дайым даяр. Жазуучуларга кайдыгер кароонун зыяндан башка пайдасы жок.

- Өлкөбүздөгү азыркы ал-абалга кандай баа бересиз?

- Өлкөбүз опурталдуу мезгилди башынан өткөрүп жатат. Кыргызда байыртадан эле «Ар ким өзүн эр ойлойт» деген макал бар. Анын сыңарындай өткөндөгү президенттик шайлоодо 83 адам өздөрүнүн талапкерлигин көрсөтүштү. Өздөрүн шер ойлогондор ошолор. Элди эки-үчкө бөлүп, өз кызыкчылыктары үчүн башаламан митингдерди уюштуруп жүргөндөр да ошолор. Бирок элди дүрбөткөн провокациялардан эл чарчады. Жакын тууган-туушкандары эле колдобосо, алардын провокациялык иш-аракеттерин эл туюп, аларды ээрчибей калды.

- Жогорку Кеңешке партиялык система боюнча шайлоого көз карашыңыз кандай?

- Азыр ушул система иштеп жатканы менен ал өзүн толук актабай жатат. Шайлоочулар шайлануучу депутат менен бетме-бет келип сүйлөшпөй, тааныбай, анын адамдык, ишмердик сапаттарынан кабардар болбой эле калып жатпайбы? Алардын өз шайлоочулары үчүн табышмак бойдон калышы жакшы эмес. Мурда коммунисттик партия уруучулук, бөлүнүүчүлүк, жердешчилик менен күрөшүп келди эле. Эми Жогорку Кеңештеги партиялар мына ушундай жик-жикке бөлүнүүчүлүктүн кейпин кийип калышты.

- Жогорку Кеңешти «тезинен тарасын» дегендер да бар…

- Жанагы өзүн эр ойлогондордун айрымдары өздөрүнүн кызыкчылыктары үчүн ушинтип кыйкырып жатышат. Алардын арам ойлоруна алагды болуунун кереги жок. Жогорку Кеңештин кезектеги шайлоосуна чейин дагы эки жыл бар. Азыркы депутаттар эл сынынан өтө бергени оң. Келерки шайлоодо эл алардын мыктыларын тандап депутаттыкка кайра шайлап алуусу зарыл. «Көп суур ийин казбайт, ийин казса кенен казбайт» болуп, азыркы 120 депутат биздин республика үчүн көптүк кылат. Эки жылдан кийин эскилерин, жаңыларын кошкондо 50дөн ашпаган депутаттан Жогорку Кеңешти шайлаганыбыз дурус болот. Бардыгы тең элге , өлкөгө пайда келтире турган, сапаттуу мыйзамдарды жаза ала турган интеллектуал мыкты азаматтар болушу абзел. Муну менен бюджеттин акчасы да үнөмдөлмөк.

- Сиз Улуу Ата-Мекендик согушка катышкан майдангер адамсыз. Быйыл Жеңиш майрамын жакшы тосуп алдыңызбы?

- Жеңиш майрамы - элдин майрамы. Майдангерлер бул майрамды эл менен бирге тосушуубуз керек. Бирок жыл өткөн сайын жеңишкерлердин саны азайгандан азайып баратканы өкүнүчтүү. Жакында Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевге кат жаздым. Анда Улуу Ата-Мекендик согуштун катышуучуларын салыктын баардык түрүнөн бошотууну жана ар бирине «Жигули» автомашинесин белекке берүүнү айттым. Республикада бир миңден араң ашкан майдангерлер калыптыр. Аларды өкмөт азыр сыйлабаса, качан сыйламак эле. Мындай сыйга кандуу, каардуу согушту жеңиш менен аяктап келген мурдагы жоокер, акыркы карыяларыбыз толук акылуу. Айрымдар «Сооронбай Жусуев «Жигули» мингиси келип калган экен» деп ойлошу мүмкүн. Мен башка майдангерлер жөнүндө ойлоп жатам. Мага автоунаанын кереги жок. Өзүмдүн «Мерседес» машинем бар, ошол жетет.

- «Жаңы ыр жазганда өзүмдү жаш акындай сезем» дечү элеңиз. Азыр деле ошондойбу?

- Ооба, азыр деле жаңы ыр жазганда өзүмдү жаш акындай сезип турам. Жаңы ырымдын гезитке чыгышын күтүп, толкунданып тосуп алам. 18 жашымда канмайданда жазган ырымды Жоомарт Бөкөнбаев «Советтик Кыргызстан» журналына чыгарганына быйыл декабрда туура 70 жыл толот. Демек, мен 70 жылдан бери үзбөй ыр жазып келатам. Азыр чыгармачылыгымды жыйынтыктоого кам уруп жаткан кезим. Жазгандарымды иргесем, 11 том болду. Жакшы адамдардын жардамы аркылуу жарыкка чыгарууга даярдалган тандалмаларымды «Бийиктик» басмасына тапшыргам. Андан башка да композиторлор, обончулар музыка чыгарган 100дөн ашык обондуу ырларымды нотасы менен басмадан чыгаруу ниетиндемин.

- Маегиңиз үчүн чоң ырахмат агай!

Дайырбек МЕЙМАНОВ

1 из 3

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу